Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 4-августу № 562
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 19-сентябрындагы № 418 токтомунун,
2008-жылдын 11-августундагы № 436 токтомунун,
2009-жылдын 19-октябрындагы № 649, 2011-жылдын 5-октябрындагы №616)
редакцияларына ылайык)
"Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу,
жаныбарлардын жана калктын ден соолугун аларга тиешелүү оорудан коргоо-
ну камсыздоодо мамлекеттик ветеринария органдарынын ролун жана маанисин
күчөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында ветеринария маселелери менен иш
жүргүзүүчү аткаруучу бийликтин ыйгарым укуктуу органы болуп Кыргыз Рес-
публикасынын Айыл, суу чарба жана кайра шитетүү өнөр жай министрлиги
аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департаменти мамлекеттик ве-
теринарияны башкаруунун республикалык органы болуп аныкталсын.
3. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-октябрындагы №616
токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин
борбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку штаттык саны 52 бирдик-
тен жана анын аймактык органдарыныкы - 859 бирдиктен белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы № 436 токтомунун редак-
циясына ылайык)
5. А.Дүйшеев атындагы Кыргыз мал чарба, ветеринария жана жайыттар
илимий изилдөө институтунун ветеринардык препараттардын сапатын конт-
ролдоо боюнча бөлүмүнүн базасында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чар-
ба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ве-
теринария департаментинин Ветеринардык препараттарды сертификациялоону
контролдоо боюнча мамлекеттик лабораториясы тиешелүү каржылоо көлөмү
жана материалдык-техникалык жабдуусу менен түзүлсүн.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы №
418 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги Ветеринардык препараттарды стандартташтырууну жана сер-
тификациялоону контролдоо боюнча мамлекеттик лабораторияны түзүүгө бай-
ланыштуу уюштуруу, финансылык жана башка маселелерди бир айлык мөөнөттө
чечсин.
7. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бе-
китүүсүнө төмөнкүлөрдү берсин:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ветеринардык көзөмөлү жөнүндө
жобону;
- Ветеринардык препараттарды сертификациялоону контролдоо боюнча
мамлекеттик лаборатория жөнүндө жобону;
- Мамлекеттик чегарада жана транспортто мамлекеттик ветеринардык
контроль кызматы жөнүндө жобону.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-сентябрындагы №
418 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш-
тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба
жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 4-августундагы № 562
токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра
иштетүү өнөр жай министрлигинин алдындагы
Мамлекеттик ветеринария департаментинин
БАШКАРУУ СХЕМАСЫ
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы N 649 токтомунун редакциясына ылайык)
┌───────────────────────────┐
│ Мамлекеттик ветеринария │
┌───────┬────┬──┤ Департаменти ├────────────┐
│ │ │ └─────┬─────┬────────────┬──┘ │
│ │ │ │ │ │ │
┌────┴──────┐│┌───┴───────┐│┌────┴───────┐ ┌──┴─────────┐┌────┴───────┐
│Республика-│││Мамлекеттик│││Мамлекеттик │ │Мамлекеттик ││Мамлекеттик │
│лык │││ветерина- │││ветерина- │ │ветерина- ││ветерина- │
│эпизоотияга│││риянын Ош │││риянын │ │риянын ││риянын │
│каршы │││шаардык │││түндүк │ │түштүк ││чыгыш │
│экспедиция │││башкармасы │││региондук │ │региондук ││региондук │
│ │││ │││башкармасы │ │башкармасы ││башкармасы │
└───────────┘│└───────────┘│└────┬───────┘ └──┬─────────┘└────┬───────┘
┌────────────┴─────────┐ │┌────┴───────┐ ┌──┴─────────┐┌────┴───────┐
│Ветеринардык │ ││Мамлекеттик │ │Мамлекеттик ││Мамлекеттик │
│препараттарды │ ││ветерина- │ │ветерина- ││ветерина- │
│стандартташтырууну │ ││риянын │ │риянын ││риянын │
│жана сертификациялоону│ ││райондук │ │райондук ││райондук │
│контролдоо боюнча │ ││жана шаардык│ │жана шаардык││жана шаардык│
│мамлекеттик │ ││башкармалык-│ │башкармалык-││башкармалык-│
│лаборатория │ ││тары │ │тары ││тары │
└──────────────────────┘ │└────────────┘ └────────────┘└────────────┘
┌──────────────────────┐ │
│Бишкек шаардык │ │
│мамлекеттик │ │
│ветеринардык-санитар- ├───┤
│дык башкармалык │ │
└──────────────────────┘ │
┌────────────────────────┐ │
│Чегаралык-ветеринардык │ │
│карантиндик кызматтын │ │
│башкы башкармалыгы жана │ │
│чегаралык ветеринардык ├─┤
│контролдоо пункттары │ │
└────────────────────────┘ │
┌───────────────┐ │
│Республикалык │ │
│мамлекеттик │ │
│ветеринардык ├──────────┘
│диагностика │
│борбору │
└──────┬────────┘
│
┌──────┴────────┐
│Райондор аралык│
│зоналык жана │
│райондук │
│мамлекеттик │
│ветеринардык │
│диагностика │
│борборлору │
└───────────────┘