Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 19-августу № 585 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 25-февралындагы
№ 62 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын
өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата
СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНЫ
Республикада ветеринария ишинин азыркы учурдагы абалы Кыргыз Рес-
публикасы дагы мүчө болгон Жаныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча
дүйнөлүк уюмдун талаптарынын бир топ параметрлерине ылайык келбейт.
Азыр мамлекеттик ветеринария органдарынын материалдык-техникалык
базасы орчундуу чыњдоону талап кылат. Ветеринардык обьекттерди куруу
дээрлик токтоп калган, атайын ветеринариялык жабдуулар жана техника фи-
зикалык жактан да, моралдык жактан да эскирген.
Ветеринардык диагностикалык лабораториялардын жабдылышы учурдун
талаптарына ылайык келбейт жана изилдөөлөрдү Эл аралык эпизоотиялык бю-
ро сунуш кылган ыкмалар менен жүргүзүүгө мүмкүндүк бербейт.
Ветеринардык кызматты кадрлар менен комплектилөөдө абал татаал.
Киришүү
2007-жылдын башында Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана
кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Мамлекеттик ветеринария департа-
менти расмий чакырган Эл аралык эпизоотиялык бюронун (мындан ары - ЭЭБ)
эксперттери Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызматтын абалына жа-
на ветеринардык иштин уюштурулушуна баалоо жүргүзгөн.
ЭЭБга мүчө өлкөлөрдүн ветеринария кызматтарына баа берүү ЭЭБ жаны-
барлардын ооруларын контролдоо жана ЭЭБнин адамдардын жана жаныбарлар-
дын ден соолуктарын коргоо боюнча талаптарына ылайык келтирүү үчүн жањы
концепциялык ыкма катары Көрүү, Аткаруу жана Стратегия (мындан ары КАС)
боюнча баалоо жүргүзүү үчүн иштеп чыккан методологияга ылайык жүргүзү-
лөт.
ЭЭБнин миссиясынын эксперттери тарабынан республикалык мамлекеттик
ветеринария кызматынын түзүмү өткөн кылымдын ортосундагыдай эле экени
жана мал чарбачылыкты өнүктүрүүнүн азыркы этабында анын натыйжалуу иш-
тешин камсыздай албастыгы белгиленген.
Жаныбарлардын ден соолугун камсыздоо секторунда:
- ветеринардык ишти жөнгө салуучу көз каранды эмес органдын жокту-
гу;
- мамлекеттик ветеринария кызматынын кызматкерлеринин саны аздыгы;
- эпизоотияга каршы иштерди каржылоонун жетишсиздиги;
- ветеринардык ишти уюштуруу боюнча нормативдик укуктук базанын
жетик эместиги;
- жаныбарлардын ылањдарына каршы мамлекеттик ветеринардык көзөмөл
жүргүзүү үчүн конкреттүү механизмдин жоктугу сыяктуу бир топ проблема-
лар аныкталды.
Республиканын ветеринария кызматынын жалпы абалына, анын уюштуруу
түзүмүнө Эл аралык эпизоотиялык бюронун миссиясы тарабынан эл аралык 5
дењгээлдин ичинен 1-дењгээлде деген баа берилген, бул ага мал чарбачы-
лыкта эпизоотиялык бейпилдикти камсыздоо боюнча тапшырылган милдеттерди
аткарууга мүмкүнчүлүк бербейт жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөр
менен соодалык-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүсүнүн талаптарына жооп
бербейт.
Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын өнүктүрүүнүн
2008-2012-жылдарга карата стратегиялык планы (мындан ары - Стратегиялык
план) ЭЭБнын миссиясынын сунушу боюнча, Кыргыз Республикасында ветери-
нария кызматын андан ары өнүктүрүү үчүн комплекстүү жана узак мөөнөттүү
негиз катары иштелип чыккан.
2. Негиздеме
Ветеринария жагындагы изилдөөлөр жана ветеринария чөйрөсүндө тех-
нологияларды өркүндөтүү артыкчылыктуу милдет болуп кала берет. Кыргыз
Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрли-
гинин (мындан ары - Айылсуучарбамин) Мамлекеттик ветеринария департа-
менти (мындан ары - МВД) республикада мамлекеттик ветеринарияны башка-
руунун ыйгарым укуктуу органы болот.
Ветеринардык кызматтардын көрсөтүлүшүн Европа союзунун (ЕС) талап-
тарына, ошондой эле башка эл аралык стандарттарга, анын ичинде ЭЭБнын
Кургактагы жаныбарлардын санитардык кодексинде жана Дүйнөлүк соода ую-
мунун (ДСУ) Санитардык жана фитосанитардык чараларды (СФЧ) колдонуу бо-
юнча макулдашуусунда айтылган стандарттарынын талаптарына жакындаштыруу
Стратегиялык пландын негизи болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 1999-жылы Европа Комиссиясы (ЕЮ ме-
нен кызматташтыкта Азык-түлүк коопсуздугу саясатын иштеп чыккан.
1999-жылдан баштап Европа Комиссиясы тараптан ЕКнын Азык-түлүк коопсуз-
дугу программасынын (ЕК АТКП) алкагында ветеринария кызматын каржылоо
башталган. 2007-жылы каржылоо ЕКнын Бюджеттик Колдоо Программасынын (ЕК
БКП) алкагында улантылды.
ЕК АТКПнын ишинин негизги компоненттеринин бири ветеринардык кыз-
маттарды көрсөтүүдө, жаныбарлардын абалын баалоо системасында европанын
стандарттарына жетишүү максатында Кыргыз республикасынын Өкмөтүнө вете-
ринариялык кызматты өнүктүрүүгө финансылык колдоо көрсөтүү болуп эсеп-
телет.
Ветеринардык иштин уюштурулушун өркүндөтүү жана Кыргыз республика-
сынын ветеринардык кызматын эл аралык 2 же 3-дењгээлге көтөрүү макса-
тында Айылсуучарбамин тарабынан жакынкы 5 жылга карата ушул Стратегия-
лык план түзүлгөн, мында төмөнкүдөй конкреттүү программаларды аткаруу
каралган, алар:
- жаныбарлардын ден соолугун контролдоо;
- мамлекеттик ветеринардык кызматты техникалык инфраструктура ме-
нен камсыздоо;
- каржылоо маселесин чечүү;
- ветеринардык кызматтын түзүмүн өзгөртүү, функциялык подразделе-
ниелердин так максаттарын аныктоо;
- керектүү иштерди тийиштүү мезгилдик алкактарда аткаруу үчүн оп-
тималдуу шарттарды түзүү.
3. Концепциялар
3.1. Ветеринардык кызматтарды көрсөтүүнүн концепциясы
Ветеринардык кызматтарды көрсөтүү концепциясы төмөнкүдөй мурдатан
бар жана жањы түзүлүүчү мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдар ара-
сында көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, алар:
- мамлекеттик ветеринария кызматы;
- жеке ветеринардык практика;
- Кыргыз Республикасынын ветеринария палатасы;
- республикалык ветеринарлар ассоциациясы;
- фермерлердин ассоциациясы;
- керектөөчүлөрдүн ассоциациясы.
Ар бир уюм ветеринария чөйрөсүнө тартылган ар түрдүү кызыкдар та-
раптардын атынан чыгат.
Ар бир уюмду түзүү үчүн негиздеме, ошондой эле өзгөчө тапшырмалар-
ды жана милдеттерди тапшыруу экономикалык жана социалдык принциптерге
негизделет.
3.2. Беш принциптин концепциясы
Жаныбарлардын жашоосуна тийиштүү шарттарды түзүүнүн алкагында Жа-
ныбарлардын ден соолугун коргоо боюнча эл аралык уюмдун "Беш эркиндик"
деген ат менен белгилүү беш принцибине таянуу керек, алар:
- жаныбарлардын тоютка жана таза сууга жеткиликтүүлүгүнүн тийиштүү
режимин камсыздоо;
- жаныбарлардын жашоосу жана чоњоюшу үчүн тийиштүү чөйрөнү камсыз-
доо;
- жаныбарлардын ылањдарын аныктоо, дарылоо, болтурбоо жана конт-
ролдоо;
- жаныбарларды жетиштүү мейкиндик, тийиштүү жай жана жабдуулар ме-
нен камсыздоо;
- жаныбарларды багуу жана дарылоо үчүн шарттарды камсыздоо.
