Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-октябрындагы № 607 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын тартипке келтирүү жана өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Указына ылайык Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын (мындан ары - аскердик-техникалык кызматташтык) ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Мурда түзүлгөн контракттар (келишимдер) боюнча аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоого, импорттоого лицензия берүү үчүн зарыл шарт болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү аскердик багыттагы продукцияларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттер укугуна лицензиянын болушу эсептелет. Бул учурда төмөнкүлөр белгиленет:
а) аскердик багыттагы продукцияны Кыргыз Республикасынын аймагынан кайра иштетүүгө алып чыгуу жана убактылуу алып келүү, импорт, экспорт, тапшыруу, лизинг № 1 (берүүгө уруксат берилген өлкөлөр) жана № 2 (берүүгө уруксат кылынган аскердик багыттагы продукция) тизмелерине ылайык ишке ашырылат;
б) өзүлөрүнүн курамында аскерлери жана аскердик түзүлүштөрү бар Кыргыз Республикасынын күч колдонуучу министрликтеринин жана ведомстволорунун (мамлекеттик аткаруу бийлик органдары) муктаждыктары үчүн аскердик жана атайын багыттагы продукцияларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо контракт боюнча (келишим) ишке ашырылат жана жогоруда көрсөтүлгөн министрликтер жана ведомстволор менен макулдашылып, жер-жерлерде кезектеги бажылык оформлениени кезексиз жүргүзүү үчүн негиз катары кызмат кылат;
в) аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуучу уюмдар жана өндүрүүчүлөр үчүн аскердик багыттагы продукцияларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо, экспорттоо аскердик багыттагы өзүлөрүнүн продукциясын өндүрүүдө аскердик багыттагы чет өлкөлүк продукцияны колдонуучуларга карата Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан белгиленген тартипте берилген лицензия боюнча ишке ашырылат;
г) продукцияны техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын күч колдонуучу министрликтери жана ведомстволоруна таандык аскердик багыттагы продукцияларга карата запастык бөлүктөрдү, агрегаттарды, окутуу жана көмөкчү мүлктү убактылуу ташып чыгуу бул министрликтер менен ведомстволордун контрагы (келишими) менен жүргүзүлүп, ал бажы документин толтуруу үчүн негиз болуп саналат;
д) сыноо жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин аймактарында көргөзмөлөргө чыгаруу үчүн аскердик багыттагы продукцияларды убактылуу ташып келүү жана ташып чыгуу Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын чечиминин негизинде түзүлгөн, аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин контрагы (келишими) менен жүргүзүлүп, ал бажы документтерин толтурууга негиз болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул Жобо аскердик багыттагы продукцияларга карата түзүлгөн контракт боюнча экспорттук-импорттук операцияларды лицензиялоо үчүн негиз болуп саналган чечимдерди (корутундуларды) кабыл алууда төмөнкүдөй өзгөчө укуктарды белгилейт, атап айтканда:
- Коргоо министрлиги - чет өлкөлүк заказчыларга (мындан ары № 2 тизме) жана аталган продукцияны берүүгө уруксат кылынган өлкөгө (мындан ары № 1 тизме) аскердик багыттагы продукцияны берүү пландаштырган учурда;
- Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия төмөнкүдөй учурларда:
а) же болбосо аскердик багыттагы продукция № 2 тизмеге киргизилбесе;
б) же болбосо аталган продукцияны берүү уруксат кылынган өлкө № 1 тизмеге киргизилбесе;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети - берилүүгө тийиш болгон аскердик багыттагы продукция жана бул продукцияны берүүгө уруксат кылынган өлкө бир эле учурда № 1, № 2 тийиштүү тизмеге киргизилбесе.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Чет өлкөлүк заказчыларга берүүгө уруксат кылынган аскердик багыттагы продукцияларын жана аскердик багыттагы продукцияны берүүгө уруксат кылынган мамлекеттердин тизмелерин иштеп чыгуу Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссияга жүктөлөт.
Көрсөтүлгөн тизмелердин долбоорлору Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна жиберилет.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Атайын комплектөөчү уюмдарды берүү, көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине катышуучу мамлекеттердин уюмдарынын өндүрүштүк кооперацияларынын чектеринде аскердик багыттагы продукцияларды өндүрүү максатында иштерди жүргүзүү жана кызмат көрсөтүү тийиштүү макулдашуулар менен келишимдерде каралган тартипте Кыргыз Республикасынын уюмдары тарабынан (мындан ары - кыргыз тараптын уюмдары) ишке ашырылат.
6. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин аткаруу максатында, ошондой эле бул заказчылар тарабынан ыйгарым укуктуу чет өлкөлүк заказчылардын же адамдардын (юридикалык жактар, жеке адамдар) расмий кайрылууларынын негизинде аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоо, импорттоо жана реэкспорттоо жөнүндө чечим алар мамлекеттик каттоодон өткөн жерде белгиленген иш аракеттин аталган түрүнө тийиштүү уруксаты бар болгон шартта Коргоо министрлиги аркылуу катталган убакта Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органы кабыл алууга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Аскердик багыттагы продукцияны Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу алып өтүүдө Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарында белгиленген тартипте ылайык бажы документтери толтурулууга тийиш.
Аскердик багыттагы продукцияларды импорттоо жана экспорттоо, бул продукцияларга карата бажы контролун жүргүзүү боюнча бажы документтерин толтурууда негизги шарт көрсөтүлгөн продукцияны ташып келүүгө (ташып чыгууга) Кыргыз Республикасынын аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринде тийиштүү лицензиянын же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү токтомунун болушу негизги шарт болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Ташып келүүгө жана ташып чыгууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башка спецификалык мүлкүнө, курал жаракка, аскердик техникаларга карата бажы документтерин толтуруу жана бажы контролун жүргүзүү үчүн негиз Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссиянын чечими же жогоруда көрсөтүлгөн куралдарды, аскердик техникаларды жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин башка атайын мүлкүн ташып келүү жана ташып чыгуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тийиштүү токтому негиз болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын коргоо таламдарында аскердик багыттагы продукцияларга өзүлөрүнүн импорттук жана экспорттук операцияларын ишке ашырууда иштин көрсөтүлгөн түрүн лицензиялоочу мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органы катарында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги түзүлгөн контракттарга же келишимдерге ылайык аскердик багыттагы продукциянын ташып келүүнү жана ташып чыгууну ишке ашырат.
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин контракттары (келишимдери) импорт жана экспорт режиминде аскердик багыттагы продукцияны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өтүшүндө бажы документтерин толтурууга карата бажы органдары үчүн негиз болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
9. Курал-жарак жана аскердик техника жагынан Кыргыз Республикасынын экспорттук потенциянын тийиштүү деңгээлинде кармоо жана аны кеңейтүү максатында кыргыз тараптын уюмдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, белгиленген тартипке ылайык сатууга арналган аскердик багыттагы продукциялардын көргөзмөлөрүн өткөрүүгө катышат.
Чет мамлекеттерде көргөзмөлөргө жана көрсөтүүлөргө катышуу үчүн куралдардын жана аскердик техниканын үлгүлөрүн убактылуу ташып чыгуу ушул Жободо белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт.
10. Аскердик-техникалык кызматташтык маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлору Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү чечимдеринде башкача каралбаса Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жана АТК боюнча комиссия менен макулдашуу боюнча белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин иштерин координациялоо жана контролдоо берүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү жана аскердик багыттагы продукцияны сатып өткөрүү рынокторун кеңейтүү, атаандаштыкты жоюу жана Кыргыз Республикасына саясий, финансы-экономикалык жана аскердик зыян келүү мүмкүндүгүнө жол бербөө максатында Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия тарабынан ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Аскердик-техникалык кызматташтык субъекттеринин иштерин координациялоо жана контролдоо төмөнкүдөй этаптарда ишке ашырылат:
- чет өлкөлүк заказчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- контракттык документтерди даярдоо, макулдашуу жана кол коюу;
- контракттык документтер боюнча милдеттенмелерди аткаруу.
Чет өлкөлүк заказчылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү этабы чет өлкөлүк өнөктөштөрдү издөөнү, рекламалык-көргөзмө жана маркетинг иштерин, анын ичинде экспортко берүүгө уруксат кылынган аскердик багыттагы продукцияларды көрсөтүүнү, аскердик багыттагы продукциянын тактикалык-техникалык мүнөздөмөсүнө тиешелүү маалыматтарды же аскердик багыттагы продукциялардын үлгүлөрүн түзүү (модернизациялоо) боюнча илимий изилдөө жана тажрыйбалык-конструктордук иштердин негизги параметрлерин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги менен макулдашылган көлөмдө берүүнү, бул продукцияга экспорттук бааны жарыялоону , ниеттенүүлөр жөнүндө протоколдорго кол коюуну камтыйт.
Контракттык документтерди даярдоо жана кол коюу этабы чет өлкөлүк заказчылар менен контракттардын долбоорлорун, ошондой эле аскердик багыттагы продукцияларды иштеп чыгуучу кыргыз тараптын уюмдары жана өндүрүүчүлөр менен келишимдерди даярдоону, экспертизалоону жана макулдашууну камтыйт.
Көрсөтүлгөн контракттар менен келишимдерди ишке ашыруу ушул Жободо белгиленген тартипте тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин гана жүргүзүлөт.
Аскердик-техникалык кызматташтык субъекттери тарабынан түзүлгөн контракттар чет өлкөлүк заказчы сатып алган аскердик-техникалык багыттагы продукцияны арызында көрсөтүлгөн максаттарга гана пайдалануу милдеттенмесин кароого тийиш.
Контракттык документтер боюнча милдттенмелерди аткаруу этабы чет өлкөлүк заказчыга карата милдеттенмелерди аткарууну, чет өлкөлүк заказчы жана аскердик багыттагы продукцияны иштеп чыгуучу кыргыз тараптын уюму жана өндүрүшчүлөрү менен өз ара эсептешүүлөрду жүргүзүүнү камтыйт.
Аскердик-техникалык кызматташтык субъекттери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтомуна ылайык көрсөтүлгөн этаптардын бардыгында аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүшөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Ушул Жободо жана башка нормативдик-укуктук актыларда белгиленген аскердик-техникалык кызматташтыкты жүргүзүү тартибин бузса Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскердик-техникалык кызматташтык субъекттери тийиштүү жоопкерчилик тартат жана Кыргыз Республикасынын аймагында аскердик продукцияларга, иштерге жана кызмат көрсөтүүлөргө карата тышкы соода иштерин жүргүзүү укугунан аскердик-техникалык кызматташтык субъекттерди ажыратууга негиз болуп саналат.
14. Бул Жободо аскердик багыттагы продукциялар менен кызмат көрсөтүүлөргө карата иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу мамлекеттик таламдардын өзгөчө укугу болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ушул токтом менен бекитилген Жоболордун талаптарына ылайык аскердик-техникалык кызматташтык субъекттер тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Бул Жободо Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги куралдарга, аскердик техникаларга жана кош багыттагы продукцияларга, ядролук жана ядролук эмес атайын материалдарга, массалык жок кылуучу куралдарды түзүүдө колдонулушу мүмкүн болгон сырьелордун айрым түрлөрүнө, материалдарга, жабдууларга, техникалык маалыматтарга жана кызмат көрсөтүүлөргө же аларды жеткирүүнүн ар кандай каражаттарына карата Кыргыз Республикасында экспорттук контролду камсыз кылуучу республикалык аткаруу бийлик органы болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомунун редакциясына ылайык)