Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-ноябрындагы № 787 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2011-жылдын 20-июнундагы № 332, 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 580, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Бул Жобо "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин аткаруунун жүрүшү жана Кыргыз Республикасынын жарандарын улуттук паспорттор менен камсыз кылуудагы кырдаалды турукташтыруу боюнча өзгөчө чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 174 токтомунун 3-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы № 126-б буйругунун 3-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келген мамлекеттик символика менен колдонууга чыгаруу максатында иштелип чыккан, ал 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортту берүү, алмаштыруу, алып коюу, сактоо жана аларды пайдалануу тартибин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү Кыргыз Республикасынын жарандарынын негизги эркиндиктери менен укуктарын коргоого жана ишке ашырууга көмөктөшүүгө, улуттук коопсуздукту чыңдоого, коомдук тартипти коргоону жана кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган.
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту (мындан ары - жалпы жарандык паспорт) Кыргыз Республикасына кирүүгө, Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берүүчү жана Кыргыз Республикасынын жараны анын чегинен сырткары жүргөн убакта ким экендигин тастыктоочу документ болуп саналат.
2. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат, ал эми анын ээси Кыргыз Республикасынын коргоосунда турат.
3. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын жарандарына алар арыз берген учурда курагына карабастан белгиленген форма боюнча берилет.
- Кыргыз Республикасынын жаранынын арызы боюнча анын наамына Кыргыз Республикасынын жаранынын экинчи жалпы жарандык паспорту берилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 580 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жалпы жарандык паспорт он жылдык мөөнөткө берилет.
41. Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү паспорттун колдонуу мөөнөтүн узартууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Колдонулуш мөөнөтү бүткөндө жалпы жарандык паспорт белгиленген тартипте алмаштырылууга тийиш.
6. Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы жарандык паспорт анын ээси тарабынан жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү жасоо, банктык операцияларды жүргүзүү үчүн документ катары кызмат кыла албайт.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жана Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту болбогон Кыргыз Республикасынын жараны консулдук каттоого же туруктуу жашоого тургандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин белгиси, барган өлкөнүн жашоого уруксат берген белгиси жалпы жарандык паспортунда болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык-укуктук, нотариалдык бүтүмдөрдү, банктык операцияларды жүргүзө алышат.
7. Жалпы жарандык паспортту күрөөгө алууга жана берүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо каралган учурлардан тышкары аны алып коюуга тыюу салынат.
8. Жалпы жарандык паспорт Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары чыгуу жана Кыргыз Республикасына кирүү үчүн жарактуу. Чет мамлекетке чыгуу тартиби алардын улуттук мыйзамдарына, ошондой эле күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жөнгө салынат.
9. Жалпы жарандык паспортту берүү жана алмаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен өлчөмдө акы төлөнөт.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментинин аймактык органдары (мындан ары - Департаменттин аймактык органдары), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты каттоо департаментине (мындан ары - Департамент) ай сайын төмөнкүдөй маалыматтарды жиберет:
- берилген жалпы жарандык паспорттор жөнүндө;
- жалпы жарандык паспорттордун бузулган бланктары жөнүндө;
- жоголгон жалпы жарандык паспорттор жөнүндө;
- алып коюлган жалпы жарандык паспорттор жөнүндө;
- ээси жок жалпы жарандык паспорттор жөнүндө.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Жалпы жарандык паспортко киргизилүүчү маалыматтар жана белгилер
11. Жалпы жарандык паспортто берилген текст((1) эскертүүнү караңыздар) мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде толтурулат. Киргизилген маалыматтар((2) эскертүүнү караңыздар) англис тилинде басылат жана төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- берген мамлекеттин аталышы;
- документтин аталышы;
- паспорттун тиби;
- өлкөнүн үч тамгадан турган коду;
- фамилиясы, аты-жөнү;
- туулган датасы жана жери;
- жынысы;
- паспорттун номери;
- жеке идентификациялык номери (жеке номери);
- жарандык;
- жалпы жарандык паспортту берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы((3) тиркемени караңыз);
- жалпы жарандык паспорттун берилген датасы жана колдонуу мөөнөтү аяктаган дата;
- ээсинин колу;
- машина менен окулуучу код.
