КР Өкмөтүнүн
2012-жылдын 20-февралындагы №132 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2007-жылдын 1-октябры № 441
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Баңгизатка
контролдук агенттигинин маселелери
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республи-
касынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын
16-мартындагы №96 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюшту-
руу чаралары жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги жөнүндө
тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттиги өзүнүн
нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
Премьер-министр А.Атамбаев