3.3. Ветеринария чөйрөсүндө региондук кызматташуу концепциясы
Ветеринария чөйрөсүндө региондук (Борбордук Азия региону) кызмат-
ташууну жакшыртуунун негизги концепциясы ЭЭБ жана ФАО сыяктуу эл аралык
органдар менен жаныбарлардын ден соолугун сактоо боюнча маселелерде
кызматташууда турат.
Ветеринардык кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжалуу моделин иштеп чы-
гуу үчүн ЕК ЭЭБнын жана ФАОнун техникалык жардам берүү жана ЕКнын эл
аралык стандарттарын киргизүү боюнча тиешелүү иштерди координациялоо,
өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, пландоо, жаныбарлардын ылањдарын монито-
рингдөө жана алдын алуу боюнча региондук координация бөлүмүн түзүү бел-
гиленүүдө.
4. Стратегиялык пландын ыкмалары жана методологиясы
4.1. Иштеп чыгуу процесси
Стратегиялык планды иштеп чыгуунун жүрүшүндө эпизоотиялык жана
эпидемиологиялык маалыматтарды, ветеринария секторундагы подразделение-
лердин жана маанилүү объектилердин иштеринин натыйжаларын чогултуу ар-
кылуу, ошондой эле мамлекеттик жана жеке ветеринарлар менен талкуулоо
аркылуу Кыргыз Республикасындагы эпизоотиялык жана эпидемиологиялык
кырдаал каралды.
Сунуштарды жана методологияны иштеп чыгуу процесси өзүнө ветеринар
адистер менен талкуулоону жана өз ара байланышты камтыды. Артыкчылыктуу
маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууда бардык кызыкдар тараптардын
пикирлери эске алынды.
4.2. Негизги элементтер
Ветеринардык препараттардын сапатына контролдун жетишсиздиги адам-
дардын саламаттыгын сактоо үчүн тобокелди жогорулатат.
Адамдардын антропозооноздук ооруларды жуктуруу даражасы жогорулу-
гу, малдын арасында белгисиз оорулардын тараганы, чектеш мамлекеттерден
республикага жаныбарлардын жугуштуу ылањдарынын өтүшүнө такай коркунуч,
ветеринардык кызматтарды көрсөтүүнүн канааттанарлык эместиги абалды
жакшыртуу үчүн чечүүчү негизги маселелер болуп эсептелет. Ага байланыш-
туу Стратегиялык планда төмөнкү багыттар аныкталды:
- Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарын өркүндөтүү;
- мамлекеттик ветеринария кызматынын түзүмүн жана ишин жакшыртуу;
- жеке ветеринардык кызматтын структурасы жана анын ишмердиги;
- жаныбарлардын ылањдарын аныктоо;
- жаныбарлардын ылањдары жөнүндө кабарлоо;
- жаныбарлардын ылањдары боюнча өзгөчө кырдаал пайда болгондо ишти
пландоо;
- жаныбарлардын ылањдарына пассивдүү байкоо;
- жаныбарлардын ылањдарына активдүү байкоо;
- ветеринардык препараттарды өндүрүү (ташып келүү, ташып чыгуу,
соодалоо) жана контролдоо.
5. Өткөөл мезгилдин стратегиясы
Стратегия республиканын ветеринария кызматын реформалоону көздөйт.
Айылсуучарбамин, МВД донор уюмдардын жардамы менен республиканын
ветеринария кызматын өркүндөтүүгө жана анын материалдык-техникалык ба-
засын чыњдоого жолдорду издөө боюнча ишти улантат.
Ветеринария кызматын реформалоонун ыкмалары ЭЭБнын баалоо миссиясы
сунуш кылган принциптерди билдирет.
