Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жобо
II. Башкармалыктын милдеттери
III. Башкармалыктын функциялары
IV. Башкармалыктын укуктары жана жоопкерчилиги
V. Башкармалыктын жетекчилиги
VI. Башкармалыктын мүлкү жана каражатары
1. Кыргыз Республикасынын финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык) Кыргыз Республикасынын Баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондун (мындан ары Мамлекеттик фонд), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик баалуу металлдар запасын (мындан ары - Мамлекеттик запастар) түзүү жана Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларга контролдукту жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары берилген мамлекеттик бийликтин аткаруучу органы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Башкармалыктын структурасына Баалуулуктар сакталуучу жай (Мамлекеттик сактоочу) жана Пробирдик көзөмөл инспекциясы кирет.
3. Башкармалык өзүнүн иш аракетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзам чегинде, белгиленген тартипте күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, макулдашууларын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жетекчиликке алат.
4. Башкармалык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана кыргыз, орус тилдериндеги аталыштагы мөөрү бар юридикалык жак болуп саналат.
5. Бул Жободо төмөндөгү түшүнүктөр пайдаланылат:
баалуу металлдар - алтын, күмүш, платина жана платина тобундагы металлдар (палладий, родий, иридий, рутений жана осмий) ар кандай түрдөгү жана абалдагы: сырьедо, эритмелерде, чала фабрикаттарда, өнөр жайлык продукцияларда, химиялык бирикмелерде, буюмдарда, сыныктарда жана калдыктарда:
асыл таштар - алмаз, изумруд, рубин, сапфир сырье жана (же) иштетилген түрүндө;
баалуулуктар - баалуу металлдар жана (же) асыл таштар;
баалуу металлдарды аффинаждоо - алынган баалуу металдарды кошундулардан жана коштоочу компонеттерден тазалоо процесси, баалуу металдарды эл аралык стандарттарга же Кыргыз Республикасынын стандарттарына туура келген сапатка чейин жеткерүү;
Мамлекеттик баалуулуктарды сактоочу жай (Мамсактоо) - юридикалык жактарга таандык болгон, Мамлекеттик фонддун баалуулуктарын, ошондой эле келишимдик мамилелерде баалуу металлдарды, асыл таштарды сактоочу мамлекеттик ишкана;
Пробирдик көзөмөл инспекциясы - Кыргыз Республикасынын аймагында пробирдик көзөмөлдү ишке ашыруучу мамлекеттик орган.
6. Башкармалыктын негизги милдеттери:
- бюджеттик каражаттардын эсебинен, конфицкацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдардан, асыл таштардан Мамлекеттик запастарды, мамфондду түзүү, эсепке алууну жана сактоону камсыз кылуу, ошондой эле аларды сатууну жана пайдаланууну жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларга мамлекеттик контролдукту жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу.
