Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 11-февралы № 40
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоону жүргүзүү боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын жарандарына - эмгек мигранттарына социалдык колдоо көрсөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө тиркелген нускама бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 255 «Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- токтомдун бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигинин караштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору» деген сөздөр менен алмаштырылсын;
1-пункттун үчүнчү абзацы жана 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык камсыздоо, саламаттык сактоо, эмгек жана миграция бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
Ө. Бабанов
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-февралындагы № 40 токтому менен бекитилген |
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоонун өлчөмүн жана төлөнүшүн аныктоонун тартиби жөнүндө нускама
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-июнундагы № 255 "Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө" токтомуна ылайык иштелип чыккан, Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн чыгымдардын бардык түрлөрүн төлөгөн адамдын чыгымдарына компенсация төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүүгө байланыштуу чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин алдындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу борборунун (мындан ары - Ишке орноштуруу борбору) тийиштүү жылдагы сметасы боюнча каралган каражаттын чегинде жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Компенсациялык төлөмдөргө төмөнкүлөр кирет:
- чет мамлекеттен сөөктү алган жерден баштап Кыргыз Республикасынын аймагындагы акыркы пунктка чейин аба, темир жол, суу жана кургак жер транспортунда жүргүзүлгөн мамлекеттер аралык транспорттук каттам боюнча жеткирүү менен байланышкан, документтик тастыкталган чыгымдардын 100 пайызга чейинки өлчөмдөгү транспорттук чыгымдары;
- сөөктү сактоо, жөнөтүү жана жеткирүү пункттарында жүктөө жана түшүрүү үчүн акы төлөөлөр.
4. Компенсациялык төлөмдөр Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында төлөнөт. Эгерде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеп жүргөн мезгилинде кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн мекенине жеткирүү менен байланышкан чыгымдар чет өлкөлүк валютада жүргүзүлсө, анда алар акы төлөнгөн күндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсептик курсуна ылайык кайра эсептелет.
5. Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеген мезгилинде кайтыш болгон жаранынын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн тикелей транспорттук чыгымдарды тарткан адам (мындан ары - төлөөчү) сөөктү мекенине жеткиргенден кийин компенсациялык төлөмдөрдү алуу укугуна ээ болот.
6. Акы төлөө фактысын тастыктоочу документ таризделсе, бир же бир нече адам төлөөчү болушу мүмкүн.
7. Төлөмдөрдү нотариалдык ырасталган ишеним кат боюнча төлөөчүнүн атынан башка адамдар да алышы мүмкүн.
8. Компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн арыз Кыргыз Республикасынын чет өлкөдө иштеген жараны кайтыш болгон күндөн баштап алты айдан кеч эмес мөөнөттө Ишке орноштуруу борборуна берилүүгө тийиш.
9. Компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн төлөөчү паспортун же аны алмаштырган документти көрсөтүү менен Ишке орноштуруу борборунун директорунун атына же Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин (мындан ары - министрлик) аймактык органдарына арыз берет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
10. Компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн берилген арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- төлөөчүнүн аты-жөнү;
- төлөөчүнүн паспорттук маалыматы же аны алмаштырган документтин маалыматтары;
- төлөөчүнүн дареги (жашаган жери);
- Кыргыз Республикасынын аймагында төлөөчүнүн тандоосу боюнча компенсациялык төлөмдөрдү которуу мүмкүн болгон реквизиттер (банктагы алыш-бериш эсеби же почта бөлүмүнүн номери).
11. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
- кайтыш болгондугу жөнүндө күбөлүктүн нотариалдык ырасталган көчүрмөсү;
- акыркы иштеген жеринен мөөр коюлуп ырасталган маалымкат, же кайтыш болгон адамдын чет өлкөдө иштеген фактысын ырастаган башка документ, бул документти кайтыш болгон адам барган жердеги Кыргызстандын улуттук диаспорасынын жетекчиси же чет мамлекеттин жергиликтүү бийлик органы берет, мында адамдын иштеген жери, иш берүүчүнүн реквизиттери (иш берүүчүнүн аталышы, юридикалык дареги, аты-жөнү, койгон колу, уюмдун мөөрү, аткарган иштин мүнөзү (кесиби, адистешүүсү), иштеген мезгили) көрсөтүлөт;
- расмий коштомо документтер (транспорттук кызмат көрсөтүү үчүн келишим, сөөктү коштоп барууга ишеним кат, табыттын жабылгандыгы жөнүндө акт, ошондой эле инфекциялык оорулардын жоктугу жөнүндө маалымакат);
- төлөөчүнүн ушул Нускаманын 3-пунктунда каралган чыгымдарды төлөгөндүгүн ырастаган документтер (накладнойлор, акы төлөгөндүгү жөнүндө квитанциялар);
- төлөөчүнүн паспортунун же аны алмаштырган документинин көчүрмөсү.
12. Берилген документтердин тууралыгы үчүн жоопкерчилик төлөөчүгө жүктөлөт.
13. Арыз Ишке орноштуруу борборунда же арыз берилген жер боюнча министрликтин аймактык органында өзүнчө журналда катталат, мында арыз ээсинин аты-жөнү (толугу менен), үй дареги жана берилген документтердин тизмеси көрсөтүлөт.
14. Бул Нускаманын 10 жана 11-пункттарында аталган компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө зарыл болгон документтердин түп нускаларын министрликтин аймактык органдары кабыл алат жана аларды Ишке орноштуруу борборунун директорунун атына заказдык кат менен үч жумушчу күндүн ичинде жиберет.
Компенсациялык төлөмдөрдү төлөп берүү жөнүндө зарыл болгон документтердин түп нускалары жана берилген документтердин көчүрмөлөрү эки жыл бою сакталат.
15. Компенсациялык төлөмдөрдү алуу үчүн түшкөн арыздарды кароо максатында Ишке орноштуруу борборунда 5 адамдан турган комиссия түзүлөт, анын курамына Ишке орноштуруу борборунун директору, министрликтин борбордук аппаратынын жооптуу кызматкерлери кирет. Комиссиянын жеке курамы Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министринин буйругу менен бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 810, 2014-жылдын 6-августу № 450 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
16. Комиссия арызды алгандан кийин берилген документтердин толуктугун, тууралыгын, компенсациялык төлөмдөр төлөнүп берилбей турган жагдайлардын жоктугун текшерет, тиешелүү сурамдарды жүргүзөт. Бардык документтер бар болсо, комиссия беш жумушчу күндүн ичинде арызды карап чыгат жана чечим кабыл алат.
17. Комиссия төмөнкүдөй чечимдерди кабыл алат:
- төлөөчүнүн чыгымдарын толук же жарым жартылай компенсациялоо жөнүндө (оң чечим);
- төлөөчүнүн чыгымдарын компенсациялоодон баш тартуу жөнүндө (баш тартуу чечими), мындай чечим төмөнкүдөй учурларда кабыл алынат:
ушул Нускаманын 11-пунктунда каралган зарыл болгон документтер жок болсо;
кайтыш болгон адам Кыргыз Республикасынын жараны болбосо;
чыгымдар иш берүүчү, башка юридикалык же жеке жактар тарабынан төлөнсө;
чыгымдар Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык макулдашууларда аныкталган тартипте төлөнсө.
18. Комиссия кабыл алынган чечим жөнүндө төлөөчүгө жазуу жүзүндө билдирет.
19. Төлөөчүгө чыгымдарды компенсациялоо жөнүндө оң чечим кабыл алынса Ишке орноштуруу борбору төлөөчүнүн арызында аталган банктагы алыш-бериш эсебине же Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнө акча каражаттарын 15 жумушчу күндүн ичинде которот.
20. Төлөөчү алыш-бериш эсебине акча каражаттары которулган банктан же Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмүнөн компенсациялык төлөмдөрдү ала алат.