Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 4-ноябры № 690
Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясынын долбоору жөнүндө
"Маалыматташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, берүүнүн санарип технологияларына өтүү менен республикалык бирдиктүү маалымат мейкиндигин өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле телевизиондук жана радио программаларын жайылтуунун механизмин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясынын тиркелген долбоору жактырылсын жана ал Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө жиберилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги кызыкдар министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор менен бирдикте Кыргыз Республикасында санарип берүүгө өтүүнүн мамлекеттик программасынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна 2010-жылдын 31-декабрына чейин киргизсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 158 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-сентябрындагы № 681 "Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн концепциясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Усенов |
Долбоор
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-ноябрындагы № 690 токтому менен жактырылган |
I. Жалпы жоболор
Азыркы жашоодо радио жана теле көрсөтүү коомдун рухий өнүгүшүнө, экономикалык өсүүсүнө, социалдык туруктуулугуна жана коомдун жарандык институттарынын өнүгүшүнө таасирин тийгизген эң маанилүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын бири болуп калды. Өлкөнүн курамдык бөлүгү болуу менен бирге радио жана теле көрсөтүү тилди, салтты сактап калууга, коомдун материалдык баалуулугун, ошондой эле социалдык жана саясий климатты түзүүгө олуттуу таасирин тийгизет. Көптөгөн коммерциялык жана жеке телевизиондук жана радио берүүчү студиялар Бишкек шаарында гана эмес, өлкөнүн аймактарында да пайда болду.
Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүүнүн ушул Концепциясы (мындан ары - Концепция) жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүнү камсыздоого, ошондой эле берүүнүн аналогдук системасынан санариптик форматка өтүүгө багытталган укуктук, уюштуруучулук жана техникалык иш-чаралар комплексин иштеп чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
Санариптик берүү - биринчи кезекте калк үчүн сүрөттөлүшү өтө сапаттуу көп сандаган программаларды жеткирүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Санариптик берүүгө өтүү техникалык жактан гана эмес, социалдык, маданий, экономикалык жана саясий жактарынан да маанилүү маселе болуп саналат.
Концепцияда камтылган чечимдерди ишке ашыруунун натыйжасында телерадио программаларды жайылтуунун, жаңы жана коштоочу кызматтарды көрсөтүүнүн биргелешкен заманбап системасы, алдыңкы өлкөлөр менен бирдей шарттардагы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке Кыргыз Республикасынын киришинин өбөлгөлөрү жана Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндик түзүлөт.
Спутниктик берүү сыяктуу технологияларды колдонуу мамлекеттик тышкы саясаттын белгилүү бир каражаты болуп калышы мүмкүн жана башка мамлекеттердин аймагында Кыргыз Республикасынын маалыматка катышуусун камсыз кылып, ошондой эле анын аймагынан тышкары жашап жаткан этностук кыргыздардын улуттук, маданий жана башка укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууда көмөк көрсөтүшү керек. Мындан тышкары, дүйнөлүк тилдердин негизинде (англис, француз, испан ж.б.) синхрондук котормону колдонуу чет өлкөлүк аудиторияны кеңейтүүгө жана ага республика жөнүндө объективдүү маалымат берүүгө мүмкүндүк берет.
II. Максаттары жана милдеттери
Бул Концепция телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун багыттарын жана негизги артыкчылыктарын, принциптерин аныктайт.
Коомдун маалыматтык, агартуучу жана маданий керектөөлөрүн толук канааттандыруу, ошондой эле жарандык коом менен өз ара байланышты кошкондо, жалпы маалыматтык-технологиялык инфраструктураны түзүүнүн негизинде мамлекеттик башкаруунун жана жөнгө салуунун механизмдеринин натыйжалуулугун жогорулатуу Кыргыз Республикасындагы берүүлөрдүн түйүндөрүн өнүктүрүүнүн негизги максаттары болуп саналат.
Ошондой эле, жалпыга маалымдоонун электрондук каражаттарын өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигин кеңейтүү, телевизиондук жана үндүк берүүлөр жаатында өндүрүштүн жаңы технологияларын өздөштүрүү, ички жана сырткы рынокто улуттук аудиовизуалдык продукциянын (контент) атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу ушул Концепциянын максаты болуп саналат.
Коюлган максаттарга жетүү үчүн төмөнкү маселелерди аткаруу керек:
- телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү иштетүү жана өнүктүрүү үчүн мыйзамдык базаларды жаңыртуу;
- коомдун уктуруу кызматтарына керектөөлөрүн жогорку деңгээлде камсыздоого мүмкүндүк берген бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти түзүү;
- берүү түйүндөрүнүн инфраструктурасын модернизациялоо, берүүнүн санариптик технологияларына өтүү;
- радио жыштык спектринин конверсиясы жана аймактык-жыштыгын пландоо;
- азыркы санариптик технологиялар боюнча берүүлөрдө көрсөтүлүүчү кызматтарга жетүү мүмкүндүгүн камсыздоо үчүн калктын жакыр катмарын социалдык жактан колдоо боюнча чараларды аныктоо;
- республиканын бардык аймактарында атаандаштык негизде кызмат көрсөтүү;
- берүүнүн санариптик форматына өтүүнүн этаптарын жана мөөнөтүн аныктоо;
- Концепцияны ишке ашыруу менен башкаруунун механизмдерин иштеп чыгаруу;
- телерадио берүү боюнча байланыш кызматтарын көрсөтүү жана жеткирүү үчүн лицензиялоонун эрежелерин аныктоо;
- өз кезегинде байланыш операторлоруна жана берүүчүлөргө санариптик телерадио берүү үчүн өздүк каражатынын эсебинен керектүү инфраструктураны өтө тез түзүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү телевизиондук жана радио каналдык жайылтууга мамлекеттик каржылоо механизмин киргизүүнү кошкондо, мамлекет тарабынан санариптик берүүнүн өнүгүүсүнүн так эрежелерин кабыл алуу.
III. Концепциянын актуалдуулугун негиздөө
Бул Концепцияны ишке ашыруу мамлекеттин ички жана тышкы саясатын аткарууга түрткү берет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын негизги бөлүгү катары санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү өнүктүрүү төмөнкүлөрдү аткарууга мүмкүндүк берет:
- коомдун маалыматтык, агартуучу жана маданий керектөөлөрүн толук канааттандыруу;
- Кыргыз Республикасындагы саясий, экономикалык жана социалдык абал жөнүндө коомдук объективдүү пикирлерди чет өлкөлөрдө түзүүнү камсыздоо;
- улуттук киноматографтын мыкты чыгармаларын трансляциялоонун, кыргыз адабий чыгармаларын экрандаштыруунун, ошондой эле элдик чыгармачылык жөнүндө берүүлөрдүн жардамы менен маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын тарыхы жана улуттук баалуулугу жөнүндө таанытуучу берүүлөрдү, маданий жана башка чаралар жөнүндө көңүл ачуучу программаларды трансляциялоонун жардамы менен туризм үчүн кызыктуу болгон Кыргыз Республикасынын беделин көтөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- ата-мекендик илимдин жана техниканын жетишкендиктери тууралуу илимий-популярдык жана таанытуучу берүүлөрдү трансляциялоонун жардамы менен интеллектуалдык жана илимий ресурстарды, инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүү;
- эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын берүү түйүндөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
IV. Мамлекеттик саясаттын негизги багыттары
Массалык коммуникацияларды өнүктүрүүнүн азыркы шарттарында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана мамлекеттүүлүктүн бекемделишинин стратегияларына жооп берген телерадионун өнүгүшүнө принциптүү жаңы көз караш керек. Мындай мамиле кылуу бул чөйрөдө мамлекеттик саясат тарабынан жүргүзүлүүчү биринчи кезектеги төмөнкүдөй милдеттерди аныктайт:
- теле көрсөтүү жана радио уктуруу чөйрөсүндө болуп туруучу процесстерди мамлекеттик укуктук тартипке салуунун жаңы концептуалдык мамилелерин иштеп чыгуу, мыйзамды жакшыртуу, ошондой эле социалдык маанидеги чыгармалык продукцияларга мамлекеттик заказды түзүү жана ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн мамлекеттик (улуттук) жана коомдук түйүндөрүн түзүү;
- маданий көп түрдүүлүктү колдогон кубаттуу каражат катары Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн мамлекеттик (улуттук) жана жеке түйүндөрүн өнүктүрүү жана колдоо, ошондой эле көрүүчүлөрдүн (жарандык коомдун) кызыкчылыктарын коргоо;
- табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан өлкөнүн аймагын жана калкты коргоого, коргонууга жөндөмдүүлүктү жана улуттук коопсуздукту камсыздоого, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн артыкчылыктуу маселелерин чечүүгө Кыргыз Республикасынын берүүсүнүн түйүндөрүн пайдалануу процесстерин баш ийдирүү;
- мамлекеттик саясаттын күндөлүк жана стратегиялык артыкчылыктарын аныктоо маселелерине коомчулукту тартуу механизмдерин издөө;
- коммерциялык жана коомдук уюмдар менен мамлекеттик түзүмдөрдүн шериктештигин (мамлекеттик-жеке) уюштуруунун негизинде телерадио берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын натыйжалуу ишке ашырууга мүмкүндүк берген институттардын заманбап системасын түзүү, инновациялык долбоорлорду жана программаларды колдоо;
- мамлекеттик тилде улуттук аудиовизуалдык продуктту өнүктүрүү сыяктуу эле мамлекеттик тилге которулган чет өлкөлүк аудиовизуалдык продукттун үлүшүн да өнүктүрүү жолу менен берүүлөрдө мамлекеттик тилди толук масштабда колдонуу;
- башка өлкөлөрдүн аймактарында Кыргыз Республикасынын маалыматка катышуусун кеңейтүү;
- теле көрсөтүүнүн жана үн уктуруунун жардамы менен коомдо айрым топтордун таасири тийбеген анык маалыматтарга укуктук кепилдикти түзүү;
- республиканын региондук берүүлөрүн өнүктүрүү;
- акы төлөнүүчү кызматтарды уюштуруу, анын ичинде интерактивдүү телекөрсөтүүнү, ачыктыгы жогорку деңгээлдеги көрсөтүүлөрдү, суроолор боюнча видеолорду, Интернет түйүндөрүнө кирүүнү, мультимедиа кызматтарын уюштуруу;
- Кыргыз Республикасында телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн түйүндөрүн модернизациялоо жана берүүнүн санариптик технологиясына этап менен өтүү, инвестициялык жана кредиттик ресурстарды тартуу;
- өлкөнүн бүткүл аймагын телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн түйүндөрү менен камтуу, санариптик берүүгө өтүү;
- мамлекеттик жана коомдук кызыкчылыктарды коргоону эске алуу менен улуттук, региондук программаларды өндүрүү жана жайылтуу үчүн шарттарды түзүү;
- өздүк каражаттарды тартуу менен жеке түйүндөрдү, ошондой эле үлүштүк катышуунун эсебинен аралаш уктуруу түйүндөрүн түзүү жана өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттик, коомдук жана мамлекеттик эмес теле көрсөтүү жана үн уктуруу үчүн шарттарды жана бирдей укуктуулукту камсыздоо;
- керектүү документтерди алуунун жол-жоболорун өркүндөтүү, телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн программаларын жайылтууну лицензиялоо;
- коомго акысыз негизде көрсөтүлгөн жана бардык түйүндөрдө трансляциялануучу программалардын социалдык пакетин аныктоо;
- эфирдик санариптик теле көрсөтүүгө шарттуу чыгуунун системасын жеткирүүчүнү конкурстук негизде аныктоо.
V. Санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү киргизүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар
Санариптик телерадио берүүнүн пайда болушу менен телерадио берүүнүн жаңы түрүн жиберүүчү каражаттардын жумушун жөнгө салуу жана алардын электро магниттик сыйымдуулугун камсыздоо зарылдыгы келип чыкты. Ушуга байланыштуу, радио жыштык спектрдин конверсиясы жана маалыматка жетүүдө жарандардын укугун бузбай санариптик телерадиого өтүү максатында колдонулуучу диапазонду кеңейтүүгө мүмкүндүк берген берүүнүн аналогдук инфраструктурасынын өтүү мезгилин сактоо мамлекеттик техникалык саясаттын бирден бир маанилүү маселелери болуп саналат.
Өтүү мезгилинде аналогдук эфирдик инфраструктуранын иштөөсүн камсыздоо маселелери ушул Концепциянын негизинде иштелип чыккан Кыргыз Республикасында Санариптик берүүгө өтүүнүн мамлекеттик программасында чагылдырылышы керек.
Тиешелүү иш-чараларды иштеп чыгууну талап кылган төмөнкүдөй уюштуруу-техникалык проблемалар бар, аларды туура чечүү менен өлкөнүн санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөр дооруна ийгиликтүү өтүүсү камсыз кылынат:
- санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү радио жыштыгы менен камсыздоо;
- санариптик технологияга толугу менен өткөнгө чейин аналогдук эфирдик берүүнүн инфраструктурасын иштетүүнү камсыздоо;
- санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөрдү лицензиялоонун жаңы системасына өтүү;
- санариптик телевизиондук жана үндүк берүүлөрдүн региондук тажрыйба зоналарын уюштуруу;
- санариптик эфирдик теле көрсөтүүнү кабыл алуу үчүн абоненттик приставкаларга мамлекеттик талаптарды камсыздоо;
- санариптик теле көрсөтүүнүн сигналдарын кабыл алуу үчүн абоненттик приставкаларды сатып алуу жана сервистик тейлөө боюнча калкка шарт түзүп берүү, мындай приставкаларды сатып алууда калктын жакыр катмарын социалдык жактан колдоо;
- улуттук жана региондук деңгээлде берүүлөрдүн тармагын уюштуруу боюнча чараларды көрүү;
- теле жана радио трансляциялардын, анын ичинде мобилдик трансляциянын жана интернет-телекөрсөтүүнүн, жакшы көрсөтүүчү телеканалдардын, ошондой эле тикелей спутниктик телерадио трансляциянын жаңы түрлөрүн өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
- өз ара байланышкан бир нече подсистемаларды түзүүчү программа-аппараттык каражаттардын комплекси болуп саналган жетүүнүн шарттуу системасын киргизүүнүн жардамы менен бардык компаниялар үчүн башкаруунун жана биллингдин төмөнкүдөй бирдиктүү системасын түзүү:
абоненттерди тейлөөнүн жана жазылуу менен башкаруунун чакан системасы;
генерациялардын жана ачкыч менен башкаруунун подсистемасы;
транспорттук агымды скремблирлөөнүн жана шифрлөөнүн чакан системасы;
декодерди камсыздоонун аппараттык-программалык коопсуздугунун чакан системасы.
VI. Маалыматтык коопсуздук
Коомго маалыматтык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү, өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү маселелери боюнча коомго өз убагында маалымат берүү, коомдун идеологиялык жана маданий баалуулуктарын пропагандалоо, гуманитардык ресурсту өнүктүрүү - жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун маселелери болуп саналат.
Ошондуктан, санариптик берүүгө өтүүдө технологиялык маселелерди чечүү менен катар, төмөнкүлөр боюнча чараларды көрүү зарыл:
улуттук аудиовизуалдык продукттун сапатын жакшыртууга жана көлөмүн чоңойтууга;
жалпыга маалымдоонун электрондук каражаттарында мамлекеттик тилди кеңири жана биргелешип киргизүүгө;
улуттук, региондук жана жергиликтүү деңгээлде жалпыга маалымдоонун электрондук каражаттарын өнүктүрүүгө;
жалпыга маалымдоонун электрондук каражаттарында коомдун жашоосун объективдүү чагылдырууга;
берүүнүн техникалык мүнөздөмөсүн жана контенттин сапатын көзөмөлдөөнү камсыздоого.
VII. Концепцияны ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар
Санариптик телерадио берүүнү өз убагында киргизүү жана өнүктүрүү илим жана техника жаатында жаңы жетишкендиктер боюнча, ошондой эле экономикалык жана гуманитардык өнүгүү боюнча биздин коомду маалымат жагынан камсыздоо мүмкүнчүлүгүн бир далайга кеңейтет, ал эми мамлекеттик башкаруу органдарына мамлекеттин жана жарандык коомдун өнүгүшүнүн идеологиясын жана стратегиясын ишке ашырууга мүмкүндүк берет.
Санариптик телерадио берүүгө коомдун мамилеси көбүнчө, мамлекеттик жана коммерциялык телерадио берүү компаниялары тарабынан сунуш кылынган программалык продукттар (контент) жана азыркы кызматтардын, анын ичинде берүүнүн тиешелүү каналдарында интерактивдүү кызматтардын бардык комплексин калкка тартуулоо мүмкүндүгү менен аныкталат.
Өз убагында иштеп чыгуу жана бул Концепцияга ылайык мыйзамдык жана ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуу өлкөдөгү телерадио берүүнүн өнүгүшүнө жана жайылышына байланыштуу бардык процесстерди натыйжалуу айкалыштырууга жана жөнгө салууга мүмкүндүк берет.
Бул Концепция дүйнөлүк маалыматтык коом менен алака түзүүнү камсыздоо жана атаандаштыкты өнүктүрүү үчүн шарт түзүү, монополияны чектөө, ата-мекендик жана чет өлкөлүк компаниялардан инвестициялык жана кредиттик ресурстарды тартуу маселесин иштеп чыгуу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасында телерадио берүү жана санариптик берүүгө өтүү чөйрөсүн мамлекет тарабынан колдоо боюнча керектүү чечимдерди кабыл алуу үчүн негиз болуп саналат.