Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 15-августу № 333 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасында калктын негизги социалдык-демографиялык топтору жана бир адам үчүн минимум керектөө бюджетинин көлөмүн эсептөөнүн методикасын бекитүү жөнүндө "Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө" Кыргыз Рес-публикасынын Мыйзамынын
19-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өк-мөтү токтом кылат: 1. Тиркелген Кыргыз Республикасында калктын негизги социалдык-де-мографиялык топтору жана бир адам үчүн минимум керектөө бюджетинин кө-лөмүн эсептөөнүн
методикасы бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине аталганМетодиканын негизинде калктын негизги социалдык-демографиялык топторужана бир адам үчүн минимум керектөө бюджетинин нарктык чоњдугун эсептепчыгуу жана статистикалык жыйнактарга жарыялоо сунушталсын. 3. Кызыкдар мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын КыргызРеспубликасында калктын негизги социалдык-демографиялык топтору жанабир адам үчүн минимум керектөө бюджетинин көлөмүн эсептөөнүн методика-сын андан ары өркүндөтүү боюнча иштерин координациялоо Кыргыз Республи-касынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлсүн. 4 Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 333 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында калктын негизги социалдык-демографиялык топтору жана бир адам үчүн минимум керектөө бюджетинин көлөмүн эсептөөнүн МЕТОДИКАСЫ I. Жалпы жоболор II. Минимум керектөө бюджетин жалпы Кыргыз Республикасы боюнча аныктоо III. Минимум керектөө бюджетинин чоњдугун эсептөөнүн тартиби IV. Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды аныктоо V. Минимум керектөө бюджетинин наркын чоњдугун аныктоо I. Жалпы жоболор Бул Методика Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик минималдуу соци-алдык стандарттар жөнүндө" Мыйзамына (19-статья) жана Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин 2006-жылдын 9-июнундагы N 1088-III токтомуменен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын социалдык-демография-лык топтору үчүн тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдуу ченемдеринеылайык, калктын (жумуш кылганга жарактуу калк, пенсионерлер, балдар)негизги социалдык-демографиялык топтору үчүн минимум керектөө бюджети-нин чоњдугунун наркын адамдардын тамак-аш продуктуларын керектөөлөрүнүнжыныстык-жаш курактык өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен аныктоодо бирдик-түү методологиялык ыкманы камсыз кылуу максатында иштелип чыккан. Методика минимум керектөө бюджетин түзүүнүн жана наркын эсептөөнүнпринциптери менен тартибин камтыйт. Азык-түлүк продуктуларынын минималдуу топтомунун курамы адамдынден соолугун сактоо жана анын жашоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгонтамак-аш продуктуларын керектөөнүн минимум көлөмү боюнча илимий сунуш-тарды эске алуу менен аныкталат. Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдоонунүлүшү кирешеси кеп эмес калктын (2-5 децилдик топтун) керектөө чыгымда-рынын иш жүзүндөгү структурасынын негизинде аныкталат. Калктын негизги социалдык-демографиялык топторуна төмөнкүлөр таан-дык: а) жумушка жарактуу жаштагы адамдар; б) жумушка жараксыз жаштагы адамдар (пенсионерлер); в) 18 жашка чейинки балдар. II. Минимум керектөө бюджетин жалпы Кыргыз Республикасы боюнча аныктоо 2.1. Азык-түлүк продуктуларынын минималдуу тобун түзүү. Эњ төмөнкү керектөө бюджетинде негизги үлүштү азык-түлүк продукту-ларынын минималдуу тобунун баасынын чоњдугу түзөт. Адамдын ден соолугун сактоо жана жашоосун камсыз кылуу үчүн зарылболгон азык-түлүк продуктуларынын минималдуу тобун түзүүдө төмөнкүлөрэске алынат: - организмдин суткадагы физиологиялык керектөөсү; - тамактануунун улуттук өзгөчөлүктөрү; - социалдык жагдайларга байланышкан дарттардын, кургак учуктун,анемиянын, гепатиттин жана ушул сыяктуулардын көбөйүшү; - минералдык заттардын, витаминдердин жана толук жарамдуу белок-тордун оптималдуу камтылышы; - аз чыгаша менен туура тамактанууну уюштурууга мүмкүндүк берүүчүазык-түлүктөрдү тандоо; - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети тарабынанжүргүзүлгөн үй чарбаларды тандап текшерүүнүн маалыматтарынын негизиндеКыргыз Республикасынын калкынын азык-түлүк продуктуларын иш жүзүндө ке-ректөөсү. Минималдуу топко кирген азык-түлүк продуктулары төмөнкүдөй топтор-го бириктирилген: - нан жана нан азыктары; - картөшкө; - жашылчалар жана бакча өсүмдүктөр; - мөмөлөр жана жемиштер; - кант жана кондитердик азыктар; - эт жана эт продуктулары; - балык; - сүт жана сүт продуктулары; - жумуртка; - өсүмдүк майы; - башка азык-түлүктөр. Картөшкө, балык, жумуртка, өсүмдүк майлары азык-түлүк товарларынатамак-аш продуктуларынын минималдуу топтомунда каралган көлөмдө кирги-зилет. Азык-түлүк товарларына топтору боюнча киргизилчү тамак-аш продук-тулары: жашылча-жемиштер, эт жана эт продуктулар биринчи керектелүүчүтамак-аш продуктуларынын ар кандай түрлөрүнөн турат жана ар бир тие-шелүү группада тамак-аштын жалпы санын алуу үчүн суммаланышат. Азык-түлүк товарларына группага кирген нан продуктуларын, кантты,кондитердик азыктарды, мөмө-жемиштерди, сүт жана сүт азыктарын кошконучурда группага кирген продуктуларды керектөөнүн көлөмү айлантып эсеп-төө коэффициентин пайдалануу менен сырьенун көлөмүнө айлантылат (тиеше-лүү түрдө ун, кант, жањы мөмө-жемиштер жана сүт) да анан кошуп эсепте-лет. Азык-түлүктөрдүн иштетилгенден кийинки айрым түрлөрүн баштапкыпродуктуга айлантып эсептөөнүн коэффициенттери төмөндө келтирилген:-----------------------------------------------------------------------| Азык-түлүктөрдүн аталышы | Айлантып эсептөө коэффициенти ||-----------------------------------|---------------------------------||Нан | 0,750 ||-----------------------------------|---------------------------------||Макарондор | 1,025 ||-----------------------------------|---------------------------------||Курага, кургатылган алма, мейиз | 6,000 ||-----------------------------------|---------------------------------||Айран | 1,034 ||-----------------------------------|---------------------------------||Быштак | 3,859 ||-----------------------------------|---------------------------------||Жуулган май | 20,7 ||-----------------------------------|---------------------------------||Каймак | 8,809 |----------------------------------------------------------------------- Азык-түлүк товарларына киргизилчү нан продуктуларын керектөөнүнкөлөмүн эсептөөнүн мисалы Тамак-аш азыктарынын минимум топтомундагы нан азыктарын керектөөнүн көлөмү -----------------------------------------------------------------------| Азык-түлүктөрдүн | Саны, айына кг | Айлантып эсептөө || аталышы | менен | коэффициенти ||----------------------|----------------------|-----------------------||Буурчак | 0,14 | 1,0 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Төөбуурчак | 0,13 | 1,0 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Буудай ун | 0,39 | 1,0 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Күрүч | 0,71 | 1,0 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Буудай акшагы | 0,29 | 1,0 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Буудай нан | 7,05 | 0,75 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Макарон азыктар | 0,48 | 1,025 ||----------------------|----------------------|-----------------------||Жыйынтыгы: нан