Загрузка документа…
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2010-жылдын 8-декабры № 312
Жер бөлүп берүү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө токтому
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 токтомуна ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жер кодексине ылайык, жер участокторун бир категориядан башка категорияга же жерлерди бир түрдөн башка түргө которуу (трансформациялоо) боюнча жер жайгаштыруу иштерин кароонун процессин оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 22-январындагы № 19 «Жерлерди бир категориядан башка категорияга же бир түрдөн башка түргө которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 3-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер участокторун бир категориядан башка категорияга же жерлерди бир түрдөн башка түргө которуунун (трансформациялоонун) тартиби жөнүндө жободо:
24-пункттагы «же жер пайдалануучу» деген сөздөр алып салынсын;
29-пункттагы «жана жер пайдалануучу» деген сөздөр алып салынсын;
35-пункттагы «ургаалдуу пайдалануудагы же алыскы» деген сөздөр алып салынсын;
36-пунктта:
«алыскы жайыттар» деген сөздөр алып салынсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Жайыт жерлерин жердин башка категориясына которууда райондун мамлекеттик администрациясы жайыт жерлерин которуу жөнүндө чечим чыгарат, ал чечим жер-эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин жергиликтүү органына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына белгиленген тартипте жиберилет.»;
38-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
39-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«39. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы берилген материалдар ушул Жобонун нормаларына туура келгенде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун даярдайт, ал милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана жаратылыш ресурстар министрликтери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги менен макулдашуудан өткөрүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте жиберилет.».
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 12-апрелиндеги № 153 токтому;
- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 16-январындагы № 29 «Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 804 токтому.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |