Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-декабрындагы № 803 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №598
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы № 95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 20-мартындагы №95 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын кыргыз бөлүгү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташтыгы боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиялардын (ӨАК) кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясы" позициясындагы "Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министри | И.Чудинов |