Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2010-жылдын 12-февралы N 91
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-октябрындагы № 756, 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" жана "Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
1. (КР Өкмөтүнүн 2021- жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбору Кыргыз Республикасындагы стандарттар жана метрология Улуттук институтунун укуктук кабыл алуучусу болуп эсептелери белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Республикалык бюджеттен каржыланаардыгы белгиленсин:
- мамлекет заказчы болуп эсептелген улуттук стандарттар программасын түзүү жана ишке ашыруу, анын ичинде улуттук стандарттарга экспертиза жүргүзүү;
- техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун калыптоо жана жүргүзүү;
- тизмеси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныктылган, стандартташтыруу жана метрология боюнча эларалык (региондук) уюмдарга катышуу жана мүчөлүк акыларды төлөө;
- Кыргыз Ресрубликасындагы ченөөнүн бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук эталондук базасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча иштер жана бирдиктердин эларалык системасын (ЧК) ченөөгө байкоо жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу стандартташтыруу жана метрология боюнча Борбордун аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын балансында турган улуттук жана чоңдук бирдигинин баштапкы эталондору жана иштеп чыгуу, сатып алуу, өркүндөтүү, сактоо жана колдонуу;
- ченөө каражаттарын жана стандарттык үлгүлөрдү мамлекеттик реестерге киргизүү;
- метрология чөйрөсүндөгү илимий изилдөө иштери;
- эл аралык, региондук, улуттук деңгээлде эталондорду салыштырууга катышуу;
- Кыргыз Республикасындагы улуттук жана баштапкы эталондорду кармоо үчүн керек болгон жайларды, жабдууларды сатып алуу жана иштеп чыгуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министрлиги бир айлык мөөнөттө:
- ушул токтомдон келип чыккан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларындагы тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизүү жана иштеп чыгуу.
5. Күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 30-ноябрындагы N 546 токтому;
- "Аккредиттөөнүн Кыргыз борборунун маселелери" жөнүндө Кыргыз Республикасынын 21-июнь 2007-жыл N 238 токтомунун 4-пункту.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине жүктөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 78 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу |
| А.У.Жапаров |