Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2000-жылдын 3-октябры № 607
Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ишке ашыруу тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын Чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашырууну жана өнүктүрүүнү тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" 2000-жылдын 23-январындагы Указын жана "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2000-жылдын 25-июлундагы Мыйзамын аткаруу аскердик-техникалык кызматташтыктын катышуучуларынын иштери жана аларга мамлекеттик укуктук колдоо көрсөтүүнү камсыз кылуу үчүн тийиштуү нормативдик укуктук базаны түзүү, аларды контролдоо системасын уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1999-жылдын 25-августундагы Макулдашууну ишке ашырууну камсыз кылуучу, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясы менен аскердик-техникалык кызматташтыгынын Программасынын долбоорун 10 күндүк мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Россия Федерациясынын тиешелүү министрликтери жана ведомстволору менен аскердик-техникалык кызматташтыктын маселелери жана аскердик-техникалык жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашылган, келишимдерге, контракттарга жана ведомстволук мүнөздөгү башка макулдашууларга кол коюуга уруксат берилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Аскердик багыттагы продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, курал-жарактарга, аскер техникасына карата экспорттук контроль, ошондой эле илимий-техникалык маалыматтар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжалары, анын ичинде аскердик багыттагы продукция болуп эсептелүүчү аларга (интеллектуалдык менчик) өзгөчө укук боюнча иштерди лицензиялоо мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык алынып салынды)
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобо;
- Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;
- Аскердик багыттагы продукциялар маселеси боюнча чет өлкөлүк заказчылардын кайрылууларын Кыргыз Республикасында кароонун тартиби жөнүндө жобо.
(КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгы боюнча Комиссия төмөнкүлөрдү бир айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин:
- аскердик багыттагы продукцияларды берүүгө уруксат кылынган өлкөлөрдүн тизмесин (N 1 тизме);
- чет мамлекеттерге берүүгө уруксат кылынган аскердик багыттагы продукциялардын тизмеси (N 2 тизме);
- (КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 4-майындагы № 330 токтомунун редакциясына ылайык алынып салынды)
6. "Кыргызтелеком" акционердик коомуна эл аралык трафикти болушунча кое берүү боюнча "Инфотел" жабык акционердик коому менен оператордук макулдашууга кол коюу сунуш кылынсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Аскердик багыттагы продукцияларды, продукцияларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу боюнча иш-аракеттерди лицензиялоо маселелерине тиешелүү ушул токтомдун нормалары "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзамы кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кире тургандыгы белгиленсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Аппаратынын коргоо иштери жана укук коргоо органдары боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | А. Муралиев |