Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-майындагы № 321
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргшүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
А.М.Марипов, О.М.Артыкбаев, Б.Э.Шерниязов, С.Ш.Жеенбеков,
Б.М.Мурзубраимов жана М.Т.Мамасаидов демилге кылышкан "Кыргыз
Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун көњүлгө алуу
менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешине
"Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин депутаты А.Т.Абжалиев киргизген "Администрациялык
жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду
киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап көрүп,
Кыргыз Республикасы 2006-жылдын 2-мартында ратификациялаган тамекиге
каршы күрөш боюнча ВОЗдун Алкактык конвенциясын жетекчиликке алып,
ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттары
А.М.Марипов, О.М.Артыкбаев, Б.Э.Шерниязов, С.Ш.Жеенбеков,
Б.М.Мурзубраимов жана М.Т.Мамасаидов демилге кылышкан "Кыргыз
Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын альтернативалуу долбоорун
көњүлгө алуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-
статьясынын 5-пунктуна ылайык төмөнкү сын-пикирлерди эске алуу менен
аны кабыл алууга макулдук берет:
Мыйзам долбоорунун аталышында жана текст боюнча "Кодекс" деген
сөздөн мурда "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр менен толукталсын;
1-статьянын 1-пунктунда "биринчи бөлүгү" деген сөздөрдөн мурун
"аталышы жана" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз;
1-статьянын 2-пунктунун биринчи бөлүгүндө экинчи пунктчаны алып
салуу керек, анткени "бала бакчаларда" деген сөздөр билим берүү
уюмдарынын катарына кирет;
үчүнчү пунктчада "медициналык мекемелерде" деген сөздөрдү "Кыргыз
Республикасында саламаттык сактоо уюмдары жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык "саламаттык сактоо уюмдары" деген
сөздөр менен алмаштыруу керек;
төртүнчү пунктчада "билим берүү уюмдары" деген сөздөр "билим
берүучү уюмдар" деген сөздөр менен алмаштыруу керек.
2-пункт "салык салууга алып келет" деген сөздөрдөн мурда "жана
жогоруда аталган уюмдардын аймактарынын 500 метр радиуста ага жакын
жаткан" деген сөздөр менен толуктап, андан ары текст боюнча окуу
jepej.
2-пунктгун үчүнчү бөлүгүндө "беш" деген сөздү "кызмат адамдары"
деген сөздөрдөн кийин "он" деген сөзгө алмаштырып, ал эми "минималдуу"
деген сөздүн алдындагы "он" деген сөздү "жыйырма" деген сөз менен
алмаштырып, андан ары текст боюнча окуу керек.
3-пункттун сегизинчи бөлүгүндө да ушундай эле өзгөртүүлөрдү
жүргүзүү керек, анткени 2 жана 3-пункттарда кызмат адамдары үчүн
айыптардын сунушталган өлчөмдөрү коомдук жерлерде жүрүм-турум
эрежелерин бузуу жөнүндө сөз болгон 4-пункттагыдан жогору болууга
тийиш.
3-пункттун экинчи бөлүгүндөгү "жаштар клубдарында, дискотекаларда
жана башка маданий-массалык иш-чаралар" деген сөздөр алып салынсын.
Юридикалык жактар болуп эсептелишкен көп сандагы жеке ишкерлерди
эске алып, мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча "жаран" жана
"кызмат адамдары" деген сөздөрдү тиешелүү түрдө "жеке адамдар" жана
"юридикалык жактар" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуш кылабыз.
Ошондой эле мыйзам долбоорунун бүткүл тексти боюнча түрдүү
жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "эмгек акынын минималдуу
өлчөмү" деген сөздөрдү "Эсептик көрсөткүч жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү жөндөмөлөрдө жана сандарда
"эсептик көрсөткүч" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун акыркы вариантын иштеп чыгууда Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарынын тобу сунуш кылган
"Кыргыз Республикасынын жарандарын тамекинин зыяндуу таасиринен сактоо
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору менен шайкеш
келтирүүнү сунуш кылабыз.
Премьер-министр Ф.Кулов