Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 30-июну № 255
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40, 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Тышкы эмгек миграциясынын чөйрөсү кыргызстандыктардын кыйла бөлүгүн иш менен камсыз кылат жана калктын жашоо-турмуш абалын колдоодо зор социалдык мааниге ээ. Бирок Кыргыз Республикасынын эмгекчи-мигранттарынын көпчүлүгүнүн эмгек ишмердиктери социалдык жана укуктук кепилдиксиз жүзөгө ашырылат жана көп учурда алардын денсоолугу жана өмүрү үчүн тобокелдик менен коштолгон. Эмгекчи-мигранттар кайтыш болгон учурлар да бар. Кайтыш болгондордун сөөгүн улуттук жана диний салттар боюнча мекенине жеткирүү зарылчылыгы келип чыгат.
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөктөрүн мекенине жеткирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борбору:
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө кайтыш болгон жарандарынын сөөктөрүн аба, темир жол, суу жана кургак жер транспорту менен ташып жеткирүү үчүн чыгымдарды компенсациялоону документтер менен ырасталган чыгымдардын 100 проценти өлчөмүндө Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунун атайын жана бюджеттик каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырсын;
- (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
А. Атамбаев
|