12. Жалпы жарандык паспортко төмөнкүдөй жазуулар жана белгилер киргизилет:
- чет мамлекеттин визасы;
- чегаралык көзөмөлдөө-өткөрүү пунктунун мамлекеттик чегарадан өткөндүк жөнүндө белгиси;
- Кыргыз Республикасынын дипломаттык өкүлчүлүгүнүн же консулдук мекемесинин туруктуу жашап жаткандыгы боюнча консулдук каттоого тургандыгы же консулдук каттоодон чыккандыгы жөнүндө белгиси;
- ошол өлкөнүн жашоого уруксат бергендиги жөнүндө маалымат;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө белги.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34, 2020-жылдын 19-майындагы № 256 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Жалпы жарандык паспортко анын ээсинин цифралык форматтагы түстүү сүрөтү киргизилет.
14. Жалпы жарандык паспортко ушул Жободо каралбаган маалыматтарды, белгилерди жана жазууларды киргизүүгө тыюу салынат.
III. Жалпы жарандык паспортту берүүнүн, алмаштыруунун тартиби жана мөөнөттөрү
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
IV. Жалпы жарандык паспортту алып коюу
26. Жарандын жалпы жарандык паспорту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда алгачкы текшерүү органдары, тергөө органдары жана сот тарабынан алынып коюулушу мүмкүн. Алып коюлган жалпы жарандык паспорттор жөнүндө маалыматтар көрсөтүлгөн органдар тарабынан Департаменттин аймактык органына жиберилет, ал өз кезегинде министрликтерге жана ведомстволорго кабарлайт.
Камакка алынган, эркинен ажыратылган, ошондой эле коомдук иштерге тартылган адамдардан жалпы жарандык паспорт алып коюлат жана жазаны ишке ашыруучу мекемелерде сакталат. Алар эркиндикке чыкканда жалпы жарандык паспорт ээсине кайтарылат.
27. Жалпы жарандык паспорт ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын жүйөлүү чечимдеринин негизинде төмөнкүдөй учурларда алып коюлат:
- жалпы жарандык паспорт жасалма болгондо;
- жалпы жарандык паспорт жасалма же мыйзамсыз алынган документ боюнча берилген фактысы аныкталганда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгып кеткен учурда;
- адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон учурда;
- Кыргыз Республикасынан чыгууда "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган Кыргыз Республикасынын жаранынын укугун убактылуу чектөөчү кырдаалдар болгондо;
- жалпы жарандык паспорт жараксыз болуп саналганда.
28. Жалпы жарандык паспорт жараксыз деп табылат, эгер:
- ким экендигин аныктоого мүмкүн эмес болсо;
- ушул Жободо каралган айрым жазуулар жок болсо;
- чындыкка дал келбеген маалыматтар, ушул Жободо каралбаган белгилер жана (же) жазуулар киргизилсе;
- химиялык, механикалык жана башка бузулууларга байланыштуу андан ары пайдаланууга жараксыз болсо;
- колдонуу мөөнөтү бүтсө.
29. Жараксыз жалпы жарандык паспорттор эки нускада акт түзүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленген тартипте алып коюлууга тийиш, алардын бирөөсү акт түзүлгөн жерде калат, экинчиси Департаментке ушул Жобонун VI бөлүмүндө каралган тартипте жок кылуу үчүн жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-февралындагы № 34 токтомунун редакциясына ылайык)
30. Табылган жалпы жарандык паспорттор алардын ээсине тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын тийиштүү бөлүмдөрүнө тапшырылат. Суралбаган жалпы жарандык паспорттор, алмаштырыла турган жалпы жарандык паспорттор, мөөнөтү бүткөн жана колдонууга жараксыз (химиялык, механикалык жол менен бузулган) жалпы жарандык паспорттор жок кылуу үчүн Департаменттин аймактык органына жиберилет.
V. Жалпы жарандык паспорттун бланкаларын эсепке алуу жана сактоо
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VI. Жалпы жарандык паспортторду жана жалпы жарандык паспорттордун бланктарын жок кылуу
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VII. Жалпы жарандык паспортту толтуруу, берүү жана эсепке алуу тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-июнундагы № 332 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
VIII. Ушул Жобону бузгандык үчүн жоопкерчилик
37. Бул Жобонун талаптарын бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жооп беришет.
IX. Мамлекеттер аралык келишимдерди колдонуу
38. Эгер Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мамлекеттер аралык келишимде ушул Жободо айтылгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин эрежелери колдонулат.
Эскертүү:
(1) Жалпы жарандык паспортто берилген текст (заголовок) - документте камтылган текст, анын негизинде документтин ээси жөнүндө биографиялык жана башка маалыматтар киргизилет.
(2) Киргизилген маалыматтар - документтин ээси жөнүндө биографиялык жана башка маалыматтар.
(3) Жалпы жарандык паспортту берген ыйгарым укуктуу органдын аталышы - жалпы жарандык паспортту персонификациялоону жана анын чыныгы экендигин текшерүүнү камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу орган.