5.1. Стратегиянын максаты
Стратегиялык планды иштеп чыгуунун максаты эпизоотиялык, эпидемио-
логиялык иштерди жана лабораториялык тажрыйбаны жүргүзүүдө мамлекеттик
ветеринария кызматынын ролун жогорулатуу болуп эсептелет. Стратегия
Кыргыз Республикасында ветеринардык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу,
техникалык жардамды жана стратегиялык консультацияларды тартуу жана
алуу, ветеринария маселеси боюнча республикалык программаларды коорди-
нациялоо жана шайкеш келтирүү жана ал программалардын натыйжалуулугун
жакшыртуу үчүн, ошондой эле жаныбарлардын ылањдарын контролдоону жана
алдын алууну ишке ашыруу үчүн донорлук ресурстарды мобилизациялоону
камсыздоого арналган.
Мамлекеттик ветеринария кызматынын потенциалын күчтөндүрүү үчүн ал
өзгөртүп уюштурулат, мунун максаты Кыргыз Республикасында адамдардын
жана жаныбарлардын ден соолуктарын сактоо үчүн ветеринардык кызматтарды
рационалдуу көрсөтүү болуп эсептелет.
Стратегиялык демилгелер өзүнө мал чарбасында эпизоотиялык бейпил-
дикти камсыздоо боюнча республикалык потенциалды түзүүнү камтыйт.
5.2. Стратегиянын институттук маселеси
Республикада ветеринардык кызмат көрсөтүү эл аралык стандарттарга
ылайык келбейт.
Республиканын мамлекеттик ветеринардык кызматын реформалоонун мак-
саты эпизоотиялык кырдаалдарды эске алуу менен ветеринардык сервистин
артыкчылыктуу формаларын аныктоо болуп саналат. Стратегиялык план Кыр-
гыз Республикасындагы ветеринардык кызматты күчөтүүнү (стандарттарды
ЭЭБга жана сапат боюнча колдонмого, ветеринардык кызматтарга жана тие-
шелүү республикалык мүмкүнчүлүктөрдү баалоого ылайык келтирүүнү кошкон-
до), мамлекеттик ветеринарияны башкаруучу республикалык органдын ыйга-
рым укуктарын кењейтүүнү карайт.
Стратегиялык планды ишке ашыруу мамлекеттик ветеринардык кызматка
тиешелүү профессионал штат, ветеринардык чөйрөдөгү ыйгарым укук жана
жаныбарлардын ылањын контролдоо жана диагностикалоо үчүн жакшы жабдыл-
ган лаборатория ачууга мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекеттик ветеринардык кызматтын жетекчиси инфекциялык ылањдарды
диагностикалоо боюнча лабораторияларды функционалдык башкаруу укугуна
ээ болот.
5.3. Стратегиянын мыйзамдык маселеси
Мыйзамдык компоненттер республиканын ветеринардык кызматынын мак-
саттарына жетүү үчүн зарыл укуктук базаны иштеп чыгууну камтыйт.
Стратегиялык планда ылањдарды контролдоо жана анын алдын алуу жана
жаныбарлардын саламаттыгын сактоо процессине катышкан ак ниеттүү вете-
ринардык практика маданиятын өнүктүрүү үчүн нормативдик укуктук акты-
ларды (анын ичинде стандарттар жана нормалар) өркүндөтүү каралган.
6. Ветеринардык кызматты реформалоо
боюнча стратегиялык иш-чаралар
6.1. Максаттар
Реформанын максаты - адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугун
сактоону камсыздоо, жаныбарлардын продукттуулугун жогорулатуу.
Башкаруунун так белгиленген ырааттуулугу менен мамлекеттик ветери-
нардык кызматты түзүү.
6.2. Иш-аракеттер
Жогорку сапаттуу жана спецификалык ветеринардык кызматтарды көрсө-
түүнү камсыздоо. Республикалык дењгээлде контролду жүргүзүү үчүн коман-
далык түзүм, төмөн турган түзүмдөр менен мамлекеттик ветеринардык кыз-
маттын борбордук дењгээлинин ортосунда жөнгө салынган тез жана натыйжа-
луу маалымат алмашуу, борбордук дењгээлден төмөн тургандарга чейин кон-
тролдоо механизмдери болушу керек.