жана | 7,43 | ||нан азыктары | | |----------------------------------------------------------------------- Азык-түлүк товарларына киргизилген нан азыктарын керектөөнүн көлө-мү: 0,14 x 1,0 + 0,13 x 1,0 + 0,39 х 1,0 + 0,71 х 1,0 + 0,29 х 1,0 +7,05 x 0,75 + 0,48 x 1,025 = 7,43 2.2. Азык-түлүк эмес товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн минимум топтомун түзүү Азык-түлүк эмес товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануугамуктаждык үй чарбаларды текшерүүнүн маалыматтарынын негизинде аныкта-лат. Негиз катары кирешеси көп эмес үй-бүлөлөрдө (2-5-децилдик топтор-до) азык-түлүк эмес товарларды керектөөнүн чыгымдары алынат. Бул үйчарбаларда керектөөгө кеткен чыгымдар эњ аз, демек, азык-түлүк эмес то-варлардан алар биринчи кезекте зарыл болгон буюмдарды гана сатып алы-шат. Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө сарптоолордуниш жүзүндөгү суммасына жана мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жа-раша, минимум керектөө бюджетинде бул максатка жумшалган чыгымдардынтуруктуу белгиленген үлүшү аныкталат. Азык-түлүк эмес товарларга жеке пайдалануудагы товарлар (кийим-ке-че, бут кийим, балдар үчүн мектеп товарлары) жана жалпы үй-бүлө пайда-лануучу товарлар (шейшептер, биринчи кезекте пайдаланылуучу буюмдар,санитариянын буюмдары жана дары-дармектер, маданий-тиричилик жана чар-балык арналыштагы товарлар, отун кирет). Турмуш-тиричиликти камсыз кылуу үчүн зарыл кызмат көрсөтүүлөрдүнкурамына турак жай-коммуналдык, маданий-агартуучу, тиричилик жактантейлөөлөр, билим берүү, саламаттык сактоо, санаторийлик дарылоо кызмат-тары, транспорттун, байланыштын кызмат көрсөтүүлөрү, мектепке чейинкибилим берүү кызматтары кирет. Минимум керектөө бюджетинин чоњдугунун наркы квартал сайын атайынукуктуу мамлекеттик статистика органы тараптан эсептелип турат. Эсеп-төөнүн жыйынтыктарын жалпыланган таблица түрүндө Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитети тиешелүү мамлекеттик органдарга жана меке-мелерге отчеттук кварталдан кийинки айдын 15-күнүнөн кечиктирбей беретжана статистикалык жыйнактарга жарыялайт. III. Минимум керектөө бюджетинин чоњдугун эсептөөнүн тартиби Минимум керектөө бюджетинин чоњдугу минималдуу зарыл азык-түлүкэмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө, милдеттүү төлөмдөргө жана жыйым-дарга чыгымдардын туруктуу белгиленген үлүшүнө чоњойтулган азык-түлүктоварларынын минималдуу топтомдорунун наркынан алынып эсептелет. Азык-түлүк товарларынын наркынын чоњдугун баалоо үчүн сооданынбаардык түрүн эске алуу менен азык-түлүк товарларына болгон орточо ке-ректөө баасы пайдаланылат. Айрым учурларда ыкчам маалымат берүү үчүнкеректөө баасынын индекстери пайдаланылат. Республиканын ар башка региондорунун калкынын айрым социалдык-де-мографиялык топтору үчүн азык-түлүк товарларынын минималдуу топтомунуннаркы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тараптан иш-телип чыгылган тамак-аш азыктарын пайдалануунун минималдуу нормасын об-лустук борборлордогу жана республиканын борборундагы сооданын баардыкчөйрөлөрүндө болгон орточо баага төмөнкү формула боюнча көбөйтүү жолуменен эсептелет: АТН = E Pi Qin, мында АТН - азык-түлүк товарларынын наркы; Pi - i тамак-аш продуктусуна коюлган орточо баа; Qin - жыныстык-жаш курактык же социалдык топто i тамак-аш азыкта-рын пайдалануунун минималдуу нормасы. Азык-түлүк эмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө, милдеттүү төлөм-дөргө жана жыйымдарга чыгымдардын наркы минимум керектөө бюджетинде булстатьяларга чыгымдардын туруктуу белгиленген үлүшүнүн нарктык туюнтмасыкатары аныкталат. 3.1. Азык-түлүк товарлардын нарктык чоњдугун эсептөөнүн өзгөчөлүктөрү Региондордогу минимум керектөө бюджетинин чоњдугун эсептөөдө бай-коо жүргүзүү мезгилинде конкреттүү товарга баа коюлбаган учурда бул то-вардын түрүнө республика боюнча орточо баа алынат. Азык-түлүк товарларынын топтомуна сезондуу мүнөздөгү тамак-ашазыктары киргизилет, анын структурасына бул же тигил продуктунун сезон-дук керектелишин эске алуу менен айрым түзөтүүлөр киргизилет. "Жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү" тобунда бүткүл жыл бою жашыл-чалардын: капуста, сабиз, кызылча, пияз, сарымсак, кек-сактар, чамгырсыяктуу түрлөрү болот. Минимум керектөө бюджетин эсептөөдө: - помидор, бадырањды июнь-ноябрда керектөөнүн эњ төмөнкү дењгээлибайкоодогу бааларга көбөйтүлөт, декабрдан майга чейинки мезгилде керек-төө нормасы башка жашылчаларга коюлган баалар боюнча бааланат; - июль-ноябрда дарбыз жана коонду керектөөнүн эњ төмөнкү дењгээлибайкоодогу бааларга көбөйтүлөт, декабрдан апрелге чейинки мезгилде ке-ректөө нормасы ашкабактын баасы боюнча, май-июнда башка жашылчаларгакоюлган баалар боюнча бааланат. "Башка жашылчаларга" коюлган баа капуста, сабиз, кызылча, пияз,сарымсак, көк-сактар, чамгыр сыяктуу жашылчалардын орточо баасы катарыалынат. "Мөмөлөр жана жемиштер" тобунда бүткүл жыл бою төмөнкү мөмөлөрдүнтүрлөрү байкалат: алма, жањгак, кургатылган мөмөлөр. Алмурутту пайдала-нуу өлчөмү аны массалык пайдалануу байкалбаган айлардагы алманы пайда-лануу өлчөмүнө кошулат. Июнь-сентябрда абрикосту пайдалануунун эњ төмөнкү дењгээли байкоожүргүзүлүп жаткан баага көбөйтүлөт, калган мезгилде абрикосту пайдала-нуу нормасынын коэффициенти боюнча кургатылган абрикостукуна айлантылатжана кургатылган абрикостун байкоо жүргүзүлүп жаткан баасына көбөйтү-лөт. "Нан жана ун азыктары" тобунда макарон азыктарына коюлуучу баакесме, вермишель, рожки сыяктуу макарон азыктарынын байкоо жүргүзүлгөнтүрлөрү боюнча орточо баа катары алынат. IV. Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө чыгымдарды аныктоо Азык-түлүк эмес товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө кеткен чыгым-дардын наркы азык-түлүк товарлардын баасын Кыргыз Республикасынын Өкмө-тү аныктоочу тартипте белгиленчү минимум керектүү азык-түлүк эмес то-варларга жана кызмат көрсөтүүлөргө жумшалчу чыгымдардын туруктуу белги-ленген үлүшүнө чоњойтуу менен аныкталат. Азык-түлүк эмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө жана салыкка чы-гымдар төмөнкү формулалар боюнча аныкталат: АЭТЧ = (АТН : АТБҮ) х АЭТБҮ РУ = (АТН : АТБҮ) х КҮ СЧ = (АТН : АТБҮ) х СҮ, мында: АЭТЧ - азык-түлүк эмес товарларга жумшалган чыгымдар; КЧ - кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган чыгымдар; СЧ - салыктарга чыгымдар; АТН - азык-түлүк товарлардын наркы; АТБҮ - МКБ структурасындагы азык-түлүк товарлардын туруктуу белги-ленген үлүшү; АЭТБҮ - МКБ структурасындагы азык-түлүк эмес товарлардын туруктуубелгиленген үлүшү; КҮ - МКБ структурасындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн туруктуу белгилен-ген үлүшү; СҮ - МКБ структурасындагы салымын туруктуу белгиленген үлүшү. V. Минимум керектөө бюджетинин наркын чоњдугун аныктоо Кыргыз Республикасынын борбору жана региондору боюнча минимум ке-ректөө бюджетинин чоњдугун эсептөө азык-түлүк товарлардын наркын жанаазык-түлүк эмес товарларга, кызмат көрсөтүүлөргө, салыкка жумшалган чы-гымдардын наркын кошуу жолу менен жүргүзүлөт: МКБ = АТН + АЭТЧ + КЧ + СЧ, мында: МКБ - минимум керектөө бюджетинин чоњдугу; АТН - азык-түлүк товарларынын наркы; АЭТЧ - азык-түлүк эмес товарларга жумшалган чыгымдар; КЧ - кызмат көрсөтүүлөргө жумшалган чыгымдар; СЧ - салыкка жумшалган чыгымдар. Минимум керектөө бюджетинин чоњдугун эсептөө мамлекеттик статисти-канын борбордук органы тараптан жүргүзүлөт.