Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы N 690 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-сентябры N 681
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 158 токтомунун редакциясына ылайык)
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берүүлөрдүн цифралык технологияларына өтүү менен бирдиктүү рес- публикалык маалыматтык мейкиндикке өтүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле теле жана радиопрограммаларды таркатуу механизмин анык- тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүк- түрүүнүн тиркелген концепциясы жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр- лиги министрликтер, ведомстволор жана башка тиешелүү жактар менен бирдикте Кыргыз Республикасында цифралык берүүлөргө өтүү жөнүндө мамлекеттик программаны 2008-жылдын 31-декабрына чейин иштеп чыксын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 158 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов