Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 855 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы N 652 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123, 2014-жылдын 26-декабрындагы № 732, 2016-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Ушул Жобо тиешелүү жылга республикалык бюджетте каралган капиталдык салымдардын эсебинен каржылана турган өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес маанидеги курулуштардын жана объектилердин (жаңы курулуштун, кеңейтүүнүн, реконструкциялоонун, техникалык кайра жабдуунун) Тизмесин түзүүнүн тартибин белгилейт.
2. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин Тизмеси (мындан ары - Тизме) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан жыл сайын республикалык бюджеттин администрациялык, функциялык жана экономикалык классификациясы боюнча ар бир мамлекеттик заказчы үчүн өзүнчө түзүлөт.
3. Тизме Мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга жана ушул программаларга киргизилбеген айрым өтө маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүнө негизделип түзүлөт.
4. Ушул Жободо Тизмеге киргизилген курулуштардын жана объектилердин мамлекеттик заказчылары деп аткаруу бийлигинин органдары түшүнүлөт.
5. Тизмеге киргизилген курулуштардын жана объектилердин заказчылары-куруучулары төмөндөгүлөр:
а) бюджеттик мекемелер жана уюмдар, анын ичинде курулуп жаткан объектилердин дирекциялары;
б) мамлекеттик заказчынын карамагында турган уюмдар;
в) Тизмеге киргизилген курулуштар жана объектилер боюнча бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө барабар баада ушул уюмдардын акцияларын (үлүштөрүн) мамлекеттин менчигине сатып алуу шартында же кайтарылуучу негизде киргизилген мамлекеттик капиталдык салымдарды алган мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар;
г) аткаруу бийлигинин органдары тарабынан заказчы-куруучунун милдетин аткарууга ыйгарым укук берилген уюмдар.
6. Мамлекеттик заказчылар белгиленген тартипте келишимдик негизде заказчы-курулушчуларга өз милдеттеринин бир бөлүгүн өткөрүп бериши мүмкүн.
7. Тизмени калыптандыруу жана бекитүү төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги кийинки жылга социалдык-экономикалык өнүгүүнүн белгиленген шарттарынын курамында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган артыкчылыктардын жана критерийлердин негизинде мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн мамлекеттик заказчыларга бөлүштүрүүнү жана мамлекеттик заказчычылар үчүн белгиленген мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн аларга жеткирет.
Мамлекеттик заказчылар мамлекеттик капиталдык салымдардын алдын ала белгиленген көлөмдөрүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте мамлекеттик максаттуу программаларды ишке ашырууга жана ушул программаларга киргизилбеген айрым өтө маанилүү социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө багытталган капиталдык салымдарды жүзөгө ашыруунун көлөмдөрүн жана мөөнөттөрүн көрсөтүү менен (экономикалык жагынан максатка ылайыктуулугун негиздөө менен) курулуштарды жана объектилерди Тизмеге киргизүү жөнүндө сунуштарды беришет.
8. Шаар куруу, долбоорго чейинки жана долбоордук документтерди иштеп чыгуу жана бекитүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган курулуштардын жана объектилердин Тизмесине аталган документтерди иштеп чыкпастан жана бекитпестен туруп киргизүүгө жол берилбейт.
9. Курулуштарды жана объектилерди Тизмеге киргизүү тууралуу сунуш менен бир эле мезгилде өтмө курулуштар жана объектилер боюнча, ошондой эле мамлекеттик заказчылардын аткарылган, бирок республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акы төлөнбөгөн жумуштар жана кызматтар боюнча орун алган кредитордук карызынын көлөмдөрү боюнча маалыматтар берилет.
10. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик заказчылар тарабынан берилген сунуштардын негизинде курулуштарды жана объектилерди Тизмеге киргизүү тууралуу чечим кабыл алат. Мында Тизмеге артыкчылык берилген тартипте төмөнкүлөр киргизилет:
а) курулушу пландаштырылган жылда бүткөрүлүүгө тийиш болгон, курулушу аяктабаган объектилер;
б) бюджеттик милдеттенмелердин лимиттеринин чектеринде кабыл алынган республикалык бюджеттин акчалай милдеттенмелери иш жүзүндө бөлүнгөн каражаттардын жетишсиздигинен улам аткарылбай калган курулуштар жана объектилер;
в) мамлекеттик заказчы тарабынан каржылоонун башка кошумча булактарын тартуу камсыз кылынган курулуштар жана объектилер;
г) шайлоочулардын сунуш-талаптарын аткаруу боюнча иш-чараларга киргизилген объектилер;
д) курулушу Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоо алдындагы программасында каралган курулуш объектилер;
е) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерине ылайык билим берүү объекттери;
ж) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган республикалык бюджеттен каржылануучу объектилердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн тандоо критерийлерине ылайык келген суу чарба курулуш объектилери.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 732, 2016-жылдын 28-мартындагы № 157 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
11. Өндүрүштүк багыттагы жаңыдан башталып жаткан курулуштарды жана объектилерди Тизмеге киргизүү өтмө курулуштар менен объектилер үчүн каржылык каражаттарды керектөөлөр канааттандырылгандан кийин жүзөгө ашырылат, аларга ушул сыяктуу кубаттуулуктар түзүлөт.
12. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамды кабыл алуу процессинде мамлекеттик заказчылардын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн" катышуусу менен мамлекеттик капиталдык салымдардын алдын ала белгиленген көлөмдөрү боюнча түзүлгөн Тизмени тактайт.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам күчүнө киргенден кийин 2 жумалык мөөнөттө Тизмени Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине макулдашууга берет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен Тизмени макулдашкандан кийин бекитет жана 10 күндүк мөөнөттө аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Борбордук казыналыкка (мындан ары - Борбордук казыналык) жана мамлекеттик заказчыга (же заказчы-курулушчуларга) ага киргизилген курулуштарды жана объектилерди каржылоону жүзөгө ашыруу үчүн жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бекитилген тизме жаңыдан башталып жаткан курулуштар жана объектилер боюнча мамлекеттик заказчылар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуштагы иштерди аткаруу жана кызматтарды көрсөтүү үчүн конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү үчүн негиз болуп саналат. Эгерде конкурстардын жыйынтыгы боюнча подряддык уюмдар аныкталбаса, анда аталган курулуштар жана объектилер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин тизмесинен чыгарылып салынууга тийиш, мында республикалык бюджеттин каражаттары даректүү инвестициялык программанын алкагында андан ары кайра бөлүштүрүлүүгө тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги N 123 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Мамлекеттик заказчылар (же заказчы-куруучулар) Тизмеге киргизилген курулуп жаткан курулуштардын жана объектилердин мамлекеттик муктаждыктар үчүн подряддык жумуштарды аткарууга мамлекеттик контракттардын конкурстарынын корутундуларына негизденип, алардын курулушунун наркы төмөндөгөндө мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн, курулуштун бүткүл мезгилинде каржылоонун өлчөмдөрүн жана булактарын ар бир жыл боюнча тактап чыгат жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бошотулган каражаттарды ушул мамлекеттик заказчынын башка объектилерине кайра бөлүштүрүүгө байланыштуу өзгөртүүлөрдү Тизмеге киргизүү үчүн такталган маалыматтарды министрликке берет.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Тизмеге ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөрдү киргизет жана аны жыйынды бюджеттик Тизмеге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Борбордук казыналыкка жиберет.
18. Мамлекеттик заказчыларга республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен ассигнациялоолорду бөлүп берүү жыйынды бюджеттик Тизмеге, бюджеттик милдеттенмелердин лимиттерине, тиешелүү жылга мамлекеттик капиталдык салымдарды каржылоонун көлөмдөрүнө жана бюджеттик мыйзамдарда белгиленген республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу боюнча жол-жоболорго ылайык жүргүзүлөт.
19. Тизмеге киргизилген курулуштарды жана объектилерди каржылоо мамлекеттик капиталдык салымдарды даректүү бөлүштүрүүгө, каржылоонун кезектүүлүгүнө, иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмдөрүнө ылайык катышуусу курулушту же объектини Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунушу боюнча каржылоонун ар бир айлык планынын негизинде аралаш каржылоодогу үлүштүк катышуу келишиминде каралган башка инвесторлорунун милдеттенмелерди аткарышын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
20. Мамлекеттик заказчы тарабынан өзүнүн функцияларынын бир бөлүгүн заказчы-курулушчуларга өткөрүп берүү учурунда курулуштагы же объекттеги аткарылган жумуштарга (кызматтарга акы төлөө) заказчы-курулушчулар жайгашкан жерде Борбордук казыналыктын тиешелүү органдарында белгиленген тартипте ачылган өздүк эсептер аркылуу жүзөгө ашырылат.
21. Мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүнүн даректүү бөлүштүрүлүшүнө киргизилген мамлекеттик заказчылар, заказчы-курулушчулар ар бир курулуш жана объект боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине төмөндөгү документтерди көргөзөт:
а) заказчы-курулушчуларга функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө мамлекеттик заказчылар менен түзүлгөн келишимдерди;
б) курулуштун бардык мезгилинде мамлекеттик муктаждыктар үчүн подряддык жумуштарды аткаруу келишимдерин, аларда аткарыла турган жумуштардын (кызматтардын) көлөмдөрү жана наркы, аларга акы төлөөнүн тартиби, курулушту каржылоонун өлчөмү жана тартиби, милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу боюнча тараптардын жоопкерчилиги, жумуштарды (кызматтарды) аткаруучуну аныктоо боюнча конкурстун натыйжалары жөнүндө протоколдун датасын жана номери көрсөтүлөт;
в) курулуштун башка катышуучулары менен түзүлгөн курулуш подрядынын келишимдерин;
г) курулушка үлүштүк катышуу келишимин;
д) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик экспертиза башкармасынын долбоорлук-сметалык документтер боюнча оң бааланган эксперттик корутундусун;
е) курулушу бүтпөгөн объектилер үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети бекиткен формалар боюнча аткарылган жумуштарды (кызматтарды) кабыл алып өткөрүү актыларын, аткарылган жумуштардын (кызматтардын) наркы жана чыгымдары жөнүндө справканы.
22. Ушул Жобонун 4-пунктунун "в" пунктчасында көрсөтүлгөн мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар курулуш объектилери үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын алуу үчүн ушул Жобонун 21-пунктунда каралган документтерге кошумча түрдө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул уюмдардын бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө барабар болгон акцияларын (үлүштөрүн) Кыргыз Республикасынын менчигине өткөрүп бериши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин жана аталган уюмдардын ортосундагы келишимдердин көчүрмөлөрүн беришет.
23. Мамлекеттик капиталдык салымдарды каржылоо ошондой эле долбоорлук-иликтөө иштерин, анын ичинде долбоордун алдындагы жана долбоорлоо иштерин каржылоону да, ошондой эле монтажды талап кылбаган жана курулуштар менен объектилердин сметасына кирбеген жабдууларды сатып алууну да камтып турат.
24. Мамлекеттик заказчылардын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен акы төлөнүүгө тийиш болгон өткөн жылдарда кабыл алынган акчалай милдеттенмелери боюнча курулуштарда жана объектилерде жумуштарды (кызматтарды) аткаруу үчүн кредиттик карызын тындыруу, эгерде тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бюджеттик каражаттардын эсебинен агымдагы каржылоо үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
25. "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик капиталдык салымдарды даректүү бөлүштүрүүнүн Тизмесине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү менен курулуштар жана объектилер боюнча мамлекеттик капиталдык салымдардын көлөмдөрүн кайра бөлүштүрүүнү жүргүзүүгө укуктуу (9 айдын ичинде аткарылган жумуштардын көлөмдөрүн тактоого байланыштуу агымдагы жылдын 1-ноябрынан кечиктирбестен).
26. Мамлекеттик муктаждыктар үчүн подряддык жумуштарды аткаруунун келишими аткарылган жумуштар (кызматтар), жөнөтүлгөн материалдар, жабдуулар жана башкалар үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги документи болуп саналат.
27. Курулуштун катышуучуларынын ортосунда аткарылган жумуштар (кызматтар), жөнөтүлгөн материалдар, энергетикалык ресурстар жана жабдуулар үчүн эсептешүүлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
28. Мамлекеттик заказчылар жана курулуштун заказчылары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча Улуттук комитети бекиткен форма боюнча тизмеге киргизилген курулуштардагы жана объектилердеги аткарылган жумуштардын жана чыгымдардын баасы жөнүндө справка беришет. Зарыл болсо мамлекеттик заказчылар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин талабы боюнча Кыргыз Республикасынын статистика комитети бекиткен формалар боюнча аткарылган жумуштардын кабыл алынгандыгы жөнүндө актыларды тапшырышат.
29. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-курулушчулар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан белгиленген тартипте мамлекеттик капиталдык салымдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануу жөнүндө бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү, отчеттуулукту түзүүнү жана берүүнү жүзөгө ашырат.
30. Аткарылган жумуштарга (кызматтарга) акы төлөөгө багытталган мамлекеттик капиталдык салымдарды каржылоонун көлөмүн инфляцияга байланыштуу өзгөртүүлөр каржылык жылдын аралыгында жүргүзүлбөйт.
31. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын максаттуу пайдаланууга контролдукту жүзөгө ашырат.
32. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-курулушчулар мамлекеттик каржылык контролдоо органдарынын талабы боюнча төмөндөкүлөрдү көргөзөт:
а) курулуштун наркынын сметалык жыйынды эсептерин;
б) долбоорлук-сметалык документтерди бекитүү жөнүндө материалдарды;
в) Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин ушул түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн лицензиянын болушу милдеттүү болуп эсептелсе, курулуш жагындагы иштин айрым түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн лицензиянын көчүрмөсүн;
г) аралаш каржылоодо курулуштарды жана объектилерди каржылоо үчүн өзүнүн, заемдук жана башка каражаттарынын багытталышы жөнүндө справканы;
д) жаңыдан башталган курулуштар менен объектилердин курулуштун бүткүл мезгили үчүн ишке киргизилүүчү комплекстерди (кезектерди) бөлүп көрсөтүү менен, ар бир жылга бөлүнгөн титулдук тизмелерди, мамлекеттик буйуртмачы тарабынан бекитилген тиешелүү жылга мамлекеттик капиталдык салымдардын жана курулуш-монтаждоо жумуштарынын көлөмдөрүн көрсөтүү менен өтмө курулуштар менен объектилердин титулдук тизмелерин;
е) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынан бекитилген капиталдык курулушта жумуштарды (кызматтарды) эсепке алуу боюнча башка документтерди берет.
33. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-курулушчулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өздөрүнүн башкаруусуна бөлүнүп берилген бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу, объектилерди белгиленген мөөнөттөрдө ишке киргизүү, аткарылган жумуштар (кызматтар) жөнүндө өз убагында берүү үчүн жоопкерчилик тартат.