7. Башкармалык өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөндөгү функцияларды аткарат:
- белгиленген тартипте Мамфонддун, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик запастарынын баалулуктарын сатып алууну, кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону жүргүзөт;
- белгиленген тартипте конфицкацияланган жана башка негиздер боюнча мамлекеттик менчикке өткөн баалуу металлдарды, асыл таштарды, андан жасалган буюмдарды жана кенчтерди кабыл алууну, эсепке алууну, сактоону, баалоону, сатууну ишке ашырат;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды жана андан жасалган буюмдарды келишимдик негизде юридикалык жактардан сактоого кабыл алат;
- бухгалтердик эсепти жүргүзөт жана Мамфонддун, Мамлекеттик запастардын баалуулуктарына жыл сайын инвентаризация жүргүзөт;
- баалуу металлдардын баасы жөнүндө маалымкат берет, баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды баалоону жүргүзөт;
- белгиленген тартипте баалуу металлдарды жана асыл таштарды импорттоо, экспорттоо боюнча лицензияларды алууга эксперттик бүтүмдөрдү даярдайт;
- баалуу металлдарга, асыл таштарга жана алардын кошундусу бар буюмдарга иштелип чыккан техникалык шарттарга, мамлекеттик стандарттарга экспертиза жүргүзөт;
- өндүрүш, аффинаж, сатуу жөнүндө, прибордогу камтылгандар жөнүндө, жабдуулар жана реактивдер, калдыктар, келүүлөр жана чыгымдоолор жөнүндө, ошондой эле сыныктар жана калдыктар түрүндө кайра иштетүүгө берүү жөнүндө - белгиленген формада баалуу металлдар боюнча отчетторду кабыл алат жана талдоо жүргүзөт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүнүн тартиптери боюнча кеңеш берет;
- ички жана тышкы рынокто аффинаждалган баалуу металлдарды, асыл таштарды, кендерди, концентранттарды жана экинчилик сырьену сатууда контролдукту жүргүзөт;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операцияларды жүргүзүүчү жеке жана юридикалык жактарды каттоону жүргүзөт;
- уюмдарда жана мекемелерде, атайын ишканаларда баалуу металлдарды жана баалуу таштарды өндүрүү, кайра иштетүү, пайдалануу, эсепке алуу жана сактоону, такай контролдоону жана баалуу металлдарды чыгаруучу кайра иштетүүчү жана пайдалануучу ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда көрсөтүлгөн операциялар боюнча мезгил-мезгили менен контролдукту ишке ашырат;
- соода уюмдарынын, мекемелердин жана жеке ишкерлердин баалуу металлдардан, асыл таштардан жасалган зергердик (тиричилик) буюмдарды сатууларына системалуу пробирдик контролдукту жүргүзөт;
- сатып алуучу пункттардын, стоматологиялык мекемелердин иштерине контролдукту ишке ашырат;
- ички өндүрүштө жасалган, ошондой эле сатуу үчүн сырттан алып келинген баалуу металлдардын эритиндилеринен жасалган зергердик жана башка (тиричилик) буюмдарына мамлекеттик эн белги салууну жана сынамык алууну жүргүзөт;
- буюмдарда, куймаларда, чалафабрикаттарда, тыйындарда ж.б. баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо үчүн контролдук талдоо жана экспертиза жүргүзөт;
- пробирдик реактивдерди даярдайт жана сатат;
- зергердик буюмдарды жасоочулардын аттарына, мамлекеттик пробирдик эн тамга оттискаларына экспертиза жүргүзөт;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан зергердик жана башка буюмдарды зергердик сынамыктан өткөрүү, талдоо жана эн тамга салуу үчүн белгиленген тарифке ылайык пробирдик төлөмдөрдү кабыл алат;
- баалуу металлдар, асыл таштар менен операциялар чөйрөсүндө мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана белгиленген тартипте кароого киргизет;
- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин ага тиешелүү бөлүгүндө баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү жактар тарабынан сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка функцияларды аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Башкармалыкка төмөнкүдөй укук берилет:
- Мамфонддун жана Мамлекеттик запастардын баалуулуктарын толуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган, аффинаждалган баалуу металлдарды артыкчылыктуу сатып алууга;
- Мамфонддун эсебине киргизүү үчүн юридикалык жана жеке жактардан баалуу металлдарды жана асыл таштарды, ошондой эле алардан жасалган буюмдарды, анын ичинде музейлик жана антиквариаттык баалуулуктагы буюмдарды сатып алууга;
- ички рыноктун муктаждыгын камсыздоо үчүн баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алардан жасалган буюмдарды сатууга;
- Мамсактоонун түрдүү баалуулуктарын жана аткаруучулардын баалуулуктарын пайдалануу менен Мамфонддун баалуулуктарын калыбына келтирүүгө жана кайра жаратууга, зергердик жана башка буюмдарды даярдоого келишимдерди түзүүгө;
- аффинаждоочу башка ишканалар менен келишимдик негизде Мамлекеттик сактоого сырье түрүндө келип түшкөн кондициялык эмес баалуу металлдарды, алардан жасалган буюмдарды жана сыныктарды кайра иштетүүгө жана асыл таштарды кырдоого;
- Мамфонддун баалуулуктарынын көргөзмөсүн республикада жана чет мамлекеттерде өткөрүүгө жана уюштурууга, тиешелүү тематика боюнча жарнамалык жана басма материалдарын даярдого;
- баалуу металлдар жана асыл таштар менен операциялар боюнча эсеп жүргүзүү тартибин, ошондой эле отчет берүү тартибин белгилөөгө;
- баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган зергердик, тиричилик буюмдарында эн тамгалардын оттискаларынын жасалмалуулугу билинсе аларды жараксыз абалга келтирүүгө;
- пробирдик көзөмөлдун иш-аракетин камсыздоо үчүн пробирдик төлөмдөрдүн каражатынын бир бөлүгүн пайдаланууга;
- баалуу металлдарга, асыл таштарга жана аларды колдонуу менен жасалган буюмдарга улуттук стандарттарды жана техникалык шарттарды иштеп чыгууга катышууга;
- республикада баалуу металлдар рыногун түзүү жана зергердик өндүрүштү, алтын өндүрүүчү тармакты өнүктүрүүнүн программаларын жана болжолдорун иштеп чыгууга катышууга;
- бекитилген сметанын чегинде негизги фондго тийиштүү жабдууларды жана башка материалдык баалуулуктарды берүүгө чарбалык келишимдерди түзүүгө;
- КМШга катышкан өлкөлөргө жана чет өлкөлөргө адистерди стажировкага жана кызматтык иш сапарларга жөнөтүүгө.
9. Башкармалык жүктөлгөн фукцияларды натыйжалуу аткарууга жана коюлган милдеттерди өз убагында жана сапаттуу чечүүгө белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
Башкармалыктын кызматкерлери белгиленген милдеттерди жана функцияларды аткарбаса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык материалдык жана тартиптик жоопкерчилик тартат.
10. Башкармалыкты Кыргыз Республикасынын финансы министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматка дайындоочу жана кызматтан бошотуучу начальник жетектейт.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Башкармалыктын начальнигинин орун басары болот, ал Башкармалыктын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 490 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Башкармалыктын начальниги:
- Баалуу металлдар башкармалыгынын иштерин уюштурат;
- Башкармалыкка жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууга жеке жооп берет;
- начальниктин орун басарынын, Башкармалыктын структуралык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилик деңгээлин алардын функционалдык милдеттерине ылайык аныктайт;
- Башкармалыктын ишинин ар жылдык планын бекитет;
- чыгымдар сметасынын чегинде штаттык тизмени бекитет;
- Башкармалыктын кызматкерлеринин кызматка дайындайт жана бошотот;
- жогору турган органдарга андан ары макулдашуу менен өз компетенциясынын чегинде иш үчүн буйруктарды, нускамаларды чыгарат;
- баалуу металлдарды, асыл таштарды жана алар кошулган буюмдарды алууда, чыгымдоодо, эсебин алууда, сактоодо, ошондой эле сыныктарды жана калдыктарды топтоодо жана атайын ишканаларга өткөрүүдө белгиленген эрежелер бузулганы аныкталган учурда ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызмат адамдарына айыптык сакцияларды колдонот;
- ыйгарым укуктарына ылайык алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө Кыргыз Республикасынын атынан чыгат.
13. Баалуу металлдар башкармалыгынын аппаратын кармоого финансылык чыгымдар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жана пробирдик төлөм каражаттарынын бир бөлүгүнөн ишке ашырылат.
14. Баалуу металлдар башкармалыгынын өздүк каражаттары өзүнө имаратты, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды, транспорт жана акча каражаттарын камтыган негизги фонддон турат.