КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 847 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы №708
токтому менен жактырылган Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан), окуусунан алган кирешеси III. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматчылары), окуусунан тышкаркы кирешеси IV. Жарандардын экономикалык (ишкердик) иш жүргүзүүдөн алынган кирешелери V. Жарандардын айыл чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси VI. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке кирбөөчү кирешелердин түрлөрү VII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу адамдар VIII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдар IX. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды кирешесин аныктоо X. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин тактоо ХI. Жарандардын кирешесин түзгөн булактарды документтик ырастоонун тартиби
№1 тиркеме
№2 тиркеме
№3 тиркеме Ушул Жобо аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүүай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жый-ынды кирешесин аныктоонун тартибин белгилейт. I. Жалпы жоболор 1. Жыйынды киреше - үй-бүлө мүчөлөрүнөн отчеттук мезгилде алганалардын экономикалык ишкердигинен түшкөн киреше, менчик жана күнүмдүктрансферттерден (пенсия, стипендия, жөлөкпул, материалдык жардам жанабашка төлөмдөр) түшкөн киреше түрүндөгү каражаттарынын суммасы. 2. Жан башына орточо жыйынды киреше - айга же жылга чыгарылганүй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө эсептелген жыйынды киреше. 3. Үй-бүлө курамы - үй-бүлө курамына чогуу жашаган, тууганчылыкмамилелери менен байланышкан, чарбачылыкты чогуу жүргүзгөн, бюджетижалпы болгон адамдар кирет. 4. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесинин курамына төмөнкү са-лык алынуучу жана салык алынбоочу жеке киреше салыгынан алынган киреше-синин түрлөрү кирет: 1) жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскер кызматы), окуу-су ж.б. боюнча эмгек акы, стипендия, ошондой эле пенсия, пособие түрүн-дөгү кирешеси; 2) жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан),окуусунан тышкаркы кирешеси; 3) жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу жөнүндөгү күбөлүктүн, патен-ттин жана башка ишкердик иштердин ар кандай түрлөрүнүн негизинде ишкеашырылуучу, экономикалык (ишмердик) иштерди иш жүзүнө ашыруудагы жаран-дардын кирешеси; 4) жарандардын айыл-чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси (киреше-нин ченемдери боюнча аныкталат). II. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматынан), окуусунан алган кирешеси 5. Жарандардын кирешесинин төмөнкү түрлөрү эсепке алынат: - кызматкерлердин эмгек акылары, ага кошумча төлөөлөр, сыйлыктар,кызматтарды айкаштыруудан алынган акылар жана эмгек стажы үчүн, бийиктоолуу, алыскы райондордо жана климаттык шарты татаал аймактарда иште-гени үчүн коэффициенттер жана үстөктөр жана башка негизги иштеген жерибоюнча башка төлөөлөр кирет. - аскердик наамы үчүн жана иштеген жылдары үчүн акчалай үлүш,ошондой эле аскер кызматкерлерине жана ага тете адамдарга бул үлүштүнордуна төлөнүүчү накталай үлүш же сумма; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөнүүчү пенсиялар; - жогорку жана орто, баштапкы кесиптик билим берүүчү окуу жайла-рында окуган студенттердин, аспиранттардын, окуучулардын стипендиялары,ошондой эле"кайрымдуулук фонддордун каражаттарынан, ишканалардын, коом-дук уюмдардын каражаттарынан жана башка булактардан дайындалуучу жанатөлөнүлүүчү стипендиялар; - жумушсуздугу боюнча жөлөкпулдар. III. Жарандын негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскер кызматчылары), окуусунан тышкаркы кирешеси 6. Жарандардын кирешесинин төмөнкү түрлөрү эсепке алынат: - ачылыш, ойлоп табуу, өнөр жай үлгүсү жана рационализатордук су-нуштары, ошондой эле илимдин, адабияттын, искусствонун чыгармаларынтүзгөндүгү, чыгаргандыгы, аткаргандыгы же башкача пайдалангандыгы үчүнсумманы кошуу менен автордук сыйлыктар; - банктагы салымы боюнча жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттикказыналык миддеттенмелери боюнча пайыздар жана утуштар; - акчалай же накталай түрдө мурас жана белек катары алынган сумма-лар; - өзүнө менчик укугунда таандык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүсатуудан түшкөн суммалар; - мамлекеттик, өкмөттүк эмес, диний, коомдук уюмдардан алынганкайрымдуулук жардамдар; - юридикалык жактын уставдык (уюштуруучулук) фондундагы үлүшүнөылайык, акционердик коомдордун жарандарга таандык акцияларынын киреше-синен аларга төлөнүүчү дивиденддер; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынуучу алименттер. IV. Жарандардын экономикалык (ишкердик) иш жүргүзүүдөн алынган кирешелери 7. Жарандардын төмөнкүлөрдүн негизинде экономикалык (ишкердик) ишжүргүзүүдөн алган кирешеси: - ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндөгү күбөлүк; - салык органдарынан берилүүчү патент. 8. Жарандардын башка экономикалык (ишкердик) ишинин башкатүрлөрүнөн алган кирешеси: - кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн жалдоого (ижарага, прокатка,колдонууга) бергенден; - териси баалуу айбанаттарды багуудан жана сатуудан; - мал багуу боюнча аткарган иштерден; - жер үлүшүн ижарага алуудан. V. Жарандардын айыл чарба ишмердүүлүгүнөн алган кирешеси 9. Жарандын (үй-бүлөнүн) жер үлүшүнөн алган кирешеси (N 1 тиркеме-ге ылайык аныкталат). 10. Жарандын (үй-бүлөнүн) короо жанындагы жеринен алган кирешеси(N 2 тиркемеге ылайык аныкталат). 11. Жарандын (үй-бүлөнүн) айыл чарба жаныбарларынан алган кирешеси(N 3 тиркемеге ылайык аныкталат). VI. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке кирбөөчү кирешелердин түрлөрү 12. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо төмөнкүлөрэсепке алынбайт: - мамлекеттик жөлөкпул; - сөөк коюуга жөлөкпул; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялыктөлөмдөр; - камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) кирешелери; - бир жолу берилүүчү жөлөкпул жана социалдык жактан коргоо орган-дары тарабынан берилген жењилдиктердин бардык түрлөрү; - кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул; - командировкалык жана көтөрмөлүк чыгымдар (Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү белгилеген ченемдин чегинде); - өндүрүштүк практика, каникул убагында студенттик отряддардын ка-тарында иштеген же айыл чарба иштерине жиберилген орто атайын жана жо-горку окуу жайларынын студенттеринин, баштапкы кесиптик билим берүүчүокуу жайлардын жана жалпы билим берүүчү мектептердин окуучуларынын эм-гек акылары; - жаракат же майыптуулук алган учурда, камсыздандырылган адам казаболгондо, мүлкүнөн айрылганда камсыздандырылган сумма; - бөөдө кырсыктардын, оорунун, ошондой эле кызматкердин же анынжакын туугандарынын каза болгондугунун натыйжасында материалдык зыянкелгендигине байланыштуу кызматкерлерге берилүүчү материалдык жардам-дардын суммасы. VII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынуучу адамдар 13. Үй-бүлөнүн курамы бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду да-йындоо үчүн кайрылган учурдагы абалы боюнча аныкталат. 14. Үй-бүлөнүн курамына төмөнкүлөр кирет: атасы, апасы, өгөй ата-сы, өгөй апасы (расмий жана жарандык никеси бар), алардын балдары, чар-бачылыгы жана бюджети жалпы болгон чогуу жашаган ата-энеси. Өгөй баласыжана өгөй кызы менен чогуу жашаган учурда алар өз балдарындай эсепте-лет. 15. Үй-бүлөнүн курамын тастыктоо үчүн тиешелүү туракжай-экспулата-циялык органдарынын, кварталдык комитеттердин жана айыл өкмөттөрдүнмаалымкатын көрсөтөт. VIII. Жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдар 16. Жыйынды кирешесин аныктоодо эсепке алынбоочу адамдарга төмөн-күлөр кирет: - иштебеген, окубаган жана жумушка орноштуруу органында белгилен-ген тартипте катталбаган эмгекке жарамдуу мезгилдеги (16 жаштан жогору)үй-бүлөнүн мүчөсү (ата-энесинен тышкары). - камкорчулар (көзөмөлчүлөр) жана алардын жубайлары, баланы кам-кордукка алуу үчүн арыз берген учурда (камкордукка алуучу балдар жанаалардын бир туугандары өзүнчө үй-бүлө болуп эсептелет); - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында чыныгы ас-кердик кызмат өтөп жаткан үй-бүлө мүчөлөрү; - камактагы соттолгон үй-бүлө мүчөлөрү; - балдар үйлөрүндө, үй-интернаттарда, карылар үйлөрүндө толук мам-лекеттик камкордукта болгон үй-бүлө мүчөлөрү; - ата-энелик укуктан ажыратылган ата-энелер; - арыз жазуучу менен чарбачылыгы жана бюджети жалпы болгон дайымачогуу жашаган адамдардан тышкары тууганчылык мамилеси жок адамдар; - социалдык пособие алуучулар. IX. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды кирешесин аныктоо 17. Үй-бүлөнүн (жарандын) орточо жан башына жыйынды кирешеси жө-лөкпул үчүн кайрылган айдан мурунку он эки айдагы жарандын (үй-бүлөнүн)жыйынды кирешесин он экиге бөлүү, андан кийин үй-бүлөнүн орточо жан ба-шына жыйынды кирешесин эсептөөдө эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүнсанына бөлүү жолу менен эсептелет. Арыз берүүчү жумушка орношкондугу же жањы киреше алгандыгы сыяктуужагдайдын жакын арада өзгөргөндүгү жөнүндө билдирген учурда, көрсөтүл-гөн кирешеге ылайык кайра эсептөө жүргүзүлөт. 18. Ушул Жобонун 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн үй-бүлөнүн (жа-рандын) жана сезондук жумушчулардын орточо жан башына жыйынды кирешесижөлөкпул үчүн кайрылган жылдан мурунку календардык жыл үчүн жарандардынжыйынды кирешесин он экиге бөлүү, андан кийин үй-бүлөнүн орточо жан ба-шына жыйынды кирешесин эсептөөдө эсепке алынуучу үй-бүлө мүчөлөрүнүнсанына бөлүү жолу менен эсептелет. Эгерде арыз берүүчү жөлөкпул дайындоо үчүн учурдагы жылдын сен-тябрь айына чейин кайрылса, ал эми мурунку жылдын күзүндө же учурдагыжылдын жазында жер алган учурда, айыл чарба ишкердүүлүгүнөн алынган ки-реше учурдагы жылдын сентябрь айынан баштап үй-бүлөнүн жыйынды киреше-синде эсепке алынат. Коллективдүү жана мамлекеттик чарбаларда иштегендердин кирешесинэсептөө алардын чарбачылыктан алган эмгек акысынан жүргүзүлөт. 19. Накталай түрдө алынган кирешени киреше алып жаткан учурда ба-зар баасына которуш керек, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабы-нан белгиленген тартипте белгиленет. 20. Үй-бүлөнүн орточо жан башына жыйынды кирешесин эсептөөдө кам-корчулардын (көзөмөлчүлөрдүн) жана алардын камкордугундагы жанакөзөмөлчүлүгүндөгү балдарынын кирешеси өзүнчө аныкталат. 21. Соттун чечими менен аялына (күйөөсүнө) балдары үчүн алименттинөлчөмү аныкталып, бирок алимент төлөнбөгөн учурда, жөлөкпул сот органытарабынан берилген алиментти төлөө боюнча карызы жөнүндөгү маалымкаттыннегизинде дайындалат. 22. Жубайлар ортосундагы нике бузулуп, бирок алимент сот тарабынананыкталбаган учурда, баланын кирешесинин өлчөмү текшерүү актысынын жанаарыз берүүчүнүн түшүнүк катынын негизинде аныкталат. 23. Жубайлар ортосундагы нике бузулбай, бирок сот тарабынан атасы-нан (энесинен) алимент кармоо жөнүндөгү чечим чыгып, ал эми жубайларчогуу жашап жана чарбачылыкты чогуу жүргүзгөн учурда үй-бүлөнүн жыйындыкирешесине атасынын (энесинин) эмгек акысы жана дайындалган алименткиргизилет. Эгерде ал бөлөк жашаса, үй-бүлөнүн курамына атасы (энеси) эсептел-бейт, ал эми үй-бүлөнүн жыйынды кирешесине алынып жаткан алимент ганаэсептелет. 24. Жубайлар ортосундагы нике бузулбай, бирок алар чогуу жашабаганучурда, үй-бүлөнүн орточо жан башына жыйынды кирешесин аныктоо үчүнатасынын (энесинин) же алименттин өлчөмү талап кылынат. Атасынын (эне-синин) кайсыл жерде экени белгисиз болгон учурда, ички иштер органдарытарабынан издөө жүргүзгөндүгү жөнүндөгү маалымкат талап кылынат жанаүй-бүлөнү текшерүү актысы жүргүзүлөт. 