КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-декабрындагы № 798 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303
токтому менен бекитилген Интернатура жөнүндө ЖОБО 1. Интернатура - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо минист-рлиги тарабынан бекитилген интернатурадан өтүү каралган медициналыкадистиктердин тизмесине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдары-нын (мындан ары - билим берүү уюмдары) бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинкибир жылдык адистештирүү болуп саналат. 2. Интернатуранын милдети билим берүүчү уюмдардын бүтүрүүчүлөрүнүнпрактикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, өз алдынча медициналык ишмердиккедаярдоо болуп саналат. 3. Артыкчылык дипломун алган жана окуунун бюджеттик же контракттыкнегизинде клиникалык ординатурага же аспирантурага окууга өтүшкөн меди-циналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү интернатурадан өтүүдөн бо-шотулат. 4. Интернатурада окуу мөөнөтү узактыгы 28 календардык күн болгонэмгек отпускасын кошкондо - 12 ай. Интернатурада окуу мезгили кесиптик жана жалпы эмгек стажына ки-рет. Билим берүү уюмдарындагы интерн-врачтарга эмгек китепчеси ачылат. 5. Интернатурадан өтүп жаткан медициналык ЖОЖдун бүтүрүүчүсү ин-терн-врач болуп саналат. 6. Интерн-врачтарды окутуу бюджеттик же контракттык негизде дип-ломдон кийинки медициналык билим берүүгө тиешелүү лицензиясы бар билимберүү уюмдары жүргүзөт. 7. Интернатурадагы окууну каржылоонун булактары болуп төмөнкүлөрэсептелиши мүмкүн: - бюджеттик каражаттар (мамлекеттик заказ); - саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттары; - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын каражаттары; - интернатурага контракттык негизде тапшырган адамдардын каражат-тары; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булак-тар. 8. Интерн-врачтарды окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттарынынэске алуу менен окуу пландарына жана типтүү программаларына ылайык би-лим берүү уюмдарынын клиникалык базасы катары Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген Саламаттык сактооуюмдарында ишке ашырылат. 9. Билим берүү уюмунун бүтүрүүчүсү ал билим берүү уюмунда алганбазалык адистигине таандык адистиктер боюнча гана интернатурага тапшы-рууга укуктуу. 10. Интернатурага тапшырууда берилүүчү документтер: - арыз; - ЖОЖду бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү; - кадрларды каттоо боюнча жеке барагы; - өмүр баяны; - белгиленген үлгүдөгү (ф.086у) ден соолугунун абалы жөнүндө маа-лымкат; - 3x4 өлчөмдөгү эки сүрөт. Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин өзү көрсөтөт. 11. Интернатурага окууга медициналык ЖОЖдордун (факультеттердин)жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация тапшырган жана жогорку медициналыкбилими жөнүндө диплом алган бүтүрүүчүлөрүнө жол берилет. Интернатурага окуунун бюджеттик негизине кабыл алуу конкурс боюнчажүргүзүлөт. Конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасы-нын Саламаттык сактоо министрлиги, билим берүү уюму жана интерн-врачтынортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге кол коюлат. Үч тараптуу типтүү келишим Кыргыз Республикасынын Саламаттык сак-тоо министрлиги тарабынан бекитилет. 12. Медициналык билим берүү уюмунун буйругу боюнча аталган уюмданжана клиникалык базалык уюмдан интерн-врачтардын жетекчилери дайында-лат. Интерн-врачтын билим алуусу жана врачтык ишмердиги жогорку квали-фикациялуу адистеринин жетекчилиги алдында өткөрүлөт. 13. Интерн-врачтарды окутуу мамлекеттик билим берүү стандарттары-нын талаптарына шайкеш келген окуу пландары жана типтүү программаларыбоюнча жүргүзүлөт. 14. Интернатурадагы окуу мезгилинде интерн-врачтар саламаттык сак-тоонун билим берүү жана клиникалык базалык уюмдарынын жетекчилигине башийишет. Интерн-врачтарга клиникалык базалык уюмдун медициналык кызматкер-лери үчүн белгиленген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана кол-лективдик келишимде каралган ички тартип эрежелери, жењилдиктер колдо-нулат. 