Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 19-октябры № 478                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ           "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого            инвестициялык конкурс өткөрүүнүн шарттары жана                тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу       (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 397                   токтомунун редакциясына ылайык)       "Кыргыз Республикасындагы  инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республи-касынын Мыйзамына,  Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-де-кабрындагы № 832 "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого ин-вестициялык конкурс  өткөрүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республи-касынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:     - "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялыкконкурс өткөрүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жобо;     - "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого инвестициялыкконкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык конкурстук комиссиянын кура-мы (мындан ары - Конкурстук комиссия).     2.Конкурстук  комиссия  2008-жылдын  1-октябрына чейинки мөөнөттөбелгиленген тартипте "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоогоинвестициялык конкурс  өткөрсүн жана анын жыйынтыгын Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө билдирсин.(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-июлундагы № 397 токтомунун редакциясына ылайык)        3. Кыргыз  Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министр-лигинин Жарандык  авиация  департаменти,  "Манас"  эл аралык аэропорту"ачык акционердик  коому  (макулдашуу  боюнча),  Ысыккөл  облусунун жанаЫсыккөл районунун мамлекеттик администрациялары инвестициялык конкурскакатышууга кызыкдар инвесторлорго "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун рекон-струкциялоо долбоорун ишке ашырууга тийиштүү зарыл маалыматтарды бериш-син.     4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын  курулуш,  транспорт  жана коммуникациялар бөлүмүнөжүктөлсүн.       Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           А.Атамбаев                                         Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн                                          2007-жылдын 19-октябрындагы                                              № 478 токтому менен                                                  бекитилген           "Ысык-Көл" эл аралык аэропортун реконструкциялоого       инвестициялык конкурс өткөрүү боюнча ведомстволор аралык                     конкурстук комиссиянын курамы                        (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн           2007-жылдын 29-декабрындагы № 630 токтомунун,            2008-жылдын 23-июлундагы № 397 токтомунун                         редакциясына ылайык)      Бакиров С.К.    - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башка-                       руу боюнча мамлекеттик комитетинин  статс-катчы-                       сы, комиссиянын төрагасы;     Маматалиев А.М. - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуника-                       циялар  министринин  орун  басары,   комиссиянын                       төрагасынын орун басары катары;                           Комиссия мүчөлөрү:      Сыдыков Б.У.    - "Манас" эл аралык  аэропорту"  ачык  акционердик                       коомунун президенти (макулдашуу боюнча);     Муканбетов А.М. - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башка-                       руу  боюнча  мамлекеттик комитетинин сратегиялык                       объекттерди өнүктүрүү жана  менчиктештирүү  баш-                       кармалыгынын начальниги;     Аскаров А.Б.    - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуника-                       циялар  министрлигинин Жарандык авиация департа-                       ментинин директору;     Исаков М.А.     - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар минист-                       рлигинин Өзгөчө кырдаалдардын  алдын  алуу  жана                       жоюу боюнча департаментинин директору;     Исаков М.Ж.     - "Манас" эл  аралык  аэропорту"  ачык акционердик                       коомунун Долбоорлор боюнча башкармалыгынын  уюш-                       туруу-техникалык  бөлүмүнүн начальниги (макулда-                       шуу боюнча);     Алышбаев К.К.   - Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрация баш-                       чысынын биринчи орун басары;     Моњолдоров Д.Ч. - Ысыккөл районунун мамлекеттик администрация баш-                       чысынын орун басары;     Неронова Т.И. -   Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Курчап                       турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы  боюнча                       мамлекеттик  агенттиктин мамлекеттик экологиялык                       контроль башкармалыгынын начальнигинин орун  ба-                       сары;     Абарбекова А.М. - Кыргыз Республикасынын  Финансы   министрлигинин                       Реалдуу  секторду каржылоо саясаты башкармалыгы-                       нын инфраструктураны каржылоо бөлүмүнүн башчысы;     Карагулов К.Ж.  - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин                       кызматтык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча башкы                       башкармалыгынын оперуполномоченныйы;     Сазбаков А.З.   - Кыргыз Республикасынын   Экономикалык  өнүктүрүү                       жана соода министрлигинин жардам берүү стратеги-                       ясын  башкаруунун инвестициялык саясат бөлүмүнүн                       башчысы;