Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2006-жылдын 11-сентябры N 652

Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

 

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Капиталдык салымдарды каржылоого республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Премьер-министри

Ф. Кулов