25. Баланын ата-энеси катталган никеде турбай жана чогуу жашабаганучурда, үй-бүлөнүн курамын жана үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктооүчүн үй-бүлөгө текшерүү актысы түзүлөт. 26. Алимент сот органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдар-дын жана чарбалардын маалымкатынын негизинде эсептелет. 27. Эгерде ата-энесинин бирөө республиканын чегинен сырткары иште-се (КМШ өлкөлөрүндө же алыскы чет өлкөлөрдө), ошондой эле республикадафактылай жашаган ордунан сырткары жашаган учурда, үй-бүлөнүн жыйындыкирешеси арыз берүүчүнүн турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы аркы-луу аныкталат. 28. Үй-бүлөнүн жыйынды кирешесин аныктоодо талаш-тартыш маселелерпайда болгон учурда, ал маселени айыл өкмөтүнүн алдындагы социалдык ма-селелер боюнча комиссия карайт, ал эми пикир келишпестиктер пайда бол-гон учурда, райондун мамлекеттик администрациясынын социалдык маселелербоюнча комиссиясы карайт. X. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин тактоо 29. Жыл ичинде жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин тактоотөмөнкү учурларда жүргүзүлөт: - үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси өзгөргөн учурда; - үй-бүлөнүн курамы өзгөргөн учурда; - бала төрөлгөндө; - арыз берүүчүнүн, үй-бүлө мүчөсүнүн туруктуу жашаган жери өзгөр-гөн же республикадан сырткары туруктуу жашоо үчүн кеткен учурда; - үй-бүлө мүчөсүнүн бирөө толук мамлекеттик камсыздоочу мекемегежайгаштырылган учурда; - нике катталган же бузулган учурда; - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө анык аскер кызматынөтөө үчүн (офицердик курамдан тышкары) чакырылган учурда; - арыз берүүчү же үй-бүлө мүчөсү каза болгон учурда; - ата-энелик укуктан ажыратылган учурда; - күйөөсү же аялы эркинен ажыратылган (тергөөдө жүргөн учурду ко-шуу менен) же мажбурлап дарылоого жөнөтүлгөн учурда; - бала 16 жашка чыккан учурда; - окуучу орто мектепти бүткөн же орто мектептен кеткен учурда; - окуучу же студент 21 жашка чыкканда, 21 жашка чейин баштапкы,орто жана жогорку окуу жайын бүткөн же чыгарылган учурда; - окууга же ишке кирген учурда; - пенсионерлер, жумушсуздар ишке кирген учурда; - майыптуулугунун мөөнөтү бүткөндө, анын тобу өзгөргөн учурда. ХI. Жарандардын кирешесин түзгөн булактарды документтик ырастоонун тартиби 30. Социалдык жактан коргоо органдарына аз камсыз болгондугу боюн-ча ай сайын берилүүчү бирдиктүү жөлөкпулду алуу үчүн арыз менен кайрыл-ган жарандар алынган кирешени ырастоочу төмөнкү документтерди беришет: - негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусу боюнча; - негизги иштеген ишинен, кызматынан (аскердик), окуусунан эмес; - экономикалык (ишкердик) ишти ишке ашыруудан; - айыл чарба ишмердүүлүгүнөн. Ушул Жобонун 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн кирешелер жөнүндөгүмаалымкат, аны берген учурдан бир ай убакыт өтпөгөн учурда кабыл алы-нат. 31. Жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусуж.б. боюнча алган эмгек акы, стипендия, ошондой эле пенсия, жөлөкпултүрүндөгү кирешеси жөнүндөгү тастыктоочу документ болуп иштеген жери-нен, окуусунан, социалдык жактан коргоо, жумуштуулук органдарынан, Кыр-гыз Республикасынын Социалдык фондунан алынган, жетекчинин, башкы бух-галтердин колу менен жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн маалымкатэсептелет. Маалымкаттын формасы Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдыкжактан коргоо министрлиги тарабынан бекитилет. 32. Жарандардын негизги иштеген иши, кызматы (аскердик), окуусуж.б. боюнча эмес экономикалык (ишкердик) иштен ишкер жана патент катарымамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү маалымкаттын негизинде алганкирешеси жөнүндөгү документ болуп жарандын жазуу түрүндөгү арызынаылайык салык органдарынан берилген белгиленген формадагы маалымкатэсептелет. 33. Алимент жөнүндөгү тастыктоочу документти сот органдары, ишка-налар , мекемелер, уюмдар жана чарбалар кайрылган учурда аткаруу барак-часы болгондо гана берет. 34. Жер үлүшүнөн, короо жанындагы жерден жана айыл чарба жаныбар-ларынан түшкөн кирешени аныктоо үчүн жердин өлчөмүн, категориясын жанаболгон айыл чарба жаныбарларынын санын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүнмаалымкаты талап кылынат. Коллективдүү, мамлекеттик чарбалардын мүчөлөрү аз камсыз болгонду-гу боюнча жөлөкпулду алуу үчүн чарбадан алган эмгек акысы жөнүндөгү ма-алымкатты берүүсү керек. Чарбанын маалымкаты жок болгон учурда жеринин өлчөмүн жана катего-риясын көрсөтүү менен айыл өкмөтүнүн маалымкаты талап кылынат.
№1 тиркеме Бир сотукка эсептегенде жер үлүшүн пайдалануудан алган кирешелердин ченемдери (сом/бир айда) -----------------------------------------------------------------------|№| Облустардын аталышы |Жер үлүшүнөн кирешелеринин ченемдери || | |-------------------------------------|| | | Сугат жер | Кайрак жер || | |(сотук/ бир айда) | (сотук/ бир айда)||-|-----------------------------|------------------|------------------||1|Талас | 5,51 | 1,32 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||2|Чүй | 6,01 | 1,56 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||3|Ысык-Көл | 6,75 | 2,02 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||4|Нарын | 4,73 | 1,23 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||5|Ош | 10,9 | 2,41 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||6|Жалал-Абад | 11,43 | 2,51 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||7|Баткен | 6,26 | 1,37 |-----------------------------------------------------------------------
№2 тиркеме Бир сотукка эсептегенде короо жанындагы жеринен алган кирешелердин ченемдери (сом/бир айда) -----------------------------------------------------------------------|№| Облустардын аталышы |Жерүлүшүнөн кирешелеринин ченемдери || | |-------------------------------------|| | | Сугат жер | Кайрак жер || | |(сотук/ бир айда) | (сотук/ бир айда)||-|-----------------------------|------------------|------------------||1|Талас | 18,1 | 4,3 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||2|Чүй | 10,8 | 2,8 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||3|Ысык-Көл | 12,8 | 3,9 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||4|Нарын | 11,2 | 2,9 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||5|Ош | 24,9 | 4,2 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||6|Жалал-Абад | 22,9 | 3,7 ||-|-----------------------------|------------------|------------------||7|Баткен | 12,4 | 2,7 |-----------------------------------------------------------------------
№3 тиркеме Мал башына эсептегенде айыл чарба жаныбарларынан алган кирешелердин ченемдери (сом\ бир айда) -----------------------------------------------------------------------|№|Облустардын аталышы | Уй | кой, эчки | Чочко || | | 1 баштан | 1 баштан | 1 баштан || | |(сом\ бир айда)|(сом\бир айда)|(сом\ бир айда)||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||1|Ош | 219 | 46 | 57 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||2|Жалал-Абад | 240 | 33 | 57 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||3|Баткен | 185 | 36 | 72 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||4|Нарын | 215 | 53 | 0 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||5|Ысык-Көл | 288 | 45 | 63 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||6|Талас | 281 | 50 | 79 ||-|--------------------|---------------|--------------|---------------||7|Чүй | 548 | 54 | 93 |-----------------------------------------------------------------------