Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 5-октябрындагы № 616 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-августу № 436 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынын уюштуруу түзүмү жөнүндө "2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматынөнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-февралындагы № 62 токтомуна ылайык жанамамлекеттик ветеринария органдарынын уюштуруу түзүмүн Жаныбарлардын денсоолугун коргоо боюнча бүткүл дүйнөлүк уюмдун стандарттарына ылайыккелтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашы-руу боюнча чаралар тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жыл-дын 4-августундагы № 562 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: - 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментининборбордук аппаратынын кызматкерлеринин жогорку штаттык саны 52 бирдик-тен жана анын аймактык органдарыныкы - 859 бирдиктен белгиленсин.". 2. "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2006-жылдын 25-апрелиндеги № 294 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-гизилсин: - 3-пункттун бешинчи абзацындагы ", юридикалык жактын статусу ме-нен алардын базасында түндүк, түштүк жана чыгыш региондук башкармалык-тарын түзүү менен" деген сөздөр алып салынсын; - көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Айыл,суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин башкаруу схемасын-да "АЧМнын жана ИИМдин мамлекеттик чек арадагы жана транспорттогу мам-веткөзөмөлү ГУПВКС" позициясы алып салынсын. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чек аралык-ве-теринардык карантиндик кызматы башкы башкармалыгы анын функцияларын,штаттык санын жана материалдык-техникалык бөлүгүн Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментине өткөрүпберүү менен жоюлсун. 4. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинкүтүүгө бөлүнүүчү ассигнованиелердин чектеринде жаныбарлардын ден соо-лугун контролдоо боюнча өкүлчүлүктөрдүн укуктарында жети зоналык под-разделение түзүлсүн. 5. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги эки айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайыккелтирүү боюнча сунуш киргизсин. 6. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги бирайлык мөөнөттө өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдала-нуу бөлүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов