КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-июлундагы № 451 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 13-сентябры № 657 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 25-июлундагы №394 "Мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын кызматтык са-парларын жана башка сырткары чыгууларын тартипке салуу боюнча чараларжөнүндө" Жарлыгын аткаруу, ошондой эле эмгек тартибин андан ары чыњдоо,мамлекеттик жана муниципалдык жетекчи кызматчылардын жоопкерчилигин жо-горулатуу, кызматтык командировкалар жана башка сырткары чыгуулардытартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жетекчилери тиешелүү аймактардан сырткарычыккан учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин жогоруда аталганЖарлыгында белгиленген талаптарды бекем жетекчиликке алышсын жанатөмөнкүлөр менен милдеттүү түрдө макулдашсын: - облустардын мамлекеттик администрация башчылары губернаторлор,Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери -Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын жетекчиси менен; - райондордун мамлекеттик администрация башчылары облустардын мам-лекеттик администрация башчылары - губернаторлор менен; - Бишкек шаарынын райондорунун администрация башчылары - Бишкекшаарынын мэри менен; - шаар башкармаларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары - КыргызРеспубликасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттукагенттигине маалымдоо аркылуу тиешелүү аймактардын райондук мамлекеттикадминистрация башчылары менен; - мамлекеттик башкаруу органдарынын аймактык подразделениелерининжетекчилери - тиешелүү аймактардын жергиликтүү мамлекеттик администра-циялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынамаалымдоо аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчиси менен. 2. Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губерна-торлорунун, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардынмэрлеринин кызматтык сапарларынын жана башка сырткары чыгууларынын Кыр-гыз Республикасынын Премьер-министри менен макулдашуунун тиркелген фор-масы бекитилсин. 3. "Чет өлкөлүк кызматтык командировкаларды тартипке келтирүү жанауюштуруу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерининнатыйжасыз аткарылышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн2001-жылдын 12-апрелиндеги № 169 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана то-луктоо киргизилсин: - 1-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарында "облустук мамлекеттикадминистрациялардын башчылары" деген сөздөр алып салынсын; - 3-пункттун биринчи абзацы ", облустук мамлекеттик администрациябашчыларынан, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардынмэрлеринен тышкары" деген сөздөр менен толукталсын. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын мамлекеттик кызмат жана региондукөнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн. Премьер-министр Ф.Кулов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-сентябрындагы № 657 токтому менен бекитилген Облустардын мамлекеттик администрация башчыларынын - губернаторлорунун, Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызматтык сапарларын жана башка сырткары чыгууларын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен МАКУЛДАШУУНУН ФОРМАСЫ -----------------------------------------------------------------------|№|Аты-жөнү|Чыгуунун|Өлкө, калктуу |Чыгуу|Келүү| Каржылоо булагы || |кызматы |максаты | конуш (анын |күнү |күнү |---------------------|| | | | ичинде | | |Жөнөтүүчү |Чакыруучу || | | |республикасынын| | |тараптын |тараптын || | | | чегинде) | | |эсебинен |эсебинен || | | | | | |(сумма сом|(сумма сом|| | | | | | |менен |менен || | | | | | |көрсөтүл- |көрсөтүл- || | | | | | |сүн) |сүн) ||-|--------|--------|---------------|-----|-----|----------|----------||1| | | | | | | ||-|--------|--------|---------------|-----|-----|----------|----------||№|Бирге | | | | | | || |барган | | | | | | || |адамдар-| | | | | | || |дын аты-| | | | | | || |жөнү, | | | | | | || |кызматы | | | | | | ||-|--------|--------|---------------|-----|-----|----------|----------||1| | | | | | | ||-|--------|--------|---------------|-----|-----|----------|----------||2| | | | | | | ||-|--------|--------|---------------|-----|-----|----------|----------||3| | | | | | | |-----------------------------------------------------------------------