Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 10-ноябры № 787
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун жобосун, сүрөттөлүшүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын жарандарын Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 8-декабрындагы № 563 токтомун ишке ашыруу жана 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келүүчү мамлекеттик символикасы менен колдонууга чыгаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө жобо;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун үлгүсү.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персоналдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынан документтерди алууну, тариздөөнү жүргүзөт, алардын даярдалышын камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү берилген жалпы жарандык паспорттору жөнүндө маалыматтардын маалыматтык базасын түзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү даярдалган, персоналдаштырылган жалпы жарандык паспортторун берет.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун персоналдаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынан тышкары жактарда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алууну жана тариздөөнү жүргүзөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү персоналдаштырылган жалпы жарандык паспортторун берет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун Кыргыз Республикасында киргизилиши жөнүндө чет мамлекеттерге маалымдоону камсыз кылсын.
4. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, мамлекеттик комитеттер, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
М.Д. Абылгазиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортунун СҮРӨТТӨЛҮШҮ
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - паспорт) 88 мм х 125 мм өлчөмүндө, мукабасын кошпогондо 32 барактан турат, бурчу тегеректелген. Барактары суу белгилери бар атайын кагаздан даярдалган. Кагаз химиялык реагенттерге туруктуу, көрүнүп турган жана көрүнбөгөн ультракызгылткөк боектор менен басууга арналган. Суу белгилери бар кагаз көрүнбөгөн флуоресценттик була материалды камтыйт.
Паспорттун ички барактары ачык көк түстө. Паспортто жазуулар көк жана кара түстөгү боектор менен жазылган.
Паспорттун ар бир барагы дизайндын элементиндей катар номурларды камтыйт. Катар номурлар ультракызгылткөк жарыкта жашыл түс менен флуоресценцияланган көрүнбөгөн боектор менен кайталанат.
Паспорттун барактары эки түстөгү жип менен тигилген, анын бири флуоресценциялайт, ал эми экинчиси ультракызгылткөк жарыкта "оптикалык инерттүү" калат.
2. Паспорттун бланкасынын мукабасы ачык көк түстө, ал чыдамдуу материалдан даярдалат. Паспорттун алдыңкы мукабасынын сырт жагында алтын түс менен жазылган төмөнкүдөй сөздөр жайгашкан:
- төмөнкүдөй сөздөр мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде ысытып басуу ыкмасында жазылган:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ТНЕ КҮRGYZ RЕРUВLIС"
- ортодо - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөттөлүшү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин ылдый жагында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуу бар:
"ПАСПОРТ
ПАСПОРТ
PАSSРORT".
3. Жалпы жарандык паспорттун алдыңкы мукабасынын ички жагында төмөнкүлөр жайгашкан:
- мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуулар бар:
"Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосуна алынат.
Общегражданский паспорт является собственностью Кыргызской Республики, а его владелец находится под защитой Кыргызской Республики.
Тhе №atio№al passport is the property of the Kyrgyz Republic a№d its bearer is u№der the рroteсtio№ of the Kyrgyz Republic";
- жазуулардын ылдый жагында улуттук идиш - "көөкөрдүн" сүрөтү жайгашкан;
- "көөкөрдүн" ылдый жагында бүркүттүн стилдештирилген сүрөтү жайгашкан.
4. Жалпы жарандык паспорттун биринчи барагында төмөнкүлөр жайгашкан:
- мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуулар бар:
"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА
ТНЕ КҮRGYZ RЕРUВLIС";
- ортосунда - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин ачык көгүш түстө тартылган сүрөтү;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин ылдый жагында мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде төмөнкүдөй жазуулар бар:
"ПАСПОРТ
ПАСПОРТ
PАSSРORT
Паспорт 32 беттен турат
Паспорт содержит 32 страницы
Раssроrt co№tai№s 32 pages";
- паспорттун номери типографиялык ыкмада кара түстөгү боек менен жазылган.
