Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 228 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 15-августундагы № 336 токтому менен бекитилген |
Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо колдонуудагы жер казынасы жөнүндө мыйзамга ылайык иштелип чыкты.
2. Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун мамлекеттик системасын камсыздоону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары - Агенттик) ишке ашырат.
3. Агенттик лицензиар катары жер казынасын пайдаланууну лицензиялоону администрациялайт.
4. Жалпы таралган пайдалуу казындылардын муниципалдык жана жеке менчикте тургандан башка жерлердеги майда кендеринен, ошондой эле жеке издөөчүлөр иштеткен өнөр жайлык эмес майда кендерден башка минералдык сырьенун бардык түрлөрү боюнча кендерди, анын ичинде тузсуз жана термоминералдык сууларды пайдалануунун бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш.
5. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү төмөнкүчө жүргүзүлөт:
- жалпы мамлекеттик маанидеги кендер үчүн - конкурс өткөрүү менен;
- бардык башка объекттер үчүн - түз сүйлөшүүлөр менен;
- жер казынасынын бөлүктөрүн жеке издеп иштетүү үчүн - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда уруксатты каттатуу менен.
Жалпы мамлекеттик маанидеги кендер деп мамлекеттик бюджеттин эсебинен чалгындалган, аларды өнөр-жайлык иштетүү үчүн алгачкы капиталдык салымдын көлөмү АКШнын 50 млн. долларынан ашык болгон ири кендер эсептелинет.
Жалпы мамлекеттик маанидеги кендердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
6. Жалпы мамлекеттик маанидеги кенди иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугун алууга конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен өткөрүлөт. Ар бир объект боюнча өкмөттүк конкурстук комиссия түзүлөт. Конкурска катышууга өтүнмөлөр өкмөттүк конкурстук комиссиянын жумушчу органы болгон Агенттикке берилет. Агенттик конкурсту өткөрүүнүн шарттарын жана тартибин иштеп чыгат жана аларды өкмөттүк конкурстук комиссияга бекитүүгө берет. Конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо чечими анын шарттарына ылайык өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол түзүлөт, ал протокол Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен бекитилет.
Конкурстун жыйынтыгын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругунун негизинде Агенттик конкурстун жеңүүчүсүнө жалпы мамлекеттик маанидеги кендерди геологиялык изилдөө жана иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берет.
7. Бардык башка объекттер боюнча жер казынасын пайдалануу укугун түз сүйлөшүүлөр менен лицензиялоо Кыргыз Республикасынын, чет өлкөлөрдүн юридикалык жактарынын жана жарандарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде Агенттик тарабынан жүргүзүлөт. Чет өлкөлөрдүн юридикалык жактары жана жарандары лицензия алгандан кийин Кыргыз Республикасында өздөрүнүн филиалын, туунду компаниясын, өкүлчүлүгүн же ал өз алдынча аффилирлеген юридикалык жакты каттатат.
8. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет. Өтүнмөдө аны берүүчү жөнүндө, жер казынасын пайдалануунун орду жана түрү боюнча маалыматтар камтылыш керек.
Өтүнмөгө төмөнкүлөр тиркелет:
- юридикалык жактар үчүн уюштуруу документтеринин жана уставынын же жеке адамдар үчүн каттоо документтеринин көчүрмөлөрү;
- уюштуруучулар жөнүндө толук маалымат;
- суралып жаткан объектини капиталдык салымдары, эксплуатациялык чыгымдары жана пайдалары боюнча ирилешкен техникалык-экономикалык эсептөөлөрү менен өздөштүрүү программасы (геологиялык изилдөөгө, пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө, пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого);
- берилген өздөштүрүү программасына ылайык суралып жаткан жер казынасынын объектисинин иштерин каржылоо мүмкүнчүлүгүн далилдөөчү документтер.
Жер астындагы сууларды пайдаланууга лицензия алыш үчүн кошумча мындай документтер тапшырылат:
- скважинаны иштетүүнүн технологиялык схемасы;
- суулар (тузсуз жана минералдуу) идиштерге куюу үчүн жана бальнеологиялык дарылоону уюштуруу үчүн пайдаланыла турган болсо (термоминералдуу) - Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоонун илим-изилдөө институтунун кортундусу.
Документтердин толук комплекти болбосо өтүнмө кабыл алынбайт.
Документтердин толук комплекти тиркелген өтүнмөлөр кабыл алган датасы жана убактысы көрсөтүлүп атайын китепте белгиленет. Агенттиктин лицензия бөлүмүнүн жетекчиси өтүнмөлөрдү кабыл алуудагы атайын китептеги жазууларды күн сайын текшерет, өтүнмөлөрдү кабыл алуу бүткөндүгүн белгилейт жана кол коюп күбөлөндүрөт.
9. Өтүнмөлөрдү кароо жана жер казынасын пайдалануу укугуна түз сүйлөшүүлөр жолу менен лицензия берүү Агенттиктин Жер казынасын пайдалануу маселесин лицензиялоо боюнча комиссиясы тарабынан Арыз ээси менен лицензиянын шарттарын талкуулоо жана макулдашуу аркылуу ишке ашырылат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт. Эки тараптын колу коюлган протокол лицензия берүүгө негиз болот.
Өтүнмөлөрдү кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтү - документтерди тапшырган күндөн кийин бир айлык мөөнөткө чейин.
10. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүдөй шарттарда берилбеши мүмкүн:
а) эгерде өтүнмө берүүчү:
- өзү жөнүндө туура эмес маалыматтарды берсе;
- жер казынасынын объектисин натыйжалуу, техникалык жана экологиялык жактан коопсуз өздөштүрүү үчүн зарыл болгон каржылоо ресурстарына ээ болбосо;
б) эгерде суралган участокко мурда лицензия берилген же башка өтүнмө катталган болсо.
Жер казынасын пайдалануу укугу берилбөө жөнүндөгү чечимди Жер казынасын пайдаланууну маселеси боюнча комиссия кабыл алат жана протокол түзөт. Протоколдун көчүрмөсү өтүнмөнүн ээсине 5 иш күндөн ашпаган мөөнөттө жиберилет.
Өтүнмө ээсине берүүдөн а) пунктчада көрсөтүлгөн себептер боюнча баш тартылган жер казынасынын объектисин пайдалануу укугуна кийинки өтүнмө тийиштүү кемчиликтер жоюлгандан кийин кабыл алынат.
Лицензиянын жана лицензиялык макулдашуунун формасын Агенттик аныктайт.
11. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объектилери боюнча өкмөттүк конкурстук комиссиянын конкурстун жыйынтыгы жөнүндө чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткенден кийин, жана тараптар жер казынасын пайдалануудагы бардык башка объектилер боюнча сүйлөшүүлөрүнүн протоколуна кол коюшкандан кийин лицензиар менен лицензиаттын ортосунда лицензиялык объектидеги жумуштарды долбоорлоого (жер казынасын геологиялык изилдөөгө, пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө, пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого) лицензиялык макулдашуу түзүлөт. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ансыз лицензия жараксыз болот.
12. Лицензия жана долбоор түзүүгө лицензиялык макулдашуу алынгандан кийин лицензиат лицензиялык макулдашууда айтылган мөөнөттө Агенттике тийиштүү жумуштарды жүргүзүүгө техникалык долбоорду техникалык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жагындагы экспертизалык кортундулары менен, ошондой эле жер казынасын пайдалануу үчүн жер участогун убактылуу пайдалануу укугуна күбөлүктү же геологиялык изилдөө-чалгындоо жумуштарын жүргүзүүгө жер ээсинин кат жүзүндөгү макулдугун тапшырат. Долбоордун көрсөткүчтөрүнө ылайык лицензиат менен лицензиардын ортосунда жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлөт.
13. Жалпы мамлекеттик маанидеги кендер боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде жана бардык башка объектилер боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн протоколунун негизинде лицензиялык объектиге алфавиттик-номерлик кадастрдык код берилет жана ал лицензияларды каттоо журналына киргизилет, кагаз жана электрондук сактагычтарда лицензиялык иш ачылат.
14. Геологиялык изилдөө үчүн лицензиялык аянттын (геологиялык бөлүндү) чектери 1:100000 масштабдагы топографиялык картага (кадастрдык карта) жана лицензиялык аянттардын электрондук картасына белгиленет. Бурчтук чекиттердин координаттары 1942-жылкы тик бурчтук координаттар системасында көрсөтүлөт жана алар 1000 x 1000 м жөнөкөй ячейканын координаттарына дал келиши керек. Ар бир лицензиялык аянт өзүнүн гана контуру менен чектелет. Лицензиялык аянттын чектери түз сызыктан төмөнкү учурларда айырмаланат:
- мамлекеттик чек ара менен кесилишкенде;
- өзгөчө корулуучу аймактардын чек арасы менен кесилишкенде;
- көлмөлөр (көл, суу сактагыч) менен кесилишкенде.
Геологиялык изилдөөлөр үчүн берилген лицензиялык аянттын өлчөмү (геологиялык бөлүндү) 1000 кв.км ашык болбош керек.
15. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн кендик бөлүндүнүн чектери 1942-жылкы тик бурчтук координаттардын системасында белгиленет. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүү үчүн кен бөлүндүсүнүн бурчтук чекиттеринин координаттары 1:5000 масштабдагы пландар үчүн чени 50 x 50 м жөнөкөй уячанын же 1:2000 масштабдагы пландар үчүн чени 20 x 20 м жөнөкөй уячанын координаттарына дал келиши керек.
16. Эгер лицензиялык аянттын өлчөмү кичине болгондуктан объекттин чектерин кадастрлык картада көрсөтүүгө мүмкүн эмес болсо объект 1:1000 масштабдагы кадастрлык картада алфавиттик-номерлик код менен чекит түрүндө белгиленет жана тийиштүү масштабдагы кошумча кесилме-чаптама түзүлөт.
17. Геологиялык жана кен бөлүндүлөрүнүн акыркы өлчөмдөрү техникалык долбоордун жыйынтыгы менен аныкталат. Бөлүңдүнүн контуру же өлчөмү азайып же көбөйүп өзгөргөн учурда эгер жанаша аянт бош болсо, анда жумуштарды жүргүзүү жөнүндө лицензиялык макулдашууга лицензиар тараптан кошумча талаптарсыз кол коюлат. Эгерде жанаша аянт бош болбосо, өзгөртүүлөр жанаша аянтка лицензиянын ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугу менен гана жана аны менен жаңы лицензиялык макулдашуу түзүлгөндөн кийин гана киргизилет.
Кен байлыктарды казуунун лицензиялык макулдашууда аныкталган көлөмү азайтылган же көбөйтүлгөн учурда кен бөлүндүнүн өлчөмүн Агенттик жер казынасын пайдалануучу менен жаңы лицензиялык макулдашуу түзүп корректировкалашы мүмкүн.
18. Лицензиянын жарактуулук мөөнөтү Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамынын 10-12-статьяларында белгиленген чектерде аныкталат.
19. Лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттары аткарылганда гана узартууга мүмкүн.
Лицензиянын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн жер казынасын пайдалануучу лицензиянын жарактуулук мөөнөтүнүн аякташына эки күндөн эрте эмес жана 15 күндөн кем эмес убакытта лицензиялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышы жөнүндө тиешелүү стандартка ылайык отчет берет.
Берилген материалдар 15 күндүн ичинде Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоо боюнча комиссияда каралат. Бул комиссиянын чечими протокол менен таризделет.
Жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен лицензия жараксыз деп саналат, мындай учурда лицензиялык объектиде иш жүргүзүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган администрациялык жана кылмыштык жоопкерчиликке кириптер кылат.
20. Жер казынасын геологиялык изилдөөгө лицензия төмөнкүдөй маалыматтарды камтыйт:
- алфавиттик-номерлик код, ал бир эле убакта лицензиялык объект боюнча документтин номери жана 1:100000 масштабдагы топографиялык кадастрлык карта болот, алар объектинин кадастрлык катар номерин көрсөтүүчү цифрадан жана тамгалардан турат: "Н" - нефть жана газ үчүн, "С" көмүр үчүн, "М" - асыл металлдардан башка металлдар үчүн, "А" - асыл металлдар жана таштар үчүн, "Т" - металл эместер үчүн, "В" - жер астындагы суулар үчүн жана "Г" - мамлекеттик бюджет эсебинен жүргүзүлүүчү жумуштар үчүн.
Жер казынасын өздөштүрүү стадиясын көрсөтүүчү тамгалар: "П"-издөө, "Р" - чалгындоо, "Е" - пайдалуу казындылардын кендерин эксплуатациялоо;
- жер казынасын пайдалануунун түрү;
- лицензиаттын аты жана реквизиттери;
- лицензиялык объектинин аталышы;
- пайдалуу казындынын түрү;
- объектинин администрациялык орду;
- лицензия берилген дата жана жарактуулук мөөнөтү;
- лицензиянын жарактуулугун узартуу мөөнөтү;
- Агенттиктин мөөрү менен ырасталган колу.
21. Жер казынасын геологиялык изилдөөгө лицензиялык макулдашууда төмөнкүдөй бөлүмдөр боюнча маалыматы болот:
- иштин максаты (долбоордун аталышы);
- геологиялык бөлүндүнүн бурчтук чекиттеринин 1942-жылкы тик бурчтук координаттар системасындагы координаттары жана аянтынын өлчөмү;
- жыл сайынкы инвестициялардын суммасы;
- негизги геологиялык изилдөө жумуштарынын түрлөрүнүн жылдарга бөлүнгөн көлөмү;
- лицензиат тарабынан кайтарылуучу аянттардын же айрым объекттердин мөөнөтү жана өлчөмү;
- геологиялык маалыматтарды өткөрүп берүүнүн шарттары;
- форс-мажордук шарттар;
- лицензиянын ээси жөнүндө маалыматтар, акциянын же уставдык капиталдагы үлүштүн беш жана андан көп пайызына ээ болгон ишкана уюштуруучуларынын тизмеси;
- лицензиялык макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү;
- Агенттиктин директорунун (лицензиардын) жана жер казынасын пайдалануучунун (лицензиаттын) колдору жана мөөрлөрү.
22. Пайдалуу казындылардын кендерин иштетүүгө же пайдалуу казындыларды казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулуштарды курууга жана эксплуатациялоого лицензиялык макулдашууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- иштин максаты (долбоордун аталышы);
- кен жана жер бөлүндүлөрүнүн аянттары жана алардын бурчтук чекиттеринин 1942-жылкы тик бурчтук координаттар системасындагы координаттары;
- тоо бөлүндүсүнүн контурундагы запастардын саны жана категориясы;
- техникалык долбоорго ылайык пайдалуу казындыларды казып алууда жер казынасынан чыгарып алуунун жана минералдык чийки затты кайра иштетүүдө товардык продуктуну технологиялык чыгарып алуунун көрсөткүчтөрү;
- кенди же кендин участогун иштетүүнүн мөөнөтү, пайдалуу казындыларды казып алуунун жылдык көлөмү жана кен иштетүү долбооруна жумшалчу капиталдык салымдар;
- жер казынасын пайдалангандык үчүн салыктар жана төлөмдөр;
- кен казуу иштери менен бузулган айлана-чөйрөнү калыбына келтирүүнүн шарттары;
- форс-мажордук шарттар;
- лицензиялык макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү;
- лицензиянын ээси жөнүндө маалыматтар, акциянын же уставдык капиталдагы үлүштүн беш жана андан көп пайызына ээ болгон ишкана уюштуруучуларынын тизмеси;
- кабарлоо үчүн дарек;
- Агенттиктин директорунун (лицензиардын) жана жер казынасын пайдалануучунун (лицензиаттын) колдору жана мөөрлөрү.
23. Жер астындагы сууларды алууга жана пайдаланууга лицензиялык макулдашууда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- скважинанын же булактын дебити, запастардын саны жана категориясы;
- жер астындагы суунун тиби;
- скважинанын же булактын көзүнүн 1942-жылкы тик бурчтук координаттар системасындагы координаттары;
- жер астындагы сууну пайдалануу максаты;
- скважинанын булактын айланасындагы коргоо зонасынын өлчөмү;
- жер астындагы сууну алуунун макулдашылган көлөмү;
- лицензиялык макулдашуунун жарактуулук мөөнөтү;
- лицензиянын ээси жөнүндө маалыматтар, акциянын же уставдык капиталдагы үлүштүн беш жана андан көп пайызына ээ болгон ишкана уюштуруучуларынын тизмеси;
- форс-мажордук шарттар;
- Агенттиктин директорунун (лицензиардын) жана жер казынасын пайдалануучунун (лицензиаттын) колдору жана мөөрлөрү.
Лицензиялардын бардык түрлөрү боюнча лицензиялык макулдашууларга эки тараптын макулдашуусу менен башка кошумча шарттар да киргизилиши мүмкүн.
24. Жер казынасын пайдаланууга лицензия берилиши үчүн төлөм Агенттиктин өтүнмөнү караганга, экспертизалаганга жана документтерди даярдаганга кетирген каражаттарына жараша аныкталат, бирок эсептик көрсөткүчтүн үч эсе өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
25. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүдөй учурларда үч айлык мөөнөткө чейин токтотула турушу мүмкүн:
- жер казынасы берилген максатына ылайык пайдаланылбаганда;
- лицензиялык келишимдин шарттары бузулганда;
- форс-мажор шарттар пайда болгондо.
26. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөндөгү учурларда лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу) менен токтотулат:
- геологиялык изилдөөлөр аяктаганда, пайдалуу кендердин запастары түгөнгөндө жана (же) ишкана жоюлганда;
- жер казынасын пайдалануудан ыктыярдуу баш тартканда же лицензиянын мөөнөтү бүткөндө;
- жер казынасын өздөштүрүүдө иштегендердин жана калктын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч жараткан, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө орду толгус зыян келтирүүчү жана пайдалуу кендердин запасын коромжулукка учуратуучу технологиялар колдонулганда;
- эгерде лицензиялык келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө жер казынасын, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдар жана жер укугунун ээлери менен макулдашылган ишти жүргүзүүнүн техникалык долбоору берилбегенде;
- эгерде пайдалануучу лицензия алгандан кийин бир жылдан ашык мөөнөттө лицензиялык келишимдин шарттарында каралган көлөмдөрдө жер казынасын өздөштүрүүгө киришпесе.
Лицензиянын жарактуулугун токтото туруу же лицензияны жокко чыгаруу жөнүндө чечим лицензиялык макулдашуунун шарттарын бузуу фактылары айкындалган күндөн тартып бир айдын ичинде лицензиянын аракетин токтото туруунун же лицензияны жокко чыгаруунун себебин жана датасын көрсөтүү менен Жер казынасын пайдаланууга лицензия берүү маселеси боюнча комиссиянын протоколу менен таризделет. Лицензиаттын лицензиялык комиссиянын ишине катышуусу милдеттүү эмес. Жер казынасын пайдалануучуга протоколдун көчүрмөсү жиберилет.
(8-абзац КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 629 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 629 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Пайдалуу казындылардын тийиштүү түрлөрүн издөөгө лицензия берилген бир эле аянтта пайдалуу кендердин башка түрлөрүн изилдөө үчүн башка лицензиаттарга лицензиялар берилиши мүмкүн.
Лицензиаттардын өз ара мамилеси лицензиялык макулдашууда аныкталат, ал эми лицензиаттардын ортосундагы талаштар лицензиар тарабынан, ал эми макулдашууга келе алышпаган учурда сот тартибинде чечилет.
28. Лицензиат лицензия боюнча укуктарын башка жер казынасын пайдалануучуларга жарактуу лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо менен лицензиялык объектинин долбоорун ишке ашыруудан бир жыл өткөндөн кийин жана Агенттиктин макулдугу менен лицензия боюнча укуктарын жер казынасынын башка пайдалануучуларына алар колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруусун гарантиялоо менен өткөрүп бере алат.
29. Лицензиат Агенттиктин макулдугу менен геологиялык же Кен долбоорун кошумча каржылоо үчүн жер казынасын пайдалануу укугун (лицензияны) үчүнчү жактарга күрөөгө берүүгө укуктуу. Жер казынасын пайдалануу укугун күрөө катарында берүү Кыргыз Республикасынын "Жер казынасы жөнүндө", "Күрөө жөнүндө" мыйзамдарына жана башка нормативдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
30. Лицензиаттын реквизиттери, укуктук статусу, лицензиялык аянт же кен бөлүндүсүнүн чектери, уюштуруучулардын курамы, ишкананын жетекчиси өзгөрүлгөндө, ошондой эле алгачкы геологиялык маалыматтарга салыштырмалуу лицензиялык объектини өздөштүрүүдөгү жаратылыштык шарттар орчундуу башка экендиги аныкталганда, лицензиаттын тийиштүү ырастоочу документтерди тиркеп берген өтүнмөсү боюнча лицензия кайрадан таризделет жана (же) жаңы лицензиялык макулдашуу түзүлөт.
31. Лицензиялардын жана лицензиялык макулдашуулардын көчүрмөлөрү, анын ичинде жокко чыгарылгандардыкы да Агенттиктин лицензия бөлүмүндө кереги жок болуп калганга чейин сакталат. Лицензиянын жана (же) лицензиялык макулдашуунун түп нускасы жоголгон учурда лицензиат Агенттикке дубликат берүү жөнүндө арыз берет. Лицензиянын жана (же) лицензиялык макулдашуунун дубликатына "Дубликат" деген сөз жазылат. Дубликатты берүү үчүн лицензия алуу үчүн төлөмдүн 50 пайыз өлчөмүндө акы алынат.
Лицензияларды, алардын дубликаттарын бергендик жана лицензияларды кайра тариздегендик үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке кириштелет.