Редакцияот 31/05/2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 31-майы № 390                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ          Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар            саясаты министрлигинин жогорку окуу жайларынын        окуу-илимий-өндүрүштүк комплекстеринин курамына кирүүчү       кесиптик орто окуу жайларын Кыргыз Республикасынын Билим       берүү, илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагына                         өткөрүп берүү жөнүндө      Билим берүү системасын реформалоону андан ары терењдетүү жана ортозвенонун адистерин даярдоонун  сапатын  жогорулатуу  максатында  КыргызРеспубликасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү,  илим жана  жаштар  саясатыминистрлигинин жогорку окуу жайларынын окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс-теринин курамына кирүүчү кесиптик орто окуу жайлары Кыргыз  Республика-сынын  Билим берүү,  илим жана жаштар саясаты министрлигинин карамагынаөткөрүп берилсин.     2. "И.Раззаков  атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университе-тин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин  атка-руучунун  2005-жылдын 3-майындагы Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн  2005-жылдын  29-июлундагы  №  326  токтомунатөмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:     - 1-пункттун экинчи  абзацындагы  ",  техникалык  техникум"  дегенсөздөр алып салынсын.     3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:     - "Бишкек техникалык техникумун Кыргыз тоо-кен металлургиялык инс-титутунун  курамына  өткөрүп  берүү  жөнүндө"  Кыргыз   РеспубликасынынӨкмөтүнүн 1996-жылдын 18-декабрындагы № 603 токтому;     - "К.Тыныстанов   атындагы   Ысыккөл   мамлекеттик   университети"окуу-илимий-өндүрүштүк комплексин түзүү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2003-жылдын 6-ноябрындагы № 704 токтому;     - "Ош  курулуш  жана Ош соода колледждерин жана У.Салиева атындагымектеп-лицейди Ош технологиялык университетинин  окуу-илимий-өндүрүштүккомплексине   бириктирүү   жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн2004-жылдын 19-мартындагы № 185 токтому.     4. Кыргыз  Республикасынын  Билим берүү,  илим жана жаштар саясатыминистрлиги:     - эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу маселе-лерин чечсин;     - кесиптик  орто  окуу  жайларын каржылоону республикалык бюджеттекаралган каражаттардын чектеринде ишке ашырсын,     - "Талас мамлекеттик университетин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Президентинин 2000-жылдын 25-июлундагы Жарлыгына өзгөртүү  кир-гизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоо-рун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий  өнүктүрүү  баш-кармалыгына жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов