Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-майындагы № 200 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2006-жылдын 4-октябры №718 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын экономикасында накта акчалай эмес эсептешүүгө өтүү боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө Финансылык агымдардын жана акчалардын жүгүртүлүшүнүн ачыктыгынкүчөтүү, көмүскө экономиканын үлүшүн азайтуу, коррупцияга, кылмыштуужол менен алынган акчаларды адалдоого, терроризмди каржылоого каршыкүрөштүн чараларын катаалдатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтоктом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттерижана администрациялык ведомстволору, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарла-рынын мэриялары: - аткарылган жумуштар жана көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акыларды2007-жылдын 1-январынан кечиктирбестен коммерциялык банктардагы эсептержана кассалар жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрүаркылуу алууга өтүү боюнча чара көрүшсүн; - жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2007-жылдан10-январына чейинки мөөнөттө билдиришсин. 2. Акцияларында мамлекеттин үлүшү бар, калкка туруктуу кызмат көрсөтүүчү карањыз) (жылуулук, газ, суу, электр менен кам-сыздоо, телефон байланышы, камсыздандыруу взностору) чарбакер субъект-терге сунушталсын: - ички кассаларды жабуу жана 2007-жылдын 1-январынан кечиктирбес-тен жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акыларды коммерциялыкбанктардагы эсептер жана кассалар жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик иш-канасынын бөлүмдөрү аркылуу алууга өтүү боюнча чара көрүү; - жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансыминистрлигине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына 2007-жылдан10-январына чейинки мөөнөттө маалымат берүү. 3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыр-гыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) жана Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясы 2006-жыл-дын 1-ноябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөргө арналган нормативдик укук-тук актылардын долбоорлорун иштеп чыгышсын жана Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн кароосуна беришсин: - юридикалык жактардын жана юридикалык жак түзбөгөн жеке ишкерлер-дин кассаларында акча каражаттын калышын Кыргыз Республикасынын мыйзам-дарында каралгандан башка учурларда кассадагы күндүк орточо жүгүртүүнүнжалпы көлөмүнүн 10 процентинен ашпаган өлчөмдө чектеп, акча каражаттынлимиттен ашык калдыгын коммерциялык банктагы алыш-бериш эсепке үч ишкүндө бир жолудан кем эмес тапшырып турууга. Кассалардагы калдыктын лимитинин сакталышын контролдоо Кыргыз Рес-публикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясына жүктөл-сүн; - бүтүмдүн бардык түрлөрү үчүн накта акчалай түрдө эсептешүү жүр-гүзүү үчүн чектик сумманы 100000 (жүз мињ) сом өлчөмдө белгилөөгө. Мын-да көрсөтүлгөн чектик суммадан ашкан бардык эсептешүүлөр накта акчалайэмес түрдө гана жүргүзүлөт. 4. Коммерциялык банктарга төмөнкүдөй багыттар боюнча ишти актив-дештирүү сунушталсын: - жеке адамдардан жана юридикалык жактардан акыларды алууну кам-сыздоо үчүн филиалдардын жана сактык кассалардын тармагын кењейтүү; - экономикада акчалай эмес эсептешүүлөрдүн көбөйүшүнө түрткү берүүүчүн жеке адамдардын жана юридикалык жактардын төлөмдөрүн жүргүзүүгөтарифтерди азайтуу; - банктык төлөө карталары, жолдук чектер жана акчалай эмес эсепте-шүү боюнча башка төлөмдүк каражаттар менен эсептешүү системаларын тей-лөө жана киргизүү; - юридикалык жактар жана соода, коомдук тамактануу жана кызматкөрсөтүү чөйрөсүндө чарбалык иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлер, автомашинагамай куюучу станциялар, калктан накталай акча алуучу башка пункттар ме-нен банктык төлөм карталарын пайдаланып акыларды кабыл алууга жанааларды соодалык терминалдар менен камсыздоого келишимдерди түзүү. 5. Юридикалык жактарга жана соода, коомдук тамактануу жана кызматкөрсөтүү чөйрөсүндө чарбалык иш жүргүзүшкөн жеке ишкерлерге, автомаши-нага май куюучу станцияларга, калктан накталай акча алуучу башка пункт-тарга банктык төлөм карталарын пайдалануу менен акыларды алуу үчүн соо-далык терминалдарды коммерциялык банктар менен макулдашуу боюнча ижара-лык шартта же өздүк эсебинен ачуу сунушталсын. Товарлар жама көрсөтүл-гөн кызматтар үчүн акыны банктык төлөө карталарын колдонуп төлөөдө бе-рилген терминалдардын, банкоматтардын чектери товарларга жана кызмат-тарга акы төлөнгөнүн ырастоочу документтерге тењештирилет. 6. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жанаКыргыз Республикасынын Улуттук банкы (макулдашуу боюнча) 2007-жылдын15-январына чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул токтомдун 1 жана2-пункттарынын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин. 7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. 8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн. Эскертүү: (*) - коммерциялык банктардын кассалары жана филиалдары, "Кыргыз-почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жок республиканын алыскы ре-гиондорунан башкаларга. Премьер-министр Ф.Кулов