ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 20-июлундагы № 276 «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция20.07.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 20-июлу № 276                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ         Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин            координациялоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын  22-мартындагы  №104  "Укук  коргоо  органдарынын жарандардын,  коомдун жана мамлекеттинмыйзам менен корголуучу укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча  иш-терин координациялоону  андан  ары  өркүндөтүү  боюнча  чаралар жөнүндөЖарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын иштерин коорди-нациялоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.     2. Жарандардын  укуктары жана эркиндиктери сакталышын контролдоодоукук коргоочу  функцияларды камсыздоо жергиликтүү мамлекеттик админист-рациялардын тийиштүү  структуралык бөлүмдөрүнө штаттык санынын жана эм-гекке акы төлөө фонддорунун чектеринде жүктөлөөрү белгиленсин.         Премьер-министри                           А.Атамбаев