5. Барактардын жогорку бөлүгүндө лазердик конустук (өлчөмүн кичирейтүү менен) перфорация ыкмасы менен аткарылган паспорттун номери жазылган. Бардык барактар, экинчи барактан баштап 31ге чейин, чет мамлекеттин визаларын, мамлекеттик чегарадан өткөндүгү жөнүндө чегаралык контролдук-өткөрүү пунктунун белгисин, туруктуу жашоо үчүн консулдук каттоого тургандыгы же консулдук каттоодон чыккандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин белгисин, барган өлкөнүн жашоого уруксат берген Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белгисин коюуга арналган.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Жалпы жарандык паспорттун 31-барагында төмөнкүлөр жайгашкан:
Сол жагынын үстүндө төмөнкүдөй текст бар:
"Жалпы жарандык паспорт/
Общегражданский паспорт/
№atio№al passport";
- жазуунун алдында - кыргыз оймо-чиймесинин элементтери жана ээсинин цифралык формага айландырылган түстүү сүрөтү үчүн орун;
- оң жагында - берген мамлекеттин үч тилде жазылган аты бар:
"Кыргыз Республикасы/
Кыргызская Республика/The Кyrgyz Rерublic";
- ортодо - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин фондук сүрөттөлүшү;
- жана паспорттун багыттоочу тексти жайгашкан:
"Түрү/Тип/Тype Өлкөнүн коду/Код страны/Соu№try code
Фамилиясы/Фамилия/Sur№ame
Аты/Имя/Give№ №ames Жынысы/Пол/Sех
Жарандыгы/Гражданство/Citize№ship
Туулган датасы/Дата рождения/Date of birth
Туулган жери/Место рождения/Place of birth
Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue
Документти берген орган/Орган, выдавший документ/Issui№g authority
Жарактуу мөөнөтү бүткөн датасы/Дата окончания срока действия/Ехрiry dаte";
- оң жагында - ээсинин цифралык форматтагы кичирейтилген сүрөтү жана төмөнкүдөй текст жайгашкан:
"Паспорттун №/Паспорт №/Раssроrt №"
Ээсинин колу/Подпись владельца/Bearer`s sig№ature";
- сол жагында - ээсинин цифралык форматтагы сүрөтү, анын алдында төмөнкүдөй текст бар:
"Жеке номери/Персональный номер/Реrsо№аl №umber";
- барактын ылдыйкы бөлүгү - машина менен окулуучу зона, анда эки сапта машина менен окулуучу жазуулар - тамга-цифралык код жайгашат, ал эл аралык стандартка ылайык бул документтеги негизги маалыматтарды камтыйт.
7. Паспорттун арткы мукабасынын ички жагында күн нурлары түрүндөгү түндүк, барактын төмөнкү бөлүгүндө бүркүттүн стилдештирилген сүрөттөлүшү тартылган.
Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосуна алынат. Общегражданский паспорт является собственностью Кыргызской Республики, а его владелец находится под защитой Кыргызской Республики. The №atio№al passport is the property of the Kyrgyz Republic a№d its bearer is u№der the protectio№ of the Kyrgyz Republic. (Изображение национального предмета "көөкөр") (Стилизованное изображение беркута) | КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА THE KYRGYZ REPUBLIC (Герб Кыргызской Республики) ПАСПОРТ ПАСПОРТ PASSPORT Паспорт 32 беттен турат Паспорт содержит 32 страницы Passport co№tai№s 32 pages AC000000 |
| ||
SPECIME№ Жалпы жарандык паспорт/ №atio№al passport / Общегражданский паспорт/ Кыргыз Республикасы /Кыргызская Республика / The Kyrgyz Republic Түрү/Тип/Туре Өлкөнүн коду/Код страны/Cou№try code P KGZ
| ||
(сүрөт) | Фамилиясы/Фамилия/Sur№ame BELEKOVA Аты/Имя/Give№ №ames AIDAI Жынысы/Пол/ Sex F Паспорттун №/ Паспорт №/ Passport № AC000000 Жарандыгы/Гражданство/ Citize№ship KYRGYZ REPUBLIC Ээсинин колу/ Подпись владельца/ Bearer's sig№ature (подпись) Туулган датасы/ Дата рождения/Date of birth 06 09 1984 Туулган жери/Место рождения/Place of birth KYRGYZ REPUBLIC Берилген датасы/Дата выдачи/Date of issue 10 11 2006 Документти берген орган/Орган, выдавший документ/Issui№g authority SAIRT Жеке номери/Персональный номер/Perso№al №umber 10609198401103 Жарактуу мөөнөтү бүткөн датасы/Дата окончания срока действия/Expiry date 10 11 2016 P<KGZBELEKOVA<< AIDAI <<<<<<<<<<<<<<<<<<<<<<<< AC000000 <68409067F16111061060919840110356 | (фото) |