Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 12-июнундагы № 421
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана
толуктоолорду киргизүү жөнүндө(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-августундагы №154,2012-жылдын 19-июну4ндагы №431,
2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193,2016-жылдын 12-декабрындагы № 654,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678,2024-жылдын 23-июлундагы № 411
токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз
Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1.(2010-жылдын 9-августундагы №154 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту). 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы №12
«Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, финансы полициясы
органдарынын, атайын байланыш кызматынын, жазык-аткаруу системасынын
органдарынын, наркотиктерге контролдук кылуу боюнча органдарынын
катарындагы жана жетекчилик курамдагы адамдарына жана алардын үй-
бүлөлөрүнө иштеген жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана жөлөкпүлдарды
дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү жобону» бекитүү туралуу
токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер
органдарынын, финансы полициясы органдарынын, атайын байланыш
кызматынын, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, наркотиктерге
контролдук кылуу боюнча органдарынын катарындагы жана жетекчилик
курамдагы адамдарына жана алардын үй-бүлөлөрүнө иштеген жылдарын
эсептөөнүн, пенсия жана жөлөкпүлдарды дайындоонун жана төлөөнүн
тартиби жөнүндөгү Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор
киргизилсин:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү «эњ төмөнкү айлык
акы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө «эсептешүү көрсөткүчү» деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 13-пункттун «б)» пунктчасынын биринчи абзацындагы «же жаш курагы
боюнча пенсиянын эњ төмөнкү өлчөмү» деген сөздөр алып салынсын,
анткени, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик пенсиялык социалдык
камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамында жаш курагы боюнча пенсия дайындоодо
мындай түшүнүк каралган эмес;
-14-пункттун биринчи абзацындагы «, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан
жаш курагы боюнча пенсиянын эњ төмөнкү өлчөмүнөн аныкталуучу» деген
сөздөр алып салынсын;
- 16-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Аскер
кызматкерлеринин, ички иштер органдарынын, финансы полициясы, жазык-
аткаруу системасы, наркотиктерге контролдук кылуу боюнча органдарынын,
атайын байланыш кызматынын катарындагы жана жетекчилик курамдагы
иштебеген пенсионерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй
жөлөкпулдар төлөнсүн:
- бала төрөлгөндө- эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө;
- алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга-
эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө.»;
- 16-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен
толукталсьш:
«Жөлөкпулдарды дайындоо жана төлөп берүү үчүн негиз болуп
төмөнкүлөр эсептелет:
- бала төрөлгөндө - баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (же ЖААК
органынан берилген баланьш төрөлгөн фактысын тастыктоочу маалымкат);
- үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга - ЖААК органынан
берилген (№8 формадагы) каза болгондугу тууралуу маалымкат.
Эгерде бала төрөлгөн күндөн тартып жана үй-бүлө мүчөсү каза болгон
күндөн баштап 6 айдан ашпаган убакытта кайрылса жөлөкпулдар дайындалат
жана төлөнөт.
Жөлөкпулдарды төлөөдө доонун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.»;
-17-пунктгун экинчи абзацындагы «жашы: эркектер - 60 жаш, аялдар -
55 жаш» деген сөздөр «жалпы белгиленген пенсиялык жаш курагына» деген
сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункттун биринчи абзацындагы «ал эми бөлөк жөлөкпулдар» деген
сөздөр «ал эми Ушул Жобонун 16-пунктунда каралган жөлөкпулдар» деген
сөздөр менен алмаштырылсын.
3.(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 193
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 1-июнундагы № 313
«Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат
өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана
төлөөнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу» токтому менен
бекитилген Бажы органдарынын кызматкерлерине жана алардын үй-
бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие
чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндөгү жобого төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Жобонун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «эњ төмөнкү
айлык акы» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «эсептешүү көрсөткүчү»
деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- 12-пункттун «б)» пунктчасьшын биринчи абзацындагы «же жаш курагы
боюнча пенсиянын эњ төмөнкү өлчөмү» деген сөздөр алып салынсын;
- 13-пунктта «, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жаш курагы боюнча
пенсиянын эњ төмөнкү өлчөмүнөн аныкталуучу» деген сөздөр алып
салынсын;
- 15-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Бажы
органдарынын кызматкерлеринен чыккан иштебеген пенсионерлерге
төмөнкүдөй жөлөкпулдар төлөнөт:
- бала төрөлгөндө- эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө;
- алардын багуусундагы үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга
жөлөкпул- эсептешүү көрсөткүчүнүн 7 эсе өлчөмүндө.»;
- 15-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи-төртүнчү абзацтар менен
толукталсын:
«Жөлөкпүлдарды дайындоо жана төлөп берүү үчүн негиз болуп
гөмөнкүлөр эсептелет.
- бала төрөлгөндө - баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүгү (же
ЖААК органынан берилген баланын төрөлгөн фактысын тастыктоочу
маалымкат);
- үй-бүлө мүчөсү каза болгондо сөөк коюуга - ЖААК органынан
берилген (№8 формадагы) каза болгондугу тууралуу маалымкат.
Эгерде бала төрөлгөн күндөн баштап же үй-бүлө мүчөсү каза болгон
күндөн баштап 6 айдан ашпаган убакытта кайрылса жөлөкпулдар дайындалат
жана төлөнөт.
Жөлөкпулдарды төлөөдө доонун эскиргендиги Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.»;
- 18-пунктундагы «ал эми бөлөк жөлөкпулдар» деген сөздөр «ал эми 15-
пунктта каралган жөлөкпулдар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-декабрындагы № 654 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы
№ 678 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы
№ 678 токтомунун редакциясына ылайык)
8.(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июнундагы №431 токтомунун редакциясына ылайык күчүн жоготту)
Премьер-министр Ф.Кулов