КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-августундагы № 534 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-августу № 368 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехникалык буюмдарды жүгүртүүнүн эрежесин бекитүү жөнүндө Пиротехникалык буюмдарды сатып алууда жана пайдаланууда калктынкоопсуздугун камсыздоо үчүн шарттарды түзүү, аларды сатууну тартипкесалуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын аймагында жарандык пиротехни-калык буюмдарды жүгүртүүнүн
эрежеси бекитилсин. 2. Төмөнкүлөр белгиленсин: - пиротехникалык буюмдар адистештирилген дүкөндөр аркылуу гана са-тылат; - пиротехникалык буюмдарды пайдаланууга Кыргыз Республикасынынмыйзамдарында аныкталган майрам күндөрдөн башкасында саат 23 кө чейингана уруксат. 3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги кызыкдар министр-ликтер жана ведомстволор менен бирдикте пиротехникалык буюмдарды тара-туу боюнча иштеген юридикалык жактардын жана жеке адамдардын материал-дык-техникалык базасын текшерүү боюнча иш жүргүзсүн. 4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткөкаршы мамлекеттик кызмат башкы башкармалыгына алынып келүүчү пиротехни-калык буюмдардын өрткө опурталдуулук касиеттери улуттук стандарттардынталаптарына ылайыктыгын жана алардын классификациясын аныктоо тапшырыл-сын. 5 Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттерижана администрациялык ведомстволору өздөрүнүн нормативдик укуктук акты-ларын ушул токтомго ылайык келтиришсин. 6. Бул токтом жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет. 7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ич-ки иштер министрлигине тапшырылсын. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев