Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2006-жылдын 23-августу № 607
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 25-июлундагы № 291, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин органдарындагы структуралык кайра түзүүлөргө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 23-июнундагы № 374 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-октябрындагы № 677 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- (Абзац КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- үчүнчү абзацтагы "- жана мамлекеттик комиссиялары" деген сөздөр алып салынсын;
- Дүйнөлүк Соода Уюму менен макулдашууларды жана Кыргыз Республикасынын ДСУнун алдындагы милдеттенмелерин аткаруу боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун жоопкерчиликтерин бөлүштүрүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
тогузунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- ыйгарым укуктуу орган катары Соодадагы техникалык тоскоолдуктар боюнча макулдашууга, анын ичинде техникалык регламенттерди жана ылайык келүүсүн баалоо жол-жобосун иштеп чыгуу жөнүндө ДСУнун Секретариатына билдирүүсү жана ДСУнун санитардык жана фитосанитардык чараларын колдонуу боюнча макулдашууга (Негиздеме: "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясы) ылайык Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу";
он төртүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
он жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана башка кызыкдар ведомстволор менен бирдикте ГАТСтын билдирүүлөрдү даярдоо боюнча жоболорун аткаруу";
он сегизинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
7-пункттун үчүнчү абзацындагы "..., бул Кыргыз Республикасындагы туруктуу практика болуп эсептелет" деген сөздөр алып салынсын;
8-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Кирешелер боюнча комитетинин Бажы кызматынын департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
10-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик комиссия" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дүйнөлүк Соода Уюмунун маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
2-пунктта:
биринчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, соода жана туризм министри" деген сөздөргө алмаштырылсын;
экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигинин тышкы экономикалык байланыштар, соода жана ДСУ менен иштөө боюнча башкы башкармасынын начальниги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
12-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөржай жана соода министрлигинин ДСУ жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлигинин ДСУ, бажы-тарифтик жана тарифтиктик эмес жөнгө салуу башкармалыгы" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Ф.Кулов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 607 токтомуна тиркеме |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 25-июлундагы № 291 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ)