КР Өкмөтүнүн
2011-жылдын 2-мартындагы № 87 токтомуна ылайык
күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 25-июну № 245 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын мам-лекеттик органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу жөнүндө" 2005-жылдын30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Кыр-гыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик коми-тетинин маселелери" жөнүндө 2005-жылдын 21-декабрындагы № 603 токтому-нун 3-пунктуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Миграция жанаишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынынчетөлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрүнүн натыйжалуу ишин камсызкылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнчамамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү мекемеле-риндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин. "2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республика-сынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыр-гыз Республикасынын четөлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн Кыргыз Республикасы-нын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин четөл-көлөрдөгү өкүлчүлүктөрүн кармоого 2007-жылга бюджетте каралган каражат-тардын чегинде каржылоону ишке ашырсын. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы №625 "Россия Федерациясындагы (Москва ш.) Кыргыз Республикасынын Элчили-гинин алдында Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу бо-юнча мамлекеттик комитетине караштуу Россия Федерациясындагы Өкүлчүлү-гүн түзүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтомдун аталышында жана бүткүл тексти боюнча "Кыргыз Республи-касынын Миграция жана жумуштуулук боюнча мамлекеттик комитетинин Мигра-циялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Мигра-ция жана ишке орноштуруу боюнча "Мамлекеттик комитети" деген сөздөр ме-нен тийиштүү жөндөмөлөрдө алмаштырылсын. 4. Бул токтом 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү жана маалымат башкармалыгынажүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев