ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы №681 «Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

                            КР Өкмөтүнүн               2009-жылдын 4-ноябрындагы N 690 токтомуна ылайык                            КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 19-сентябры N 681

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ     Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү                 өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө

     (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги                  N 158 токтомунун редакциясына ылайык)

"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык берүүлөрдүн цифралык  технологияларына   өтүү менен бирдиктүү рес- публикалык  маалыматтык  мейкиндикке  өтүү үчүн  шарттарды  түзүү, ошондой эле теле жана радиопрограммаларды таркатуу механизмин анык- тоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүк- түрүүнүн тиркелген концепциясы жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын  Транспорт жана  коммуникациялар министр- лиги министрликтер,  ведомстволор  жана башка тиешелүү жактар менен бирдикте Кыргыз  Республикасында  цифралык берүүлөргө өтүү  жөнүндө мамлекеттик программаны 2008-жылдын 31-декабрына чейин иштеп чыксын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги N 158 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр                                             Ф.Кулов