Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-декабры № 847
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307, 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-июнундагы № 283 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-декабрындагы № 823 "Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2 жана 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик пособиелерди жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жободо:
- 2.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку жөлөкпул ар бир алуучуга бир жылдык мөөнөткө таризделген тапшырмалар боюнча төлөнөт.";
- 2.2-пунктундагы "транспорт жана коммуникация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр "почталык байланыш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5.1.1-пунктунун биринчи абзацындагы биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5.1.1. Чектөө боюнча бөлүмдүн адистери мамлекеттик пособиелерди чектөө жөнүндө протоколдордун негизинде пособие алуучулардын бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособие, балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү пособие (мындан ары - АББП) жана ай сайын берилүүчү социалдык пособие (мындан ары - АБСП) үчүн берген документтери жөнүндө кабарлоолорду эки нускада ар бир айдын 10уна чейин даярдашат.";
- 5.1.3-пунктунун экинчи абзацы "АББП" деген сөздөн мурда "Бала төрөлгөндө "балага сүйүнчү" бир жолку пособиени жана" деген сөздөр менен толукталсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-июнундагы № 307 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 12-январындагы № 26 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобо тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-октябрындагы № 708 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү жөлөкпулду дайындоо үчүн жарандын (үй-бүлөнүн) жыйынды кирешесин аныктоонун тартиби жөнүндө жобону жактыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-январындагы № 19 "Аз камсыз үй-бүлөлөргө жана жарандарга бирдиктүү ай сайын берилүүчү пособие чектөө үчүн үй-бүлөнүн муктаждык даражасын аныктоонун кошумча критерийлерине апробация жүргүзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-июлундагы № 131 "Калктын аялуу катмарларын социалдык колдоону күчөтүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-августундагы № 543 "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатуу жана балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар айдагы жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү жөнүндө" токтому.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |