Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Ѳкмѳт γйγ
2007-жылдын 4-апрели №94
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЈКМЈТІНІН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларын Кыргыз
Республикасынын Бажы кодексине жана Кыргыз Республикасынын "Эсептешүү
көрсөткүчү жөнүндө" Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961
«Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча
чаралар жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташылып
кирген товарлардын бажы наркын аныктоо методикасы жөнүндө нускаманын 7.2-
пунктчасына төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- бешинчи абзацтагы «башка түрү менен» деген сөздөр «автомобилдик түрү
менен» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөндөгүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
«- темир жол транспорту менен ташуу үчүн - Кыргыз Республикасынын
темир жол курамына кирген, темир жол транспорту баруучу станция (анын
ичинде Кыргыз Республикасынын ишкана, мекеме жана уюмдарынын балансында
турган, аларга өкмөттөр аралык Макулдашуулар күчүндө турган мезгилде баш-
карууга берилген, коњшу мамлекеттин аймагында жайгашкан станциялар);».
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976
«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар
тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы
бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик чегарасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана
автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
- 1.4 жана 1.5-пунктчаларда «бир айлык минимум эмгек акынын» деген
сөздөр «бир эсептешүү көрсөткүчүнүн» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
- бүткүл текст боюнча ар кандай сандык жана жөндөмөлүк формада турган
«минимум эмгек акы» жана «эмгек акынын минимум өлчөмү» деген
сјздөр тиешелүү сандык жана жөндөмөлүк формаларда «эсептешүү
көрсөткүчү» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүне кирет.
Премьер-министр А.Атамбаев