Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-июну № 450 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө", "КыргызРеспубликасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы №270 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жагындамамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө тиркелген жобобекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы мурда кабыл алынган че-немдик укуктук актыларын ушул Жобого ылайык келтирсин. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-июнундагы № 487"Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү туура-луу" токтомунун 1, 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов