Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 4 - августундагы № 466 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 855
Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Инвестициялык долбоорлор аркылуу мамлекеттик башкаруу секторунда институттук кайра түзүүлөрдү ишке ашырууну камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 28 жана 29-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 "Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 4-апрелиндеги № 123 "Мамлекеттик муктаждыктар үчүн курулуштардын жана объектилердин тизмесин түзүү жана аларды республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 11-сентябрындагы № 652 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-декабрындагы № 732 "Республикалык бюджеттен каржылануучу объекттердин жана курулуштардын тизмесине киргизүү үчүн билим берүү объекттерин тандоо критерийлерин бекитүү жөнүндө" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 530 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) капиталдык салымдарга каралган каражаттардын эсебинен республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун түзүү жана ишке ашыруу тартибин белгилейт.
Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоору - милдети негизги фонддорду түзүү же кайра түзүү болгон капиталдык салымдарды ишке ашыруу боюнча иш-чара;
капиталдык салымдар - негизги фонддорду түзүүгө же кайра түзүүгө багытталган төмөнкү бюджеттик каражаттар:
1) жаңы объекттерди курууга, реконструкциялоого жана долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгууга;
2) мамлекеттик (муниципалдык) органдардын жайларын техникалык жабдууга;
3) машиналарды, жабдууларды жана башка техниканы сатып алууга.
капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекти - капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн (реконструкцияланган) имараттар, курулуштар жана курулмалар (административдик имараттар, инженердик-техникалык курулмалар, автомобиль жолдору);
капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттеринин мамлекеттик заказчылары - капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттери үчүн долбоордук-сметалык документацияларды даярдоо боюнча ыйгарым укукка ээ болгон бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (мындан ары - БКБТ);
капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын төмөнкү объекттеринин заказчы-куруучулары:
1) бюджеттик мекемелердин, анын ичинде курулуп жаткан объекттердин дирекцияларынын;
2) мамлекеттик заказчынын карамагындагы уюмдун;
3) мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдардын акцияларын (үлүшүн) кайтарымдык негизде же капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө эквиваленттүү наркта мамлекет тарабынан менчикке сатып алуу шартында бюджеттик инвестицияларды алуучу ушул уюмдардын;
4) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объектинин заказчы-куруучусунун функцияларын аткарууга БКБТ тарабынан ыйгарым укуктуу уюмдардын.
3. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестицияларды тартуу аркылуу түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүлүп берилет.
2. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегин түзүү жана бекитүү
4. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмеги экономиканын ар бир секторуна бөлүү менен тийиштүү бюджеттик жылга өз алдынча түзүлөт.
5. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган артыкчылыктардын жана критерийлердин негизинде социалдык-экономикалык өнүктүрүү шарттарын эске алуу менен тийиштүү жылга капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестицияларды бөлүштүрөт жана капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын бөлүштүрүлгөн көлөмү жөнүндө ар бир БКБТга маалымдайт.
6. БКБТ инвестициялык долбоорлордун ар бири үчүн төмөнкүдөй документтердин пакетин түзөт жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
1) объекттин техникалык абалы жөнүндө маалымат (реконструкциялоо же капиталдык оңдоо үчүн);
2) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук документацияларды бекитүү тууралуу документтер (долбоордук документация иштелип чыкпаган болжолдонгон долбоорлордон тышкары);
3) объектти куруунун (реконструкциялоонун) сметалык наркы;
4) долбоор аяктагандан кийинки объектти камсыздоо үчүн зарыл болгон бюджеттик ресурстардын эсеби;
5) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын жаңыдан башталуучу долбоорлору боюнча долбоордук иштерди жана инженердик изилдөөлөрдү аткарууга бюджеттик чыгымдардын эсеби;
6) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорун каржылоого (үлүштүк каржылоодо) республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каралган каражаттарынын, тышкы жардамдын каражаттарынын, зайымдык жана башка каражаттардын болушун тастыктаган документтер;
7) жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо болжолдонуучу долбоорлор боюнча коомдук талкуулардын протоколдору;
8) тармактык саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жооптуу болгон БКБТ 50,0 млн. сомдон ашык суммадагы ири долбоорлордун социалдык-экономикалык натыйжалуулугун баалайт;
9) мамлекеттик заказчы болуп саналбаган БКБТ капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегин объекттерди куруунун же реконструкциялоонун техникалык шарттарын макулдашуу үчүн архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт;
10) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегин киргизүү боюнча сунуштар жана билдирмелер тийиштүү бюджеттик жылдын 1-октябрына чейин каралат.
7. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган БКБТ тарабынан берилген сунуштардын негизинде Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Долбоорлордун тизмегине артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөр киргизилет:
1) бюджеттик жылы бүтүрүүгө тийиш болгон объекттер;
2) БКБТ тарабынан тартылган каражаттардын булактарынан кошумча каржылануучу курулуштар жана объекттер (объекттин наркынын 50 пайызынан кем эмес);
3) ушул Жобонун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн критерийлердин негизинде капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегине киргизүү үчүн тандап алуу критерийлерине ылайык келген курулуш объекттери.
8. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө макулдашууга киргизет.
9. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегине артыкчылыгы төмөнүрөөк болгондуктан кирбей калган капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлору БКБТ тарабынан кошумча тизмек катары бекитилет, алар тийиштүү бюджеттик жылга сектордогу бюджеттик инвестицияларды ишке ашырууга ассигнованиелер көбөйтүлгөн учурда ишке ашырылышы мүмкүн.
3. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу тартиби
10. Тийиштүү бюджеттик жылга капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун бекитилген тизмеги мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жумушту аткарууга жана кызмат көрсөтүүгө конкурстарды (мындан ары - конкурстар) уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик заказчылар үчүн негиз болуп саналат.
11. Мамлекеттик заказчылар (же заказчы-куруучулар) объекттерде подряддык иштерди аткарууга конкурстардын негизинде түзүлгөн келишимдерден улам капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын көлөмүн, курулуштун бардык мезгилиндеги каржылоо өлчөмүн жана булагын жылдар боюнча бөлүштүрүү менен такташат жана такталган маалыматтарды БКБТга жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга беришет.
12. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун каржылоо бюджеттик инвестицияларга мамлекеттик каражаттарды даректүү бөлүштүрүүгө, каржылоо кезегине (кварталдык бюджеттик бөлүштүрүү), иш жүзүндө аткарылган жумуштун (бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды максаттуу өздөштүрүү жана иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү жөнүндө мамлекеттик заказчылар тарабынан отчет берилгенден кийин) көлөмүнө ылайык жана бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча ай сайын каржылоо планынын негизинде долбоорду аралаш каржылоо учурунда үлүштүк катышуу келишими менен катышкан башка инвесторлордун милдеттенмелерин аткаруусун эске алуу менен ишке ашырылат.
13. Мамлекеттик заказчылар өзүнүн функцияларынын бөлүгүн заказчы-куруучуларга өткөрүп берген учурда долбоорду ишке ашыруу боюнча аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте заказчы-куруучулардын жайгашкан орду боюнча алардын казыналык системасында ачылган казыналык өздүк эсеби аркылуу төлөнөт.
14. Эгерде тийиштүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамда башка каралбаса, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүүгө тийиш болгон мурунку жылга алынган милдеттенмелер боюнча объекттерде аткарылган жумуш (кызмат көрсөтүүлөр) үчүн мамлекеттик заказчыларга кредитордук карыздар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бюджеттик каражаттардын эсебинен учурдагы каржылоо үчүн каралган тартипте тындырылат.
15. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бюджеттик жыл ичинде бюджеттик инвестицияларды жүргүзүүгө ассигнованиелердин көлөмү көбөйгөн учурда мындай ассигнованиелерди тармактык бөлүштүрүү боюнча сунушту же мониторингдин жыйынтыгы боюнча тийиштүү жылга бекитилген көлөмдүн чегинде каражаттарды кайра бөлүштүрүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүүгө укуктуу.
16. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыркаган объекттер үчүн капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун тизмегин түзөт, бекитет жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине макулдашууга берет.
17. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу мезгилинде объекттерди куруунун наркынын кымбаттоосу бюджетти болжолдоо жана аткаруу же объекттерди реконструкциялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөргө байланыштуу гана каралат:
- наркы кымбаттаган мезгилде инфляциянын бекитилген көрсөткүчүнөн ашпаган өлчөмдөгү инфляция;
- материалдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө баалардын өсүшү, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын маалымкаттары менен ырасталышы керек.
Объекттердин долбоордук-сметалык документтеринде көрсөтүлбөгөн материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу объектинин кымбаттоосу катары каралбайт жана каржыланбайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы N 530 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарында белгиленген тартипте капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялар формасында бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын контролдойт.
4. Отчеттуулук жана мониторинг
19. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-куруучулар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен форма боюнча капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аткарылган иштердин жана чыгымдардын наркы жөнүндө маалымкатты беришет.
20. Зарыл болгон учурда мамлекеттик заказчылар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча зарыл учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети бекиткен форма боюнча аткарылган жумуштарды кабыл алуу жөнүндө актыны беришет.
21. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-куруучулар бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир объект боюнча төмөнкү документтерди беришет:
1) мамлекеттик заказчылар менен заказчы-куруучулардын ортосунда түзүлгөн функцияларды өткөрүп берүү жөнүндө келишимдерди;
2) курулуштун бардык мезгилине капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруу боюнча подряддык жумуштарды аткарууга келишимдерди, аларда аткарууга тийиштүү болгон жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) көлөмдөрү, наркы жана аларды төлөө тартиби, каржылоо (кошо каржылоо) өлчөмү жана тартиби, тараптардын милдеттенмелерди аткарууну камсыздоо боюнча жоопкерчилиги, жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруучуну аныктоо боюнча конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протоколдун датасы жана номери көрсөтүлөт;
3) курулуштун башка катышуучулары менен түзүлгөн курулуш подрядынын келишимдери;
4) курулушка үлүштүк катышуу келишимдери;
5) долбоордук-сметалык документтердин аныктыгынын экспертизалары;
6) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо материалдары.
22. Мамлекеттик заказчылар жана заказчы-куруучулар республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы, объекттердин белгиленген мөөнөттө колдонууга киргизилиши, аткарылган жумуштар (кызмат көрсөтүүлөр) жөнүндө отчеттордун өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
23. Курулуштун техникалык шарттарынын жана ченемдеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен методикага ылайык ишке ашырылат.
24. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестицияларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо процесси Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө жана жетишилген жыйынтыктарды баалоо максатында долбоорду ишке ашыруунун ар кандай баскычтарында жарандык коомдун кызыкдар мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте БКБТ тарабынан ишке ашырылат.
25. Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жарандык коомдун мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү мамлекеттик заказчыларга долбоордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарына, жетишилген орто аралык же акыркы натыйжаларга жараша капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча ишке карата сунуштама мүнөздөгү сунуштарды кат жүзүндө берүүгө укуктуу.
5. Айкындуулук жана ачыктык
26. Республикалык бюджет бекитилгенден кийин бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бир айдан кечиктирбестен өзүнүн расмий сайтында бардык секторлор боюнча республикалык бюджеттен каржылануучу же кошо каржылануучу капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорунун жыйынды тизмесин жайгаштырат. Жыйынды тизме эки багытта жарыяланат: тармактык жана аймактык (облустардын деңгээли). Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын ар бир долбоору боюнча маалыматтар төмөнкү малыматтарды камтууга тийиш:
- объекттин аталышын;
- объекттин аймактык жайгашышын (калктуу конуш, район);
- эксплуатацияга берүү датасын (жылы);
- долбоорду ишке ашыруудан күтүлгөн жыйынтыктарды;
- долбоорду ишке ашыруунун наркын.
27. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган квартал сайын өзүнүн расмий сайтында капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорун каржылоо жөнүндө маалыматтарды жаңылап турат.
|
| Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобонун тиркемеси |
Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын артыкчылыктуу долбоорлорун тандоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
Капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын артыкчылыктуу долбоорун тандоодо критерийлердин төмөнкү топтору эске алынат, алардын жардамы менен долбоорлордун социалдык жана экономикалык маанилүүлүгү аныкталат:
1) милдеттүү критерийлер - аларды сактабоо анын башка мүнөздөмөлөрүнө карабастан долбоордон баш тартууну билдирген критерийлер;
2) баалоо критерийлери - аларды сактоо даражасы долбоорго ыйгарылган баалоо баллынын санына таасирин тийгизген критерийлер. Долбоор милдеттүү шарттарга шайкеш келбегенде баалоо критерийлери каралбайт. Баалоо критерийлери сапаттык жана сандык болот.
Комиссиянын кароосуна критерийлердин төмөнкү топтому сунушталат:
I. Милдеттүү шарттар:
1) объекттин мамлекеттик же муниципалдык менчик объекттердин категориясына таандыгы;
2) долбоордун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн артыкчылыктуу стратегияларына жана программаларына же аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларына таандыгы (авариялык абалдагы объекттерге, табигый кырсыктардын натыйжасында жабыркаган объекттерге карата колдонулбайт).
II. Баалоо критерийлери:
| Критерий | Балл ыйгаруу шарттары | Балл менен салмагы |
1 | Сапаттуу критерийлер: |
|
|
1.1 | Долбоордун калктын жашоосу жана ден соолугу үчүн тобокелдиктерди (табигый кырсыктар, эпидемиологиялык кырдаал, техногендик катастрофалар) төмөндөтүүнү түздөн-түз камсыздаган объекттердин категорияларына же табигый кырсыктардын натыйжасында жабыркаган, зыянды баалоо жана жабыркаган объекттерди аныктоо боюнча ыйгарым укуктуу комиссиялар (республикалык, аймактык) тарабынан бекитилген объекттердин категорияларына таандыгы | Таандык | 5 |
Таандык эмес | 0 | ||
1.2 | Инвестициялык долбоордун так негизделген максаттарынын, анын ишке ашыруу үчүн өлчөнүүчү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрүнүн болушу | Талаптарга жооп берет | 5 |
Талаптарга жооп бербейт | 0 | ||
1.3 | Аймактык деңгээлдеги маанилүүлүгү: | Айылдык аймактык, шаардык деңгээлдеги маанилүүлүгү | 10 |
Бир нече айылдык аймактык, шаардык деңгээлдеги маанилүүлүгү | 10 | ||
Райондук деңгээлдеги маанилүүлүгү | 15 | ||
1.4 | Проблеманы чечүүнүн натыйжалуу жана иштиктүү альтернативаларынын жоктугу же башка уюмдар (анын ичинен жеке) өндүрүүчү алмаштырууга болуучу продукциянын (жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр) жеткиликтүү көлөмдө болбошу | Жок | 10 |
Бар | 0 | ||
1.5 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен методика боюнча аныкталуучу бюджеттик жана экономикалык натыйжанын көрсөткүчтөрүнүн жогорку деңгээли (фискалдык таасир этүү, таза дисконттошкон киреше, кирешенин экономикалык ченеми) | Фискалдык таасир этүү оң чоңдук болуп саналат | 5 |
Таза дисконттошкон киреше оң чоңдук болуп саналат | 5 | ||
Кирешенин экономикалык ченеми 12 пайызды жана андан жогоруну түзөт | 5 | ||
Көрсөткүчтүн мааниси белгиленген чоңдуктан аз (жогоркуну карагыла) | 0 | ||
1.6 | Долбоордун жогорку социалдык натыйжалуулугу | Объект товарларды өндүрөт же социалдык проблемаларды чечүүгө түздөн-түз мүмкүндүк берген кызматтарды көрсөтөт | 10 |
Долбоор үчүн оң динамикалуу өсүшкө ээ социалдык таасир этүү көрсөткүчтөрү аныкталган (балл мурункулар менен суммаланбайт) | 5 | ||
Долбоордун социалдык натыйжалуулугун аныктоо кыйынчылык туудурат | 0 | ||
2 | Сандык критерийлер |
|
|
2.1 | Жаңы жумуш орундарын түзүү | Түзүлөт | 5 |
Түзүлбөйт | 0 | ||
2.2 | Пландалган объекттин долбоорлонгондон кийинки иштешин камсыздоо үчүн ресурстардын негизделген санынын жана булактарынын болушу | Ресурстар республикалык же жергиликтүү бюджетте эсептелген жана каралган | 10 |
Каралган эмес | 0 | ||
2.3 | Пландалган объекттин инженердик жана транспорттук инфраструктура менен инвестициялык долбоорду ишке ашыруу үчүн жетиштүү көлөмдө камсыздалышы | Объект камсыздалган | 5 |
Камсыздалган эмес | 0 | ||
2.4 | Объекттин долбоордук кубаттуулугун пайдалануу үчүн продукцияларды (кызмат көрсөтүүлөрдү) керектөөчүлөрдүн жетиштүү санда болушу | Жетиштүү санда | 10 |
Жетишсиз санда | 0 |