Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 19-январы № 13
Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246, 2011-жылдын 19-июлундагы № 400 , 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 134 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү өркүндөтүү жана көтөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 "Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө" токтому менен бекитилген Бирдиктүү тарифтик торчонун негизинде жүргүзүлүүчү саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнүн жаңы системасы жана базалык маяналар тиркемеге ылайык 2011-жылдын 1-майынан баштап белгиленсин.
Ушул токтом эмгек акысын төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө чечими менен жөнгө салынган Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын карамагында турган саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасына карата колдонулбайт.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246, 2011-жылдын 19-июлундагы № 400, 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 415 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Базалык маяналарга үстөк акылар жана кошумча акылар Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө боюнча зарыл болгон эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2011-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө берсин;
- эмгек акыны төлөөнүн жаңы системасын киргизүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин 2001-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өткөрүүнү камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен бирдикте саламаттык сактоо системасынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларды ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2011-жылга республикалык бюджети жана 2012-2013-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунда ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон каражаттарды карасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А.Атамбаев |