Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 19-августу № 585
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Стратегиялык документтерди Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына шайкеш келтирүүгө инвентаризациялоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 10-майындагы № 209 "Кыргыз Республикасында дан соодасынын эркин жана жеке менчик рыногун өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 7-июлундагы № 433 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздандыруу көзөмөлүн өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-июлундагы № 490 "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 25-февралындагы № 62 "Кыргыз Республикасынын ветеринария кызматын өнүктүрүүнүн 2008-2012-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |