Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 19-августу № 585 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2008-жылдын 25-февралы № 62
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын ветеринария
кызматын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга
карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматынын абалын Европа союзу,
Дүйнөлүк соода уюму жана Эл аралык эпизоотиялык бюронун Кургактагы жа-
ныбарлар боюнча санитардык кодекси белгилеген стандарттарга ылайык кел-
тирүү, ветеринардык тейлөөнү өркүндөтүү жана ветеринардык ишти андан
ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын өнүктү-
рүүнүн 2008-2012-жылдарга карата стратегиялык планы (мындан ары Страте-
гиялык план) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр
жай министрлиги:
- республикалык бюджетте каралган каражаттардын чегинде Стратегия-
лык пландын иш-чараларын каржыласын;
- Стратегиялык пландын белгиленген мөөнөттөрдө аткарылышын камсыз-
дасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-
мөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу
бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри И.Чудинов