Жаныбарлардын саламаттыгы жагында милдеттерди аткаруу, белгиленген
максатка жетүү жана республикадагы ветеринардык кызматтын институттук
потенциалын жакшыртуу үчүн Айылсуучарбамин кийинки беш жылдын ичинде
төмөнкүдөй иш-аракеттерди жасоого тийиш:
- эл аралык талаптарга жана стандарттарга ылайык келтирүү макса-
тында ветеринария маселелери боюнча мыйзамдык, нормативдик укуктук ак-
тыларды кайра кароо;
- мамлекеттик ветеринардык кызматты кайра уюштуруу аркылуу респуб-
ликанын ветеринардык кызматын күчөтүү жана жеке ветеринардык практиканы
өнүктүрүү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүү;
- жеке ветеринардык кызматтардын жогорку сапатын камсыз кылуу жана
көз карандысыз ветеринардык органды түзүү аркылуу жеке ветеринардык иш-
мердикти жөнгө салуу;
- ветеринарларды маалымат алмашуу жана тренингдерди кошкондо ата-
йын курстарда окутуу аркылуу квалификациясын жана кесиптик даярдыгын
жогорулатуу;
- маалымат алмашуу жана коомчулукту кабардар кылуу боюнча иш-чара-
ларды жүргүзүү аркылуу мамлекеттик жана жеке ветеринардык секторлор ор-
тосунда кызматташууну жакшыртуу;
- тиешелүү компьютерлештирилген системаларды ишке киргизүү жолу
менен жаныбарлардын ылањдарына каршы күрөшүү чараларын жакшыртуу (маа-
лымат алмашуу, каттоо жана отчеттуулук үчүн);
- төмөнкүлөрдүн дењгээлин жогорулатуу:
ылањды активдүү изилдөө, ТАО-ЭТин потенциалдуу тобокелдигин анык-
тоо жана эндемиялык инфекциялык ылањдарды локалдаштыруу боюнча кампани-
яларды жүргүзүү аркылуу жаныбарлардын ылањдарынын пайда болушуна карата
даярдык керүүнү жана контролдоону;
мал башынын санынын индикатордук мониторингине жана оорулар боюнча
отчеттуулукка негизделген мамлекеттик көзөмөлдөө системасын ишке ашыруу
жолу менен ылањдарды эрте аныктоону;
ылањдардын пайда болуу жана жайылуу коркунучун талдоо аркылуу эпи-
зоотияга каршы мамлекеттик программалардын жана тамак-аш коопсуздугу
боюнча программалардын натыйжалуулугун жогорулатуу, мында климаттык ин-
дикаторлор жана эпидемиологиялык маалыматтар бириктирилет;
- тобокелдик анализдеринин корутундуларынын негизинде жаныбарлар-
дын ылањдарынын алдын алуу боюнча жылдык улуттук программаны иштеп чы-
гуу;
- төмөнкүлөрдү күчөтүү:
тиешелүү ветеринардык бөлүмдөрдү уюштуруу, эпизоотиялык өзгөчө
кырдаалдарды божомолдоо жана туруктуу өткөрүлүүчү имитациялык машыгуу-
лар аркылуу ветеринардык тез аракеттенүү күчтөрүн;
администрациялык чегараларда жана жолдордо тиешелүү ветеринардык
бөлүмдөрдү кайра уюштуруу жана күчөтүү аркылуу мамлекеттик ветеринардык
контролду;
ветеринардык препараттардын мамлекеттик реестрин түзүү аркылуу ве-
теринардык медициналык препараттарды чыгарууга, импорттоого, экспортто-
ого жана соода кылууга контроль жүргүзүүнү.
7. Каржылоо булактары
Кыргыз Республикасынын ветеринардык кызматын өнүктүрүүнүн
2007-2012-жылдарга карата стратегиялык планын каржылоо республикалык
бюджеттин жана донордук уюмдардын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
7.1. Мамлекеттик колдоо
Антропозооноздук ылањдарга чалдыгууну азайтуу жана республикада
ылањдардын алдын алууну жакшыртуу максатында МВДга республикалык бюд-
жеттен тиешелүү финансылык каражаттарды бөлүү каралган.
7.2. Донорлордун колдоосу
Ветеринардык сектордо Мамлекеттик инвестициялар программасынын иш-
ке ашырууга катышкан негизги донор Дүйнөлүк банк болот.
7.2.1. Дүйнөлүк банк
Азыркы учурда Дүйнөлүк банктын, Айылсуучарбаминдин жана Кыргыз
Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен күч ара-
кеттери менен Канаттуулар тумоосуна каршы күрөшүү боюнча долбоор ишке
ашырылууда. Долбоордун максаты HPAI канаттуулар тумоосун эрте аныктоо
жана ага каршы күрөшүү үчүн потенциалды күчөтүүгө багытталган.
Бул долбоор боюнча вирусология бөлүмдөрүн түзүү үчүн үч ветеринар-
дык лаборатория тандалган. Бишкек, Ош шаарларынын жана Кочкор айылынын
жана Айылсуучарбаминдин А.Дүйшеев атындагы Мал чарба, ветеринария жана
жайыттар институтунун лабораторияларында ремонттук-калыбына келтирүү
иштери жүргүзүлүүдө.
7.2.2. Дүйнөлүк банк (Айыл чарбалык инвестициялар жана кызмат
көрсөтүүлөр долбоору)
Бул долбоордун иштери 2008-жылдын башына пландаштырылган.
Долбоордун алкагында республиканын ветеринардык кызматын күчөтүү,
ветеринардык кызматтарды көрсөтүүнүн жана республиканын региондорунун
биринде бруцеллезго каршы күрөшүүнүн жањы моделин ишке киргизүү маселе-
син кошкондо "жаныбарлардын саламаттыгы" чакан компонентине 3700000 АКШ
долларынан ашуун каражат бөлүнүүдө.
8. Өзгөрүү процесстери
Өнүктүрүүнүн модулдарынын бири өткөөл мезгилде ветеринардык кыз-
маттын, финансылык органдардын, фармацевтика өнөр жайынын, мал чарба
продукциясын чыгаруучулардын, ветеринардык кызматтарды керектөөчүлөрдүн
ж.б. өкүлдөрүнөн турган топту түзүү болуп саналат. Топтун ичинде иштөө-
гө ушул сыяктуу өткөөл мезгилдеги иште тажрыйбасы бар эл аралык кон-
сультанттар мезгил-мезгили менен тартылышы мүмкүн. Топ төмөнкүлөрдү
камтыган иш планды түзөт:
- реформанын максаты;
- максаттарга жетүү жолдору;
- жетүү жолундагы зарыл чаралар;
- чараларды ишке ашыруу үчүн болжолдуу убакыт;
- чараларды ишке ашыруу үчүн жооптуу адамдар.
Иш план бардык өнөктөр менен макулдашууга жана ачык талкууланууга
тийиш. Стратегиялык планды ишке ашыруунун жүрүшүндө топко каржылоочу
агенттиктердин өкүлдөрүн киргизүү жолу менен каржылоонун башка булакта-
рын да издеп табуу керек.
8.1. Мыйзамдык өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу процесси
Ветеринардык кызматты реформалоонун мыйзамдык негизин түзүү инсти-
туттук шарттардын себептери боюнча бир катар проблемаларга дуушар бо-
лот, ошондуктан жањы мыйзамдар боюнча бардык сунуштар ишке тартылган
адамдар тарабынан тиешелүү талдоодон өтүүгө жана тиешелүү мамлекеттик
органдар жана адистер менен кылдат талкууга алынышы керек.
8.2. Институттук өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу процесси
Шашылыш жана аягына чейин ойлонулбаган институттук өзгөрүүлөр ве-
теринардык сектордун ишмердигин толук бузушу мүмкүн, ал түпкү натыйжада
республикадагы эпизоотиялык, ошондой эле жалпы экономикалык кырдаалдын
начарлашына алып келет.
Ошондуктан ветеринардык кызматтын жањы түзүмү жөнүндө бардык су-
нуштар реформага тартылган бардык тараптарда талданышы жана талкууланы-
шы керек. Мамлекеттик ветеринария кызматынын органдары өздөрүнүн негиз-
ги жана кыйла маанилүү функцияларына көњүл топтошу керек. Бул максат
үчүн төмөнкүдөй биринчи кезектеги милдеттерди аткаруу зарыл:
- мамлекеттик жана жеке ветеринардык кызматтын функцияларын тал-
доо;
- кызматтык нускамалар жана башкаруучулук өз ара байланыштар так
аныкталышы жана мамлекеттик жана эл аралык талаптарга жооп бериши ке-
рек;
- контракттык негизде жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүнү жөнгө
салган зарыл мыйзамдык базаны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү менен кошо
Кыргыз Республикасынын ветеринардык мыйзамдарына өзгөрүүлөрдү киргизүү;
- функцияларды талдоо жана аларга байланышкан функцияларды жана
ветеринардык ишмердиктин түрлөрүн категорияларга бөлүү.
9. Натыйжалар
Стратегиялык планды ишке ашыруу мамлекеттик ветеринардык кызматка
өзүнүн милдеттерин эл аралык стандарттардын талаптарына ылайык аткаруу-
га, жөнгө салынуучу, дайыма иштөөчү жеке ветеринардык секторду жана
республикада ветеринардык ишти уюштурууну өркүндөтүүгө жардам бере ал-
ган башка зарыл көмөкчү компоненттерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын
ветеринария кызматын өнүктүрүүнүн
2008-2012-жылдарга
карата стратегиялык планына
тиркеме
Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын
өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата стратегиялык
планын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын
КАРЖЫЛАНЫШЫ
-----------------------------------------------------------------------
| Иш-чаралардын аталышы | Стратегиялык пландын |
| | иш-чараларынын |
| | финансылык булактары |
|------------------------------------|--------------------------------|
| |Болжолдуу | Каржылоо | ЭВС |
| |нарк, US $| булагы |дењ- |
| | | |гээли|
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринария мыйзамдарын кайра карап | |ДБ/Донорлор | 2 |
|чыгуу | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Кыргыз Республикасынын ветеринария | 105300,0|Донорлор | |
|палатасын түзүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Мамлекеттик ветеринария кызматын | 8736850 |Донорлор/ДБ | 1 |
|өзгөртүп түзүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Отчеттуулук стратегиясын өркүндөтүү | 150700 |Донорлор | 1 |
|Жаныбарлардын ылањдарынын отчет- | | | |
|туулугу системасын (ЖЫОС) киргизүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу| 3947180 |Донорлор, КРӨ | 1 |
|кана контролдоо | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Үзгүлтүксүз кесиптик ветеринардык | 128000 |Донорлор | 2 |
|билим берүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|1 жылдын жалпы жыйынтыгы |13068030 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринария мыйзамдарын иштеп чыгуу | |Донорлор | 2 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Кыргыз Республикасынын ветеринария | 66100 |Донорлор | 2 |
|палатасынын ишмердиги | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Мамлекеттик ветеринария кызматын | 3798650 |Донорлор/ДБ | 1 |
|өзгөртүп түзүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|МВДны күчтөндүрүү | 5654495 |Донорлор | 1 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|ВДРБ активдүү көзөмөл бөлүмүн ачуу | 449800 |Донорлор | 1 |
|ELISA лабораториясын орнотуу | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Баштапкы квалификациялоо | 48000 |Донорлор | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Маалымдоо стратегиясын өркүндөтүү | 20000 |Донорлор | 2 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Отчеттуулук Стратегиясын өркүндөтүү | 32000 |Донорлор | 2 |
|(ЖЫОС ишмердиги) | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу| 4594195 |Донорлор, КРӨ | 1 |
|жана контролдоо | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Үзгүлтүксүз кесиптик ветеринардык | 510500 |Донорлор | 2 |
|билим берүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|2 жылдын жалпы жыйынтыгы | 9519245 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринария мыйзамдарын иштеп чыгуу | |МВД | 3 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Кыргыз Республикасынын ветеринария | 45050 |Донорлор/ВП | 3 |
|палатасынын ишмердиги | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|МВДны күчтөндүрүү | 4027600 |Донорлор | 2 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Маалымдоо стратегиясын өркүндөтүү | 3000 |Донорлор | 3 |
|Эркин телефондук линия орнотуу | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ылањдарды анализдөө стратегиясын | 72000 |Донорлор | 1 |
|өркүндөтүү ОАНда АНБЖ (ELISA) | | | |
|киргизүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Отчеттуулук стратегиясын өркүндөтүү | 22750 |Донорлор | 2 |
|(ЖЫОС ишмердиги) | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу| 4588760 |Донорлор, КРӨ | |
|жана контролдоо | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Үзгүлтүксүз кесиптик ветеринардык | 382500 |Донорлор | 3 |
|билим берүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|3 жылдын жалпы жыйынтыгы | 9141660 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринария мыйзамдарын иштеп чыгуу | |МВД | 3 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Кыргыз Республикасынын ветеринария | 8000 |Донорлор | 3 |
|палатасынын ишмердиги | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринардык препараттарды | 72000 |Донорлор | 1 |
|контролдоону жакшыртуу СРВП (SIAMED)| | | |
|киргизүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|ВДРБнын активдүү көзөмөл бөлүмүн | 378320 |Донорлор | 2 |
|өркүндөтүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ылањдарды анализдөө стратегиясын | 24000 |Донорлор | 2 |
|жакшыртуу ОАНда САРБЖ (ELISA) | | | |
|киргизүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Отчеттуулук стратегиясын өркүндөтүү | 12000 |Донорлор | 2 |
|(ЖЫОС ишмердиги) | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу| 4588760 |Донорлор, КРӨ | 2 |
|жана контролдоо | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Үзгүлтүксүз кесиптик ветеринардык | 382500 |Донорлор | 3 |
|билим берүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|4-жылдын жалпы жыйынтыгы | 5465580 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Ветеринария мыйзамдарын иштеп чыгуу | | | 3 |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Кыргыз Республикасынын ветеринария | |ВП | 3 |
|палатасынын ишмердиги | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарларды идентификациялоого | 84000 |Донорлор | |
|даярдык | | | |
|Жаныбарларды көзөмөлдөө жана | | | |
|идентификациялоо системасын (ЖКИС) | | | |
|киргизүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Көндүмдөрдү өркүндөтүү | 68000 |Донорлор | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Жаныбарлардын ылањдарынын алдын алуу| 4588760 |Донорлор, КРӨ | 3 |
|жана контролдоо | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Үзгүлтүксүз кесиптик ветеринардык | 382500 |Донорлор | 3 |
|билим берүү | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|5 жылдын жалпы жыйынтыгы | 5123260 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|5 жылдагы жыйынтык сумма |42317775 | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|А.и. Кыргыз Республикасынын |18000000 | | |
|Өкмөтүнүн катышуу божомолу | | | |
|------------------------------------|----------|---------------|-----|
|Донорлордун каражаты |24137775 | | |
-----------------------------------------------------------------------
2008-жылдын бюджетине карата орто мөөнөттүк божомолго ылайык жаны-
барлардын ылањдарынын алдын алууга жана контролдоого 126,0 млн. сом фи-
нансылык каражат керек. 5 жылга - 630,0 млн. сом же 18,0 млн. АКШ дол-
лары керек.
Эскертүү:
ДБ - Дүйнөлүк банк;
ВП - Ветеринария палатасы;
МВД - Мамлекеттик ветеринария департаменти;
КРӨ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
ВДРБ - Ветеринардык диагностиканын республикалык борбору.