15. Интерн-врачтар үчүн жумушчу күндүн узактыгы жана жүктөмүн нор-мативдери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына, ошондой эле КыргызРеспубликасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашылган окуупландарына жана типтүү программаларына ылайык белгиленет. 16. Интернатурадан өтүү мезгилинде интерн-врачтарды Кыргыз Респуб-ликасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартиптесаламаттык сактоонун бир уюмунан башкага которуу жүргүзүлүшү мүмкүн. 17. Интерн-врачтар интернатурага окууга 10 календардык күндүничинде окууга киришпесе окуудан чыгарылууга тийиш. 18. Окуу мезгилинде интерн-врачтын тартип бузуулары жөнүндө мате-риалдар саламаттык сактоо уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгекмыйзамдарына ылайык каралат жана билим берүү уюмуна чара көрүү үчүн жи-берилет. 19. Окуудан чыгарылган интерн-врачтар белгиленген тартипте интер-натурага калыбына келтирилүү укугуна ээ. 20. Бюджеттик негизде окуган интерн-врачтарга стипендия белгиле-нет. 21. Дарылоо-алдын алуу иш жүргүзгөн интерн-врачтарга "Кыргыз Рес-публикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы төлөө жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы N 411 токтому-на ылайык алардын арызы боюнча ички келишүү тартибинде эмгек акы алуугауруксат берилет. 22. Жогорку медициналык билими бар адамдарды чет мамлекеттерде ин-тернатурага кабыл алуу билим берүү жөнүндө документтердин белгиленгентартипте легалдаштырылгандан кийин ишке ашырылат. 23. Контракттык негизде окуунун наркы Кыргыз Республикасынын мый-замдарында белгиленген тартипте аныкталат жана бекитилет. 24. Интернатурадагы интерн-врачтарга зарыл учурларда саламаттыксактоо уюму тарабынан окуу мезгилине кызматтык турак жай менен камсыз-далышат. 25. Билим берүү уюмдары саламаттык сактоо уюмдары менен бирдиктетөмөнкүлөрдү ишке ашырышат: - интернатуранын кесиптик программаларын ишке ашыруу; - кафедралардын жана саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерининичинен интерн-врачтардын жетекчилерин тандоо; - интерн-врачтарды окутуучу уюмдарга методикалык жетекчилик жанаконтролдоо. 26. Саламаттык сактоо уюмдарында интерн-врачтардын жетекчилерине"Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо кызматкерлерине эмгек акы тө-лөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-июнундагы N411 токтомуна ылайык кызмат маяналары 10 процентке жогорулатылат. 27. Интернатуранын кесиптик программасын өздөштүргөн жана мамле-кеттик аттестациядан өткөн интерн-врачтарга белгиленген үлгүдөгү серти-фикат (күбөлүк) берилет. Жогорку медициналык билим жөнүндө диплом жана сертификат (күбөлүк)кесиптик иш жүргүзүү үчүн негиз катары кызмат кылат. 28. Интернатураны бүтүргөндүгү жөнүндө сертификатты (күбөлүктү)медициналык билим берүү уюму берет. Бюджеттик негизде окууну аяктаганинтерн-врачтар сертификатты (күбөлүктү) жиберилген жери боюнча алар жу-мушка орноштурулгандыгын тастыктагандан кийин Кыргыз РеспубликасынынСаламаттык сактоо министрлигинин уруксаты менен алышат. 29. Билим берүү уюмдарынын клиникалык базасы болуп саналган жанаинтерн-врачтардын окутууну ишке ашыруу саламаттык сактоо уюму окуу жылыүчүн иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө отчет, ошондой эле интернату-радан өтүүнү андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды берет. Билим берүү уюму Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министр-лигине интернатурадан өтүү жөнүндө ар жыл сайын жыйынтык отчет берет. 30. Бюджеттик негизде окууну аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрүүч тараптуу келишимге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыкКыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жолдомосу боюн-ча кеминде эки жыл иштеп берүүгө милдеттүү. 31. Бюджеттик негизде окууну аяктаган интернатуранын бүтүрүүчүлөрүжиберген жерден иштөөдөн баш тарткан же толук иштебеген учурда үч та-раптуу келишим боюнча апарды даярдоого мамлекеттин сарптоолорунун ордунтолтуруп беришет.