Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2017-жылдын 11-декабры № 798
Саламаттык сактоо тармагында адистерди даярдоо сапатын жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 31-июлундагы № 303 "Кыргыз Республикасында медициналык дипломдон кийинки билим берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ординатура жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.";
- 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Интернатура жөнүндө жобо күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Клиникалык ординатура жөнүндө жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | С. Исаков |
Тиркеме
Ординатура жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Ординатура жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасында дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде медициналык жана фармацевттик адистиктер боюнча ординатурада адамдарды даярдоо тартибин регламенттейт.
2. Медициналык жана фармацевттик билим берүүнүн дипломдон кийинки деңгээлинде адистерди даярдоону менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай саламаттык сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жалпы координациялайт.
3. Ординатура ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ординатурадан өтүү каралган медициналык адистиктердин тизмесине ылайык жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн дипломдон кийинки окутуунун адистештирилген жана тереңдетилген деңгээли болуп саналат.
4. Клиникалык ординатуранын милдети билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн жана практикадан өтүп жаткан адистердин теориялык билимин жана практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
5. Ушул Жободо колдонулган негизги түшүнүктөр:
- компетенциялардын каталогу - ординатор тандаган адистиги боюнча даярдоо мөөнөтүнүн аягында ээ болууга тийиш болгон жалпы жана кесиптик компетенциялардын тизмеги;
- клиникалык база - бул ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган клиникалык база катары белгилеген саламаттык сактоо уюму, ал медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну камсыздайт жана пациенттерге медициналык-санитардык жардам көрсөтөт;
- клиникалык жетекчи - ординаторду практикалык даярдоого жооптуу болгон саламаттык сактоо уюмунун квалификациялуу медициналык адиси;
- клиникалык адистик - иши пациенттерге практикалык медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө байланыштуу врачтын адистиги. Клиникалык адистиктердин тизмегин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт жана бекитет;
- клиникалык эмес адистик - клиникалык адистиктерге кирбеген медицина жана фармация чөйрөсүндөгү адистиктер;
- жалпы дарыгердик практиканын врачы/үй-бүлөлүк дарыгер - бул баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү үчүн көп профилдүү атайын даярдоодон өткөн врач;
- бир багыттагы адистешкен врач (бир багыттагы адис) - бул медицинанын бир конкреттүү багытына адистешкен жана ушул багыт боюнча сертификаты бар врач;
- адисти дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүү деңгээлинде даярдоого коюлган талаптар - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен аттестациялоо жана сертификациялоону өткөрүү тартибин, окуунун узактыгын, түзүмүн жана мазмунун аныктаган стандарт.
6. Медициналык жана фармацевттик адистерди дипломдон кийин даярдаган саламаттык сактоо уюмдары, жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмдары (мындан ары - билим берүү уюмдары), илимий-изилдөө уюмдары менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабай ушул Жобону жетекчиликке алууга тийиш.
7. Ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн уюмдар калкка фармацевттик тейлөө жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө ординаторлорду даярдоонун жана тартуунун бирдиктүүлүгүн камсыздайт.
2. Ординатурага кабыл алуу тартиби
8. Ординатурага кабыл алуу конкурстук негизде ишке ашырылат. Ординатурага кабыл алуунун тартиби жана конкурсту өткөрүүнүн шарттары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
9. Конкурска жогорку кесиптик медициналык билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында практикалык иш жүргүзгөн врачтар катышат.
10. Ординатурага кабыл алуу медициналык жана фармацевттик адистиктердин тизмесине жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен кабыл алуу планына ылайык жүргүзүлөт.
11. Ординатурага тапшырууда берилүүчү документтер:
- арыз;
- ЖОЖду бүтүргөндүгү жөнүндө дипломдун көчүрмөсү;
- кадрларды каттоо боюнча жеке барагы;
- ординатордун каттоо карточкасы;
- өмүр баяны;
- белгиленген үлгүдөгү ден соолугунун абалы жөнүндө маалымкат;
- 3x4 өлчөмүндөгү эки сүрөт.
Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчесин өзү көрсөтөт.
12. Ординатурага окутууга кабыл алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, билим берүү же илимий-изилдөө уюмдары жана ординатордун ортосунда түзүлгөн үч тараптуу келишимге ылайык (мындан ары - үч тараптуу келишим) жүргүзүлөт. Үч тараптуу келишимдин типтүү формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
13. Чет өлкөдө медициналык жана фармацевттик жогорку билим алган жактарды ординатурага кабыл алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 3-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Орто, жогорку, кошумча жана ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү жөнүндө жобого ылайык билим берүү тууралуу документтерди ырастагандан кийин жүргүзүлөт.
3. Ординатурада даярдоону уюштуруу тартиби
14. Ординаторлорду даярдоо билим берүүгө лицензиясы бар билим берүү же илимий-изилдөө уюмдарында жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган клиникалык база катары аныктаган саламаттык сактоо уюмдарында ишке ашырылат.
15. Ординатурада даярдоо мөөнөтүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган адисти даярдоо талаптарына ылайык белгилейт жана алар төмөнкүлөрдү түзөт:
- "Жалпы практиканын дарыгери/үй-бүлөлүк дарыгер" адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес;
- медициналык профиль боюнча бир багыттагы адистиктер боюнча - медициналык адистиктин багытына жараша 3 жылдан 5 жылга чейин. Мында алгачкы эки жылдык программа жалпы дарыгердик практика боюнча даярдоо программасына шайкеш келет;
- клиникалык эмес адистиктер боюнча - адистигинин профилине жараша 1 жылдан 2 жылга чейин.
16. Ординатурада даярдоо ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен адисти даярдоого коюлган талаптарга ылайык типтүү окуу пландар жана программалар боюнча жүргүзүлөт.
17. Ординаторду даярдоо билим берүү же илимий-изилдөө уюмдарынын жана клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмунун буйругу менен дайындалуучу клиникалык жетекчинин көзөмөлү жана жетекчилиги алдында жүргүзүлөт.
18. Клиникалык жетекчинин иш жүктөмүнүн ченеми 1:4 түзөт (бир клиникалык жетекчи төрт ординаторду тейлейт).
19. Ординатураны бүткөндө бүтүрүүчүлөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен ординатуранын бүтүрүүчүлөрүн жыйынтыктоочу аттестациялоону өткөрүү тартибине ылайык бирдиктүү жыйынтыктоочу аттестациялоодон өтүшөт.
20. Жыйынтыктоочу аттестациялоодон өткөн ординаторлорго билим берүү же илимий-изилдөө уюмдары ординатураны бүткөндүгү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү сертификатты берет. Сертификаттын формасын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекитет.
21. Ординатуранын бүтүрүүчүлөрү сертификатты алгандан кийин адистин идентификациялык номерин берүү менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.
22. Жогорку медициналык жана фармацевттик билими жөнүндө диплом жана ординатураны бүткөндүгү тууралуу сертификат кесиптик практикалык ишке уруксат берүү үчүн негиз болуп берет.
23. Контракттык негизде окуган ординаторду окуудан чыгарган учурда билим берүү же илимий-изилдөө уюму ординаторду даярдоого иш жүзүндө кетирген чыгымдардын суммасын кармап калгандан кийин берилген төлөмдү кайтарып берет.
24. Ординаторлорду которуу, окуудан чыгаруу жана окууга кайра киргизүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен тартипке ылайык ишке ашырылат.
25. Академиялык өргүү ординаторлого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
26. Бюджеттик негизде окууну бүтүргөн ординатуранын бүтүрүүчүлөрү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жолдомосу боюнча иштеп берүүгө милдеттүү. Жолдомо боюнча иштөөдөн баш тарткан же үч тараптуу келишим боюнча толук иштебеген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды даярдоо боюнча мамлекеттин чыгымдарынын ордун толтурушат.
27. Ординатурада даярдоонун сапатына билим берүү, илимий-изилдөө уюмдары жана клиникалык база болуп саналган саламаттык сактоо уюму жооптуу болушат.
28. Кесиптик медициналык ассоциациялар дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүүгө адистин, фармацевттин компетенцияларынын каталогун, адистерди даярдоонун талаптарын иштеп чыгуу жолу менен катыша алат; дипломдон кийинки билим берүүнүн деңгээлинде даярдоонун сапатына мониторинг жүргүзүүгө катышат.
29. Билим берүү уюмдары иш айкалыштырып, клиникалык жетекчи катары саламаттык сактоо уюмдарынын врачтарын жана фармацевттерин (провизорлорун) ишке тарта алат.
30. Саламаттык сактоо уюмдары бекитилген бюджеттин чегинде клиникалык жетекчи катарында ординаторлорду практикалык даярдоо үчүн базалык маянага кошумча төлөө жана үстөк акы белгилеши мүмкүн.
31. Ординатурада даярдоодон өтүү мезгили жалпы эмгек стажына кирет.
32. Билим берүү жана илимий-изилдөө уюмдары ординатурада даярдоо мезгилинде ординаторлорду облустук жана райондук деңгээлдеги региондук клиникалык базаларга адисти даярдоо талаптарына ылайык жиберет.
33. Клиникалык база болуп эсептелген саламаттык сактоо уюмдары пациенттерге кеңири жетүүсүн, даярдануу үчүн тиешелүү шарттарды, сапаттуу клиникалык жетекчиликти камсыздашы керек.
34. Дарылоо-профилактикалык ишти жүргүзгөн ординаторлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-майындагы № 246 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында саламаттык сактоо кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө жөнүндө жобого ылайык эмгегине акы алышат.
35. Ординатуранын каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- билим берүү, илимий-изилдөө уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын каражаттары;
- ординатурага контракттык негизде тапшырган жеке жактардын каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
36. Дипломдон кийинки медициналык жана фармацевттик билим берүүнү каржылоонун тартиби билим берүү, илимий-изилдөө уюмдарынын, саламаттык сактоо уюмдарынын ортосунда финансы каражаттарын бөлүштүрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.".