Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 22-сентябры № 1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын аткаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын аткаруу боюнча маалыматтарды угуп, талкуулап, Боо-Терек айылдык аймактык кеңешинин XXXII чакырылышындагы депутаттардын XVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” ПЖ №284 Жарлыгын аткарууга алынсын.
2. 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында биринчи Элдик Курултай чакырылгандыгы эске алынсын.
3. Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Боо-Терек айылынын жааматтарында Боо-Терек айылынын Элдик Курултайына делегаттарды шайлоо жана Боо-Терек айылынан Биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Боо-Терек айылында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жобо №4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жергиликтүү курултайдын мүчөлөрүнүн саны 50 делегат деп белгиленсин. Боо-Терек айылынын атынан Биринчи Элдик Курултайга эки делегат шайлансын. Боо-Терек айылында Элдик Курултай Маданият үйүндө өткөрүлсүн.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Мамыралиев |
№1 тиркеме
Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү жана Бишкек шаарында өтүүчү биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча иш-чаралар планы
№ | Иш-чаралардын мазмуну | Аткарууга жооптуулар | Мөөнөтү |
1. | Боо-Терек айылында жыйындарды жана чогулуштарды уюштуруу, Курултайга 50 делегатты шайлоо | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков, Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топ | Бекитилген графиктин негизинде |
2. | Боо-Терек айылынын Элдик Курултайын даярдоого жана өткөрүүгө материалдык-техникалык жактан камсыздоо | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков | 2022-жылдын 25-ноябрына чейин |
3. | Бишкек шаарындагы биринчи Элдик Курултайга делегаттарды шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде, укук коргоо органдары менен макулдашып мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча иш аракеттерди жүргүзүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков | Сентябрь, октябрь, ноябрь 2022-жыл |
4. | Боо-Терек айылында өтүүчү Элдик Курултай жөнүндө маалыматтарды эл арасына жайылтуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков | Сентябрь, октябрь 2022-жыл |
5. | Жергиликтүү Кеңешке жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жыйындарынын протоколдору жана делегаттардын анкеталары менен берүү | Жумушчу топ | 2022-жылдын 1-ноябрына чейин |
6. | Жергиликтүү курултайдын делегаттарына документти (мандатты тапшыруу) | Жумушчу топ | 2022-жылдын 4-ноябры |
7. | Боо-Терек айылынын жалпы Элдик Курултайын уюштуруу жана өткөрүү. | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков, Жумушчу топтун мүчөлөрү | 2022-жылдын 5-ноябры |
8. | Боо-Терек айылынан Элдик Курултайга делегаттардын тизмесин, шайлоо тууралуу протоколду жана толтурулган анкеталарды Уюштуруу комитетине жөнөтүү | Боо-Терек айыл өкмөтү, Жумушчу топ | 2022-жылдын 10-ноябрына чейин |
9. | Жергиликтүү жааматарда делегаттарды шайлоо күнү протокол түзүүгө жардам көрсөтүү | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У. Буланбеков, Жумушчу топтун мүчөлөрү, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери | График боюнча |
10. | Шайланган делегаттарга мандаттарды тапшыруу | Жумушчу топ | 2022-жылдын 18-октябрына чейин |
Төрага | А. Мамыралиев |
№2 тиркеме
Боо-Терек айылында Элдик Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы
1. А. Мамыралиев – Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. М. Алымбеков – Боо-Терек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары, төраганын орун басары;
3. Э. Джаманбалаев – Боо-Терек айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун катчысы;
4. Токтогул уулу И. – Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты;
5. Макишев И. - Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты;
6. Атакулова А. - Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты;
7. Джуманазаров К. - Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты;
8. Султанбаев Д. – Боо-Терек айылдык кеңешинин депутаты;
9. Токтаганова С. – Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
10. Жузупбекова А. – Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
11. Учкемпирова Г. – Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери;
12. Кабылова С. – Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкери.
Төрага | А. Мамыралиев |
№3 тиркеме
Боо – Терек айылында Элдик Курултайды өткөрүү графиги
№ | Жааматтар (делегаттарды шайлоо) | Аткарууга жооптуулар | Аткаруу мөөнөтү |
1. | Күмүштак жааматы 15 делегат. Жооптуу депутаттар: И. Макишев Токтогул уулу И. | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Жумушчу топтун мүчөлөрү | 2022-жыл 15-17 октябрь |
2. | Кызыл – Бакыр жааматы 15 делегат. Жооптуу депутаттар: Д. Султанбаев М. Алымбеков | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Жумушчу топтун мүчөлөрү | 2022-жыл 18-20 октябрь |
3. | Шоро жааматы 20 делегат. Жооптуу депутаттар: А. Атакулова К. Джуманазаров | Боо-Терек айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, Жумушчу топтун мүчөлөрү | 2022-жыл 21-23 октябрь |
4. | Боо-Терек айылынын биринчи Курултайы | Жумушчу топтун мүчөлөрү, Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы | 2022-жыл 5- ноябрь |
Төрага | А. Мамыралиев |
№4 тиркеме
Боо-Терек айылында Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Жобо
1. Боо-Терек айылынын курултайдын делегаттарынын жалпы саны 50 адамдан турат.
2. Делегаттар курултайга 1 жылдык мөөнөткө шайланат.
3. Боо-Терек айылында делегаттар төмөндөгү принцип менен шайланат:
- Жашаган жери боюнча жааматтардан бирден делегат Боо-Терек айылынын Элдик Курултайына шайланат;
- Элдик Курултайга делегаттар 3 жааматтан шайланат алар:
· Күмүштак жааматы 15 делегат(Тегирмен көчөсүнөн баштап Миң-Булак айылына карай, Жаштар көчөсү);
· Шоро жааматы 20 делегат (Тегирмен көчөсүнөн баштап Ч. Сатаев көчөсүнүн 243 үйүнө чейин, Ч. Сатаев көчөсүнүн 98 үйүнөн баштап 250 үйүнө чейин);
· Кызыл-Бакыр жааматы 15 делегат (Ч. Сатаев көчөсүнүн 245 үйүнөн баштап Бакыян айылына карай).
4. Делегаттарды шайлоо ачык добуш берүү жолу менен ишке ашырылат. Эң көп добуш алган талапкерлер делегат болуп шайланат.
5. Гендердик теңдикти эске алуу менен бир жыныстын өкүлдөрү белгиленген квотага ылайык анан 70 пайызынан ашык боло албайт. Мисалы 15 делегат шайланса анын 10 бир жыныстын өкүлдөрү болсо 5 делегат башка жыныстын өкүлү болушу тийиш. 20 делегат болгон учурда 14 жана 6 болуп бөлүнөт.
6. Жергиликтүү жааматтардын жыйындарын, тиешелүү аймакка жооптуу болуп бекитилген айылдык кеңештин депутаты алып барат.
7. Жергиликтүү курултайга делегаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ошол жыйындарга катышкан жергиликтүү жааматтын бардык мүчөлөрү ээ.
8. Жыйындар имараттын ичинде, ачык асман алдында, коомдук жайларда ж.б. уюштурулуусу мүмкүн.
9. Жыйындардын жана чогулуштардын протоколдору түзүлүш керек жана ал протоколдор жана шайланган делегаттардын анкеталары Элдик Курултайды уюштуруу боюнча Жумушчу топко тапшырылат.
10. Кайсы бир себептерден улам жергиликтүү курултайдын делегаты мөөнөтүнөн мурда чыгып калган учурда, анын мандаты ошол эле аймактан кийинки көпчүлүк добушту алган делегаттыкка талапкерге ыйгарылат.
11. Боо-Терек айылынын Курултайы делегаттардын 3/2 катышкан учурда укук ченемдүү болуп эсептелинет. Делегаттардын катышуусун камсыз кылуу жагы ошол аймакка жооптуу болуп бекитилген жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана Жумушчу топко милдеттендирилет.
12. Боо-Терек айылынын атынан жалпы республикалык Курултайга 2 делегат шайланат. Шайлоо убактысы графикке ылайык жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.
13. Шайлоо Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү жана уюштуруу комитетинин 2022-жылдын №2 чечими менен бекитилген Нускамада бекитилген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
14. Биринчи Элдик Курултайга Боо-Терек айылынын атынан көйгөйлүү маселелер айылдын курултайында делегаттар тарабынан сунушталат (3төн көп эмес). Бул көйгөйлөр алдын ала Уюштуруу комитетине жөнөтүлөт.