Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 5-августу № 490
"Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
"Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-мартындагы № 88 Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 17-майындагы № 359 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- аталышындагы жана 1 жана 2-пункттарындагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар башкармалыгы жөнүндө жободо:
аталышындагы жана 1, 10, 11-пункттарындагы "экономика жана" деген сөздөр алып салынсын;
7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы жыйырма экинчи абзац менен толукталсын:
"- "Терроризмди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин ага тиешелүү бөлүгүндө баалуу металлдар, асыл таштар жана алардан жасалган буюмдар менен операцияларды жүргүзүүчү жактар тарабынан сакталышын көзөмөлдөөнү ишке ашырат;".
2. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | И.Чудинов |