Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 19-июну № 429
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө жободо:
- 2-пунктта "окуу жайларга," деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- үстүбүздөгү жылы тестирлөө жыйынтыктары боюнча эң көп балл топтогон абитуриенттер, жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде тандалган мамлекеттик жождорго каалаган адистикке. Абитуриенттердин бул категориясын эсепке киргизүү үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш. Бул категориядагы абитуриенттерди эсепке киргизүү министрлик тарабынан эсепке киргизүүнүн биринчи туру башталганга чейин жүргүзүлөт.";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Гранттарды сынактык бөлүштүрүү жана абитуриенттерди тестирлөө жыйынтыктары боюнча жождорго эсепке киргизүү өзүнчө, абитуриенттердин айрым категорияларынын алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн. Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча гранттарды бөлүштүрүү тартиби тууралуу нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып-балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар жождорго сынактын негизинде, адамдардын бул категориясы үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет. Айылдык жаштар болгон адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окутууга Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча гранттарды бөлүштүрүү тартиби жөнүндө нускамага ылайык аныкталуучу гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет.".
- 13 жана 15-пункттар "кошумча сыноолорду" деген сөздөрдөн кийин тийиштүү жөндөмөдөгү "же кошумча предметтик тесттерди" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү "жыл сайын" деген сөз алып салынсын;
- 17-пункттагы "министрлик" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алууну жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу жөнүндө жободо:
- 3.5-пункту төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналбаган кыргыз улутундагы адамдар жождорго сынактын негизинде, адамдардын бул категориясы үчүн жыл сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет. Жождун гранттык комиссиясы сынактык негизде абитуриенттердин жеке арыздарынын негизинде даярдоо багыттары жана адистиктер боюнча квотаны бөлүштүрөт. Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар үчүн арналган квоталар толук эмес талап кылынган учурда алар жалпы шарттарда башка абитуриенттердин арасында тандоонун жана эсепке киргизүүнүн үчүнчү турунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн. Айылдык жаштардын санындагы адамдар (айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү) гранттык окутууга тиркелген Нускамага ылайык аныкталуучу гранттык орундардын квотасынын чегинде эсепке киргизилет.";
- Абитуриенттердин категориялары жана алар боюнча мамлекеттик билим берүүчү гранттарды пайыздык бөлүштүрүү жөнүндө нускамада:
1-пункттун жетинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- жеңилдик берилген абитуриенттер (I, II топтордогу майыптар, жеңилдиктери жана кепилдиктери боюнча согуштун катышуучуларына жана согуштун майыптарына теңелген адамдар, бала кезинен майыптар, майып балдар, жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар, запаска бошотулган аскер кызматчылары, "Кыргыз Республикасынын спорт чебери", "Кыргыз Республикасынын эл аралык класстагы спорт чебери" спорттук наамдары бар адамдар)";
2-пункту "максаттык орундарга сынакка катышкан" деген сөздөрдөн кийин "ошондой эле жеңилдик берилген абитуриенттердин" деген сөздөр менен толукталсын;
Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына кабыл алуу тартибинде:
- 2.1-пункт күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 2.2-пунктта "окутуунун сырттан, кечки жана дистанттык формасына" деген сөздөр "окутуу акысын төлөө келишими боюнча окутуунун бардык түрлөрүнө" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2.8-пункттагы "гранттык жана кабыл алуу комиссияларынын" деген сөздөр "кабыл алуу комиссиясынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.1-пунктта "күндүзгү окутуу орундарына" деген сөздөр "окутуунун бардык формаларына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.2-пунктта "орунуна" деген сөз "окутуунун күндүзгү формасына" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 5.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Сынак өткөрүү жана окутуунун кечки жана дистанттык түрүнө эсепке киргизүү мөөнөттөрү жож тарабынан өз алдынча белгиленет. Кошумча предметтик тесттерди талап кылган (медициналык адистиктерден тышкары) адистиктерге жана багыттарга окутуу акысын төлөө менен келишим боюнча орундарга сынакка бул тесттерди тапшырбаган, бирок негизги тест боюнча чектиктен жогору баллы бар абитуриенттерге уруксат берилет. Бул адистиктерге эсепке киргизүүдө предметтик тесттердин жыйынтыктары бар абитуриенттер артыкчылыктуу укуктан пайдаланышат, калган орундарга негизги тесттин жыйынтыктары боюнча абитуриенттер сунушталат";
- 5.3-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 5.7-пункттагы "окутуунун сырттан, кечки жана дистанттык окуу формаларында" деген сөздөр "чет өлкөлүк жарандар болгон абитуриенттер үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8.2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Кабыл алуу комиссиясына керектүү документтерди тапшыруу жолу менен жождо окууга өз каалоосун ырастаган абитуриенттердин ЖРТ жыйынтыктары эсепке киргизүүгө чейин Көз карандысыз тест кызматы тарабынан ырасталууга тийиш.";
8.4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Чет өлкөлүк жарандардын ичинен абитуриенттерди эсепке киргизүү мөөнөтү 15-октябрга чейин узартылышы мүмкүн.".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө.Бабанов
|