Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2007-жылдын 24-сентябры № 432
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы N 64, 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу куралды жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жаатындагы ченемдик укуктук базаларды өнүктүрүү максатында "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине жана "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17, 18 жана 20-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-февралындагы N 64 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги чет мамлекеттердин өкмөттөрүнө Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүүнүн ушул токтом менен белгиленген тартиби жөнүндө кабарласын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
Премьер-министри | А. Атамбаев |
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-сентябрындагы № 432 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу курал жана аскердик техниканы транзит алып өтүүнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун максаты үчүн пайдаланылган терминдер төмөнкүдөй маанини билдирет:
курал, аскердик техника - куралдын жана аны согуштук колдонууну камсыздоочу каражаттардын ар кандай түрлөрү, анын ичинде жеткирүү каражаттары, багыттоо, коё берүү, башкаруу системалары, ошондой эле куралдуу күчтөрдү жабдууга арналган башка атайын техникалык каражаттар, ок-дарылар жана алардын компоненттери, запас тетиктер, приборлор жана приборлорду комплектилөөчү нерселер;
транзит - чет мамлекеттерге (чет өлкөлүк жактарга) таандык куралды жана аскердик техниканы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен башталган жана чегинен чыгуу менен бүткөн ар кандай алып өтүү;
жүктү жөнөтүүчү - куралды жана аскердик техниканы ташууга берген жана транспорттук жана товарды коштоочу документтерде жүктү жөнөтүүчү деп аталуучу уюм;
жүктү алуучу - курал жана аскердик техника дарегине баруучу уюм;
ташуучу - куралды жана аскердик техниканы иш жүзүндө ташуучу же курал жана аскердик техника ташылчу транспорт каражаттын пайдаланылышы үчүн жооптуу жак;
транзиттин катышуучулары - өз компетенциясынын чегинде куралга жана аскердик техникага карата аракеттерди жасоочу жүк жөнөтүүчү, жүктү алуучу, ташуучу же алардын ыйгарым укуктуу өкүлү;
аткаруу бийлигинин компетенттүү органдары - тышкы иштер, улуттук коопсуздук, мамлекеттик чек араны коргоо маселелерин тескеген, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар;
физикалык сактоо - диверсияларды же куралды жана аскердик техниканы уурдоону болтурбоо боюнча уюштуруу иш-чараларынын, инженердик-техникалык каражаттардын жана аткаруучу бийликтин органдарынын подразделениелеринин аракеттеринин кошундусу.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
II. Куралды жана аскердик техниканы транзиттөөнү уюштуруу жана ишке ашыруу
3. Курал жана аскердик техника Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө чек аралык, бажылык контролго, ал эми зарыл болсо ташылып жаткан жүктүн транзиттин катышуучулары берген документтерге ылайыктыгын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык аткаруучу бийликтин компетенттүү органдары тараптан контролдоонун башка түрлөрүнө жана тариздөөгө алынууга тийиш.
Курал жана аскердик техника ташыган аба кемелеринин Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу Кыргыз Республикасынын аймагында конбостон транзит учуп өтүүсүнө тыюу салынат.
4. Куралды жана аскердик техниканы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөө Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аткаруучу бийликтин компетенттүү органдары менен макулдашылган уруксаты болгондо гана ишке ашырылат. Мында уруксатты макулдашуу мөөнөтү бардык керектүү документтер менен арыз берилген күндөн тартып 30 (отуз) күндөн ашпоого тийиш.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Куралды жана аскердик техниканы транзиттөөгө уруксат транзиттин катышуучусуна ушул Жобонун тиркемесине ылайык берилет.
6. Куралды жана аскердик техниканы транзиттөөгө арыз Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине төмөнкүдөй документтерди жана маалыматтарды тапшыруу менен берилет:
а) юридикалык жак катары арыз ээсинин мамлекеттик каттоого турганы жөнүндө күбөлүктүн ырасталган көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/расмий тилдердеги котормосу менен;
б) арыз ээсинин мамлекетинин мыйзамдарына ылайык куралды жана аскердик техниканы алып өтүүгө байланышкан иштин түрүн жүзөгө ашырууга документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик/расмий тилдердеги котормосу менен;
в) жүктүн касиеттери, ташуунун максаты, куралдын жана аскердик техниканын саны жана упаковкасы, ташуунун датасы жана ыкмасы, жүрүү маршруту.
(*) Текст түп нускага ылайык берилди.
г) куралды жана аскердик техниканы экспорттоого/импорттоого уруксаттын (лицензиянын) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
д) продукциянын түпкү пайдалануучусу жана түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматты ырастоочу документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
е) тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасынын (ТЭИ ТН) кодун көрсөтүп, продукциялардын номенклатурасын жана көлөмүн тиркөө менен продукцияны жеткирүү жөнүндө контракттын/келишимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү";
ж) адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыянды толук төлөп берүү жөнүндө арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ;
з) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жер үстүндөгү жолдор менен өткөрүлүп жаткан куралды жана аскердик техниканы (коштоо/кароол/адистер) коргоону арыз ээсинин камсыздашын ырастоочу документ.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
6-1. Эгерде чет мамлекеттин мамлекеттик органы транзиттин катышуучусу болсо, ушул Жобонун 6-пунктунун "а" жана "б" пунктчаларында каралган документтерди берүүнүн зарылчылыгы жок.
Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруп берүү транзитине арыз ээсинин мамлекеттик кепилдигин ырастаган документ берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
6-2. Эгерде Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө мамлекеттин мамлекеттик органы аймагынан тышкары турган анын аскердик түзүлүштөрүнүн жашоо-тирчилигин камсыздоо үчүн курал жана аскердик техниканы жана аскердик багыттагы башка продукцияларды ташууда транзиттин катышуучусу болсо:
- ушул Жобонун 6-пунктунун "а", "б" жана "е" пунктчаларында каралган документтерди берүүнүн зарылчылыгы жок;
- куралды жана аскердик техниканы экспорттоого-импорттоого ушул Жобонун 6-пунктунун "г" пунктчасында каралган уруксат (лицензия) болбосо, куралды жана аскердик техниканы киргизүү/чыгаруу үчүн негиз болгон арыз ээсинин өлкөсүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы берген документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
- ушул Жобонун 6-пунктунун "в" пунктчасында каралган продукцияны түпкү пайдалануучу/түпкү пайдалануу жөнүндө маалыматты ырастоочу документ болбосо, ташылуучу куралды жана аскердик техниканы түпкү пайдалануу жана түпкү пайдалануучу жөнүндө маалыматты камтыган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилет;
- тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы боюнча коддорду көрсөтүү менен куралдар жана аскердик техникалар жөнүндө маалыматтар берилет.
Мында адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, Кыргыз Республикасынын объекттерине/курулмаларына/имараттарына келтирилиши мүмкүн болгон зыяндын ордун толук толтуруп берүү транзитине арыз ээсинин кепилдигин ырастаган документ берилет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
7. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(*) Текст түп нускага ылайык берилди.
12. Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөдө куралды жана аскердик техниканы физикалык сактоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
13. Курал жана аскердик техника транзиттелүүчү өткөрүү пункттарынын тизмесин коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Мамлекеттик чек араны коргоо маселелерин тескеген, бажы иши, транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Корутунду жоболор
14. Кыргыз Республикасынын аткаруучу бийлик органдары куралды жана аскердик техниканы Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзиттөөгө байланышкан маселелерди чечүүдө өз ара байланышта иштешет, анын ичинде маалымат алмашуу жолу менен иштешишет.
15. Бул жобо Кыргыз Республикасы катышуучусу болгон, белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык ишке ашырылчу мамлекеттер аралык курал жана аскердик техника ташууну уюштурууга карата колдонулбайт.