Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн           2007-жылдын 19-ноябрындагы № 555 токтомуна ылайык                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 22-июну № 450                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ             Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө                        жобону бекитүү тууралуу      "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек  арасы  жөнүндө",  "КыргызРеспубликасынын Чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 22-майындагы №270  "Кыргыз  Республикасынын  мамлекеттик  чек арасын кайтаруу жагындамамлекеттик башкарууну өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы жөнүндө  тиркелген  жобобекитилсин.     2. Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматы мурда кабыл алынган  че-немдик укуктук актыларын ушул Жобого ылайык келтирсин.     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 30-июнундагы № 487"Кыргыз  Республикасынын  Чек ара кызматы жөнүндө жобону бекитүү туура-луу" токтомунун 1, 2 жана 4-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.     4. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери бо-юнча бөлүмүнө жүктөлсүн.      Премьер-министр                                 Ф.Кулов