Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку
окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн
мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн
2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2009-жылдын 3-июнундагы № 336, 2012-жылдын 31-январындагы № 69, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2015-жылдын 7-декабры № 841
2018-жылдын 28-мартындагы № 157 , 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 , 2019-жылдын 20-июнундагы № 300 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана республика үчүн артыкчылыктуу багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоо жагында мамлекеттик заказды аткаруунун механизмин, ошондой эле абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн жана аларга мамлекеттик билим берүү гранттарын берүүнүн натыйжасы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайларга (мындан ары - ЖОЖ) конкурстук негизде киргизүүнүн тартибин белгилейт.
I. Мамлекеттик билим берүү гранты
1. Мамлекеттик билим берүү гранты (мындан ары - грант) - республика үчүн артыкчылыктуу багыттар жана адистиктер боюнча адистерди даярдоого мамлекеттик заказга киргизилген мамлекеттик ЖОЖдо окутууга мамлекет тарабынан конкреттүү адамга (мындан ары - грант ээси) бөлүнүүчү акысыз финансылык каражаттар.
2. Гранттардын саны жана өлчөмү министрликтерге, адистиктерге карата Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги (мындан ары - Министрлик) сунушу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Гранттар (маданият, искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине бөлүнгөн гранттардан сырткары) көзкарандысыз тестирлөө кызматы (мындан ары - КТК) жүргүзгөн абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөөнүн (мындан ары - тестирлөө) натыйжалары боюнча конкурстук негизде жалпы орто же кесиптик орто билими бар Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле, эгерде Кыргыз Республикасы менен тиешелүү мамлекеттин ортосунда тиешелүү эларалык келишимдер бар болсо, чет өлкөлүк жарандарга берилет.
4. Гранттарды ЖОЖдор окуу процесси, уюштуруу жана тарбиялоо иш чаралары менен байланышкан чыгымдарга, ошондой эле гранттын ээсинин жетишүүсүнө жараша ага стипендия төлөөгө пайдаланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
5. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
II. Гранттык комиссиялар
6. Тестирлөөдөн өткөн абитуриенттерди республиканын ЖОЖдоруна объективдүү жана ачык-айкын конкурстук негизде тандоону жана киргизүүнү камсыз кылуу максатында ЖОЖдордо көзкарандысыз гранттык комиссиялар (мындан ары - комиссия) түзүлөт. Анын курамына төмөнкүлөр кирет:
- ЖОЖдун ректору (комиссиянын төрагасы);
- билим берүү башкармасынын борбордук же региондук органынын өкүлү;
- тестирлөөнүн натыйжасында конкурстук кабыл алуу жүргүзүлүүчү адистик же багыт боюнча ЖОЖдун ар бир факультетинин жетекчилигинин бирден өкүлү.
7. Жогорку окуу жайынын администрациясы комиссияны имарат жай, ар бир факультет боюнча өзүнчө сертификаттардын айрылуучу талондорун чогултуу үчүн чапталган ящик (урна) жана конкурстун жүрүшү жана жогорку окуу жайына абитуриенттерди киргизүү жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу үчүн стенддер менен камсыз кылат, ошондой эле комиссия өз милдеттерин ийгиликтүү аткарышы үчүн башка уюштуруу жагынан кызмат көрсөтөт.
8. Комиссиянын милдеттерине төмөнкүлөр кирет:
- комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен сертификаттардын айрылуучу талондорун чогултуу үчүн ящиктерди (урналарды) мөөр басып чаптоо жана орнотуу, ошондой эле белгиленген убакыт ичинде абитуриенттердин сертификаттардан айрылган талондорду салуу процессининин өзүнө түздөн-түз байкоо жүргүзүү;
- ящиктерди (урналарды) ачуу жана комиссиянынын бардык мүчөлөрүнүн катышуусу менен сертификаттардын айрылуучу талондорунун санын ар бир ящик (урна) боюнча өзүнчө эсептөө;
- ар бир ящиктен (урнадан) өзүнчө алынган сертификаттардын айрылуучу талондорунун саны жөнүндө комиссиянын бардык мүчөлөрү кол кое турган протокол түзүү;
- конкурска катышкан абитуриенттердин рейтингдик тизмесин түзүү, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет;
- абитуриенттердин ар бир категориясы боюнча ЖОЖго кабыл алууга сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин түзүү;
- жогорку окуу жайына кирүүнү каалаган жана жогорку окуу жайына кирүүгө сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин белгилеген форма боюнча тестирлөөнүн натыйжасын ырастоо үчүн КТКга өткөрүп берүү;
- конкурстун жүрүшү жана анын натыйжалары жөнүндө стенддеги жана ЖОЖдун сайтындагы маалыматтарды күн сайын жана оперативдүү жаңылап туруу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссия өз милдеттерин маалымдуу жана ачык аткарат. Комиссиянын жыйындарына эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан байкоочулар катышууга укуктуу.
9-1. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
9-3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
III. Абитуриенттерди жогорку окуу жайларына киргизүүнүн тартиби
10. Гранттарды конкурстук бөлүштүрүү учурдагы жылы тестирлөөнүн натыйжаларынын негизинде ишке ашырылат (маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине бөлүнгөн гранттардан сырткары).
Мөөнөттүү аскер кызматын өтөгөнгө чейин абитуриент тапшырган жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары 3 жыл ичинде жарактуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Конкурстан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:
- ушул жылы тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку балл топтогон абитуриенттер, тандаган мамлекеттик жогорку окуу жайына, ошол жождо ишке ашырылуучу каалаган адистик жана даярдоо багыттарына. Абитуриенттердин бул категориясын эсепке киргизүү үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш. Бул категориядагы абитуриенттерди эсепке киргизүү министрлик тарабынан эсепке киргизүүнүн биринчи туру башталганга чейин жүргүзүлөт.
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болуп эсептелген абитуриенттер, олимпиаданын предмети менен туура келген табигый илимдер, гуманитардык жана социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга абитуриенттердин тандоосу боюнча, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 2-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген адистиктерге жана багыттарга;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 3-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген педагогикалык адистиктерге;
- ушул жылдын "XXI кылымдын интеллектуалдары" республикалык конкурсунун 1-орунду ээлеген жеңүүчүлөрү, 2 жана 3-орунду ээлеген байге ээлери болгон абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөгө катышып жана босоголук баллга барабар же андан жогору балл алышкан шартта, абитуренттин тандоосу боюнча конкурстун номинациясы туура келген техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга.
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 336, 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 , 2019-жылдын 20-июнундагы № 300 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Гранттарды сынактык бөлүштүрүү жана абитуриенттерди тестирлөө жыйынтыктары боюнча жождорго эсепке киргизүү өзүнчө, абитуриенттердин айрым категорияларынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн. Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча гранттарды бөлүштүрүү тартиби тууралуу нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып-балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунда 2002-жылдын 17-18-мартындагы болгон окуяларында, 2010-жылдын апрель, май жана июнь окуяларында курман болгон адамдардын балдары, кайрылман макамы бар адамдар жождорго сынактын негизинде, адамдардын бул категориясы үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет. Айылдык жаштар болгон адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окутууга Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча гранттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталуучу гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429, 2014-жылдын 16-июнундагы № 328, 2015-жылдын 7-декабры № 841
токтомдорунун редакциясына ылайык)
13. Тизмелери Министрлик тарабынан бекитилүүчү кошумча сыноолорду же кошумча предметтик тесттерди талап кылган багыттарга жана адистиктерге конкурстук кабыл алууга ушул сыноолордон ийгиликтүү өткөн абитуриенттер киргизилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Маданият жана искусство, дене тарбия жана спорт адистиктерине гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана абитуриенттерди кабыл алуу жогорку окуу жайлар тарабынан жүргүзүлгөн атайын сыноолордун негизинде ишке ашырылат. Тестирлөөнүн натыйжасы зарыл болбогон жогорку окуу жайлардын жана адистиктердин тизмеси Министрлик тарабынан аныкталат.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Грант алууга конкурска катышуу үчүн кошумча сыноолордун же кошумча предметтик тесттердин өтүү зарылчылыгы жана алар менен байланышкан кандайдыр бир кошумча шарттарды аткаруу жөнүндө маалыматтар жалпы республикалык тестирлөө башталганга чейин абитуриентке жана анын ата-энесине билдирилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Тестирлөөнүн натыйжасында гранттарды конкурстук бөлүштүрүү жана абитуриенттерди тандоо жол-жобосу комиссия тарабынан эки турда өтөт. Экинчи тур өткөндөн кийин керектелбеген гранттар калып калган учурда жогорку окуу жайынын суроо талабы боюнча жана Министрликтин уруксаты менен тандоонун үчүнчү турун өткөрүүгө жол берилет. Конкурстун тандоо жана кабыл алуунун эрежелери жана жол-жоболору бардык үч турда бирдей.
17. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча тандоо турларын өткөрүү жана абитуриенттерди кабыл алуу мөөнөтү, тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өзүнчө жобо менен белгиленет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Жогорку окуу жайлар Министрликке кабыл алынган абитуриенттердин саны жөнүндө отчетту, абитуриенттерди конкурстук кабыл алуу жол-жобосу аяктагандан кийин 3 күндүн ичинде берет.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июнундагы № 328 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Гранттар боюнча окууга конкурстан өтпөй калган абитуриенттер тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча конкурстарга катышып, кесиптик жогорку жана орто окуу жайларга окутуу наркын төлөп, келишимдин негизинде окуу үчүн, ошондой эле кесиптик орто окуу жайларга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен кабыл алынууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Кабыл алуу жол-жобосу бузулган учурда абитуриенттер же байкоочулар үч күндүн ичинде Министрликке аппеляция жасоого укуктуу.
IV. Байкоочулар
21. Тестирлөөнүн натыйжалары боюнча абитуриенттерди ЖОЖдорго конкурстук негизде маалымдуу, ачык жана объективдүү тандоону жана кабыл алууну камсыз кылуу максатында Министрлик абитуриенттерди ЖОЖдорго тандоонун жүргүзүлүшүнө эларалык жана өкмөттүк эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен байкоочуларды түзөт жана тизмесин бекитет. Ар бир ЖОЖдо байкоочулардын саны 10 адамдан ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Байкоочуларга сертификаттардын айрып алынуучу талондорун чогултуу үчүн ящиктер (кутулар) орнотулган жайларга, комиссиялардын жыйындарына эркин кирүү мүмкүнчүлүгү жана сертификаттардын айрым алуучу талондорун чогултуудан тартып ЖОЖго киргизүүгө сунуш кылынган абитуриенттердин тизмесин түзүүгө чейинки бардык жол-жоболорго байкоо жүргүзүү укугу берилет.
23. Байкоочулар комиссиянын ишине түздөн-түз катышууга, комиссиянын ишине тоскоолдук кылган иш-аракеттерди жасоого, комиссиянын чечимдерди кабыл алуу процессине катышууга же кийлигишүүгө укуксуз.
V. Грант ээлеринин укуктары жана милдеттери
24. Грант ээси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ЖОЖдордун уставдарына ылайык бардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
25. Жүйөлүү себептен улам (ден соолук абалы, үйбүлөлүк кырдаал, республиканын чегилген сыртка убактылуу кетүү) окууну токтоткон грант ээси ушул ЖОЖдо окууга укугу кайра калыбына келтирилгенде грантка укугу сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Грант ээси теориялык билимдерди, кесиптик жөндөм жана көндүмдөрдү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде билүүгө, окуу планында жана окутуу программаларында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн белгиленген мөөнөттө аткарууга, окуу жайынын уставын жана ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү.
27. Грант ээлерин бир окуу жайдан башка окуу жайга же окуу жайдын ичиндеги башка адистикке которууга жол берилбейт. Грант ээсин гранты менен бир ЖОЖдон башка ЖОЖго ошол эле адистикке же тектеш адистикке которууга өзгөчө учурларда гана жүйөлүү себептерден (ден соолугуна байланыштуу, жашаган жерин алмаштыруу) улам жана ырастоочу документтери болгондо ЖОЖ тарабынан уруксат берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
27-1. Грант ээси адисти даярдоо үчүн мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндөгү чыгымдарды билим берүү уюмуна төмөнкү учурларда кайтарып берүүгө милдеттүү:
- педагогикалык, фармацевтикалык же медициналык адистиктер боюнча окууну аяктагандан кийин жолдомо аркылуу иштөөдөн баш тартканда;
- себепсиз же өз каалоосу менен ЖОЖдон чыгарылганда;
- келишим боюнча окуунун наркын төлөө менен окууга өткөндө же окшош эмес адистиктерге которулууга байланыштуу ЖОЖдон чыгарылганда.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
27-2. Мамлекеттик билим берүү грантынын өлчөмүндө окутуу наркын кайтарып берүүдөн келишим боюнча окутуу акысын төлөө менен кайрадан окууга кабыл алынган жана окуусун аяктагандан кийин бүтүрүүчүлөрдү жекече бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жолдомосу менен иштеп берүү милдеттенмесин аткарууга макул болгон жактар (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин окуу жайларында окуган адамдарды кошпогондо) бошотулат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
VI. Грант ээсине карата ЖОЖдун укуктары жана милдеттери
28. ЖОЖ грант ээлерине жана келишимдин негизинде окутуу акысын төлөө менен билим алып жаткан студенттерге окутуунун бирдей шартын түзүүгө милдеттүү.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомунун редакциясына ылайык)
29. ЖОЖ грант ээсин студенттердин катарынан төмөнкүдөй учурларда чыгарып салууга укуктуу:
- теориялык материалдарды, кесиптик жөндөмдү жана көндүмдү мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарынын деңгээлинде өздөштүрбөгөндө;
- окуу планында жана окутуу программасында көрсөтүлгөн мөөнөттө окуу тапшырмаларынын бардык түрлөрүн аткарбаганда;
- ЖОЖдун уставын жана ички тартибинин эрежелерин сактабаганда.
30. Грант ээси окуудан чыгарылган учурда ЖОЖ бул жөнүндө Министрликке расмий маалымдоого милдеттүү.
31. ЖОЖ квартал сайын грант ээлеринин саны тууралуу маалыматтарды жана алар боюнча финансылык отчетторду берип турууга милдеттүү.