Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №139 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 2-марты № 87
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июнундагы № 245 «Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-мартындагы № 87 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүктөрү жөнүндө жобо
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелериндеги өкүлчүлүгү (мындан ары - Өкүлчүлүк) чет мамлекеттердин аймагында эмгектенген жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына укуктук жана социалдык жардам көрсөтүүнү ишке ашырат.
2. Өкүлчүлүк өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын, ошондой эле 1963-жылдагы Консулдук мамилелер жөнүндө Вена конвенциясын жана 1961-жылдагы Дипломатиялык мамилелер жөнүндө Вена конвенциясын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын тийиштүү чет мамлекеттеги дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде, же эл аралык уюмга караштуу туруктуу өкүлчүлүгүндө (мындан ары - Чет өлкөлөрдөгү мекеме) иштейт.
4. Өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, алыш-бериш жана учурдагы, анын ичинде валюталык эсептери болот.
5. Өкүлчүлүк өзүнүн функцияларын жүзөгө ашырууда өзүнүн иши жөнүндө биринчи кезекте Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги (мындан ары - Министрлик) жана өзү жайгашкан мамлекеттеги Чет өлкөлөрдөгү мекеме менен макулдашат жана маалымат берет.
II. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери
6. Өкүлчүлүктүн негизги максаттары жана милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- жайгашкан мамлекетте эмгектенген жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарына (мындан ары - эмгек мигранттары) укуктук жана социалдык жардам көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жайгашкан мамлекетте миграция жана ишке орноштуруу маселелери боюнча мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өздөрү жайгашкан өлкөдө алардын эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө ар тараптан көмөк көрсөтүү.
Өкүлчүлүк максаттарын жана милдеттерин аткарууда Чет өлкөлөрдөгү мекеменин консулдук кызматы менен эриш-аркак иштейт.
III. Өкүлчүлүктүн негизги функциялары жана укуктары
7. Өкүлчүлүк ага жүктөлгөн милдеттерге ылайык:
- жайгашкан мамлекетте миграциялык кырдаалды, миграциялык саясат жагында улуттук мыйзамдарды, эмгек рыногунун конъюнктурасын изилдөөнү жана талдоону жүзөгө ашырат;
- жайгашкан мамлекеттин миграциялык жана башка компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат жана аларга миграциялык саясат жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тууралуу маалымат берет;
- Чет өлкөлөрдөгү мекеменин консулдук кызматы менен эриш-аркак иштеп, жайгашкан мамлекетте кыргыз эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча чараларды көрөт, жайгашкан мамлекетте алардын укуктарын басмырлоо жана бузуу учурларын аныктайт, аларды жоюуга көмөк көрсөтөт;
- жайгашкан мамлекеттин компетенттүү органдары менен бирдикте жайгашкан мамлекеттин аймагында эмгектенген жана ишкердик жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарын эсепке алат, жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү эл аралык макулдашууларына ылайык, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо максатында алардын укуктук статусун мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтөт;
- жайгашкан мамлекеттин аймагында жүрүшкөн жана жашашкан Кыргыз Республикасынын жарандарын, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды Кыргыз Республикасына миграция жана көчүү маселелери боюнча кабыл алууну жүргүзөт;
- мыйзамсыз миграцияны болтурбоо жана бөгөт коюуга байланышкан маселелерди чечүүгө катышат, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органдарына аскердик каттоону ишке ашырууга бул чөйрөдө көмөк көрсөтөт;
- жайгашкан мамлекеттин аймагында Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүү үчүн жумуш берүүчүлөр менен байланышты табуу, тандоо жана түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына көмөк көрсөтөт;
- жайгашкан мамлекетте мекендештердин коомдук бирикмелеринин иш-аракеттерине көмөк көрсөтөт;
- жайгашкан мамлекеттин жалпыга маалымдоо каражаттары менен Кыргыз Республикасынын миграциялык саясат маселелерин чагылдырууда өз компетенциясынын чектеринде өз ара аракеттенет;
- миграциялык проблемаларды чечүүдө жайгашкан мамлекеттин тажрыйбасын Кыргыз Республикасында пайдалануу мүмкүндүгү максатында иликтейт;
- Кыргыз Республикасынын мирация жаатындагы миграциялык саясат жана эл аралык келишимдерин жүзөгө ашырууга катышат;
- ыктыярдуу көчмөн статусун берүү жол-жобосун жүзөгө ашырат;
- жайгашкан мамлекеттин аймагында каза болгон эмгек мигранттарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына жөнөтүүгө көмөк көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын жана жайгашкан мамлекеттин нормативдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүргүзөт.
8. Өкүлчүлүк өз компетенциянын алкагында төмөнкүлөргө катышат:
- жайгашкан мамлекетте жумуш берүүчү Кыргыз Республикасынын жаранын-эмгек мигрантын жумушка жалдоо шарттарын бузулгандыгына байланыштуу эмгектик талаш-тартыштарды жөнгө салууга;
- кыргыз эмгек мигранты менен жайгашкан мамлекеттин жумуш берүүчүсүнүн ортосундагы эмгектик жана башка талаштарын сотко чейинки этапта жөнгө салууга;
- жайгашкан мамлекетте мамлекеттик жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен миграция жана жайгашкан мамлекетте эмгек рыногуна жеткиликтүүлүктү либералдаштыруу жаатындагы маселелер боюнча сүйлөшүүлөргө жана консультацияларга;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык кызматташуу маселелери боюнча жайгашкан мамлекет менен Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин долбоорлорун иштеп чыгууга.
IV. Өкүлчүлүктүн ишмердигин уюштуруу жана камсыз кылуу
9. Өкүлчүлүктүн ишине жалпы жетекчиликти Министрлик жүзөгө ашырат.
10. Өкүлчүлүктүн жобосу, штаттык саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
11. Өкүлчүлүктү Өкүлчүлүктүн жетекчиси башкарат, ал Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министринин сунушу жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
Өзүнүн ишинде Өкүлчүлүктүн жетекчиси Министрликке жана жайгашкан мамлекеттеги Чет өлкөлөрдөгү мекеменин башчысына же анын милдеттерин аткаруучу адамга отчет берет.
12. Өкүлчүлүктүн жетекчиси:
- Өкүлчүлүктүн ишин, ага жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткарууну уюштурат, мыйзамдуулукту жана тартипти сактоону камсыз кылат, өкүлчүлүктүн ишине контролдоо жүргүзөт;
- ал башкарган Өкүлчүлүктүн иш-аракеттеринин абалы жана натыйжалары үчүн жеке жоопкерчиликти тартат;
- өз компетенциясынын чектеринде белгиленген тартипте Өкүлчүлүктүн атынан юридикалык жана жеке, анын ичинде чет өлкөлүк жактар менен жарандык-укуктук жана эмгектик келишимдерди түзөт;
- Өкүлчүлүктүн Чет өлкөлөрдөгү мекеме менен макулдашылган өз ара аракетин камсыз кылат;
- Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин жайгашкан мамлекеттин региондоруна жана Кыргыз Республикасына Министрлик жана Чет өлкөлөрдөгү мекеменин башчысынын тапшырмасы же макулдашуусу боюнча жиберет;
- Өкүлчүлүктүн иши жөнүндө Министрликке жана Чет өлкөлөрдөгү мекемеге айлык, кварталдык, жарым жылдык жана жылдык отчетторду берет;
- бюджеттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси жок болгон учурда анын милдеттерин жетекчинин орун басары аткарат. Өкүлчүлүктүн жетекчиси жана анын орун басары жок болгон учурда Өкүлчүлүктүн жетекчисинин милдеттерин аткаруу Өкүлчүлүктүн жетекчисинин буйругу менен Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин бирине жүктөлөт.
13. Өкүлчүлүктө иштөө үчүн Министрликтин борбордук аппаратында кызматтардын бирдей категориясында 2 жылдан кем эмес иштеген, тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген, жөндөмү бар, ден соолугунун абалы боюнча өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара алган жана эреже катары, жайгашуучу мамлекеттин тилин билген мамлекеттик кызматчылар жиберилет.
Өкүлчүлүккө, анын жетекчисин кошпогондо, иштөөгө жөнөтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен буйругу менен, Министрликтин статс-катчысынын сунушу боюнча жүргүзүлөт.
Өкүлчүлүктүн жетекчиси, анын орун басары жана кызматкерлери Өкүлчүлүккө иштөөгө 2 жылдык мөөнөткө жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда Өкүлчүлүктүн жетекчисинин, анын орун басарынын жана Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү 1 жылга чейин узартылышы мүмкүн. Узартуу Өкүлчүлүккө ишке жөнөтүүнүн тартиби менен жүргүзүлөт.
14. Өкүлчүлүктүн жетекчиси, анын орун басары жана Өкүлчүлүктүн кызматкерлери белгиленген тартипте жайгашкан мамлекеттин тышкы саясат ведомствосу тарабынан Чет өлкөлөрдөгү мекеменин кызматкери катары аккредитациялоо жол-жобосунан өтүшөт.
15. Өкүлчүлүктө ыйгарым укуктуу мөөнөтү аяктаган соң мамлекеттик кызматчылар Министрликке кайтып келишет жана мурда ээлеген кызмат орундарынан төмөн эмес кызматтарга дайындалышат.
16. Өкүлчүлүктүн жетекчиси, анын орун басары жана Өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин иши мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) жайгашкан мамлекетте өзгөчө кырдаал келип чыккан учурларда;
2) кызматкерге «персона нон грата» жарыяланганда же жайгашкан өлкөнүн компетенттүү бийликтеринен жайгашкан өлкөдө жүрүүгө мүмкүн эместиги тууралуу билдирме алса;
3) кызматкер жайгашкан өлкөнүн үрп-адаттарын жана мыйзамдарын сыйлабаса, ошондой эле жалпы кабыл алынган жүрүм-турум жана моралдык ченемдерин сактабаган учурда;
4) жайгашкан өлкөнүн мыйзамдарын сыйлоону, жалпы кабыл алынган жүрүм-турумдун жана моралдык ченемдерин өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрүнүн сактоосун камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерди кызматкер аткарбаса;
5) эмгектик милдеттерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги кабыл алган Ички эмгек күн тартибинин эрежелеринде бекитилген режимдик талаптарды одоно бузса;
6) чет өлкөдө иштешине тоскоол боло тургандай катуу ооруса;
7) кызматкер мамлекеттик кызматчынын этикасын, мамлекеттик кызмат жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын бузса;
8) кызматкердин өз каалоосу менен;
9) Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулса;
10) чет мамлекеттин жарандыгын алса же бар болсо.
17. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жайгашкан мамлекеттин мыйзамдарын, ошондой эле каада-салттарын, үрп-адаттарын сыйлоого милдеттүү, жайгашкан мамлекеттин ички иштерине кийлигишүү катары чечмелениши мүмкүн болгон ар кандай аракеттерден оолак болушу керек.
18. Өкүлчүлүктүн кызматкерлерине «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик кызматтын класстык чендери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
19. Өкүлчүлүктүн кызматкерлерин материалдык-техникалык, социалдык жана башка камсыз кылуу маселелеринде Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө нормативдик укуктук актылары колдонулат.
20. Өкүлчүлүктүн ишин каржылоо тийиштүү жыл үчүн республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Өкүлчүлүктүн мүлкү Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат. Өкүлчүлүк аталган мүлктү өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн гана пайдалана алат.
22. Өкүлчүлүктүн финансылык-чарбалык ишин контролдоону Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ылайык Министрлик жана мамлекеттик финансылык контролдоонун башка ыйгарым укуктуу органдары жүргүзөт.