Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 9-апрели № 137 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ "2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6 сентябрындагы № 395 токтому менен бекитилген Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө Көмүскө экономика - мамлекеттик негиздерди начарлатуучу көрүнүш.Экономиканын мамлекет тарабынан контролго алынбаган секторунун жогоркудењгээли Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн ту-руктуулугуна коркунуч келтирет. 2006-жыл үчүн Кыргыз РеспубликасынынУлуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча өндүрүш жагынан баалан-ган өлкөдөгү байкоого алынбаган экономиканын өлчөмдөрү айыл чарбасынэсепке албаганда ИДПнын 19,4 пайызын түздү. Эл аралык уюмдардын жанакөз карандысыз эксперттердин изилдөөлөрүнө ылайык өлкөдөгү көмүскө эко-номиканын масштабдары ИДПнын 50 пайызынан жогору. Көмүскө экономика расмий экономика менен биригип кеткен жана аныменен эмгек, материалдык жана финансылык ресурстарды колдонууда атаан-дашат. Мында эсепке алуучу нерсе, бул цифралар ушул чөйрөдөгү иштердинжагдайын толук чагылдырбайт. Жалпысынан Кыргызстанда көмүскө экономика соода, кызмат көрсөтүүжана туризм чөйрөлөрүндө, ошондой эле чакан товардык өндүрүштө бар. Кө-мүскө экономиканын чөйрөсүнө баарынан көбүрөөк ИДПны 30дан 40 пайызгачейин камсыз кылуучу чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү кирет. Акыркы жылдары көмүскө экономиканын таасири өзүнүн катышуусу мененатаандаштыктын тењ эмес шарттарын түзүп, мыйзамдуу бизнести өнүктүрүүүчүн олуттуу тоскоолдук дењгээлине жетти. Мындан тышкары, көмүскө эко-номика өлкөдөгү коррупциянын негизги булактарынын бири болуп калды. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын9-апрелиндеги № 69-б буйругу менен түзүлгөн жумушчу комиссиясы тарабы-нан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентябрындагы № 395токтому менен бекитилген 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында кө-мүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программа жана 2007-2010-жылдар-га Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнчаиш-чаралардын планы иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министр-лиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Кыргыз Республикасындакөмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын негизги көлөмүаткарылган эмес: 2007-жылга пландаштырылган 36 иш-чаралардан 17 иш-чара(48%) аткарылган жана 19 иш-чара (52%) аткарылган эмес. Программанын жана Иш-чаралардын планынын аткарылбагандыгы төмөнкү-лөр менен шартталган. Биринчиден, аткаруунун чектелген мөөнөттөрү. 2007-2010-жылдаргаКыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча планжана программа Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-сентяб-рындагы № 395 токтому менен бекитилген. Ошентип, 2007-жылы аткаруугапландаштырылган чаралар башынан эле аткарылбаган мөөнөттөргө ээ болчу.Көпчүлүк министрликтер жана ведомстволор иш-чараларды оперативдүү атка-рууга даяр эмес болуп чыгышты. Программаны жана Иш-чаралардын планынаткаруу боюнча артыкчылыктуу багыттарды иштеп чыгуу процессинде минист-рликтердин, ведомстволордун, жеке сектордун жана жарандык коомдун ма-кулдашылган катышуусу тийиштүү түрдө жүргүзүлгөн эмес. Экинчиден, Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 6-августундагы № 134"Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруугабайланыштуу мунапыс тууралуу" Мыйзамы күтүлгөн натыйжаны алып келгенжок. Үчүнчүдөн, Иш-чаралардын планы көмүскө экономиканы легалдаштыруубоюнча бардык керектүү аракеттерди камтыбайт. Атап айтканда, Пландатехникалык регламенттерди тездетип иштеп чыгуу жана кабыл алуу аркылууКыргыз Республикасынын "Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө"Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылуу каралган эмес, бул көмүскө экономи-канын масштабдарын кыскартуу боюнча күч-аракеттерде маанилүү түзүүчүсүболуп эсептелет. Ошондой эле, патенттик салык салуу системасын карапчыгуу Планда патенттик негизде иштеп жаткан салык төлөөчүлөрдүн маалы-мат базасын иштеп чыгуу жана жүргүзүү сыяктуу толук эмес чаралар мененкөрсөтүлгөн. Патенттин наркын эсептөө ыкмасынын маселеси жана патенттүшүнүгүнүн так аныктамасы Планга киргизилген эмес. Мындан тышкары, Иш-чаралардын планы жооптуу аткаруучулар жагындатолук иштелген эмес. Мисалы, маалыматтык компанияны жүргүзүү боюнчажооптуу аткаруучуларда, телевидение өлкөнүн ар бир жашоочусу үчүн кө-мүскө экономиканы легалдаштыруунун маанисин көрсөтүүнүн массалык кара-жаттарынын бири катары эсептелген учурда Кыргыз Республикасынын Улуттуктелерадио компаниясы көрсөтүлгөн эмес. Төртүнчүдөн, көмүскө экономиканы легалдаштыруу жана салык төлөөчү-лөрдүн ак ниеттүүлүгү көбүнчө формалдуу бизнестин жагымдуулугун жогору-латууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн, бул мамлекеттик органдарга басым кылууаркылуу коррупцияга каршы күрөшүү жана салык оорчулугун кыскартуунуболжолдойт. Бирок, 2007-жылы Кыргыз Республикасынын Салык кодексининжањы редакциясы кабыл алынган эмес жана ишке киргизилген эмес; КыргызРеспубликасынын Кылмыш-жазык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын"Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө" Мыйзамында "коррупция" аныктамасытак берилген эмес. Ошентип, 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө эконо-миканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планынын жарымынан азы ганааткарылган. Субъективдүү себептердин бири болуп өзүнүн күнүмдүк ишмер-дүүлүгүндө 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономика-ны легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын кыйла артыкчылыктуу депэсептөөгө милдеттүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жанаадминистрациялык ведомстволордун аткаруу тартибинин төмөнкү дењгээлиэсептелет. Объективдүү себептерге аткаруу бийлигинин түзүмүнүн өзгөр-гөндүгү, аталган тармакта адистердин кесиптик даярдыгынын начардыгы жа-на аткаруу мөөнөттөрүнүн чектелгендигин киргизсе болот. Жогоруда белгиленген жагдайлардын субъективдүү жана объективдүүэкендигин таанып Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жанасоода министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апре-линдеги N 69-б буйругу менен түзүлгөн Көмүскө экономиканы легалдаштыруубоюнча жумушчу комиссиянын эксперттик тобун жана жарандык коомдун өкүл-дөрүн тартуу менен Көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралар-дын планын кылдаттык менен иштеп чыгуу зарыл экендигин белгилейт. Жогоруда айтылгандардын негизинде жана көмүскө экономика социал-дык-экономикалык өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизээрин, Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнө коомчулуктун ишенимин кетире тургандыгын жана эконо-миканы туруксуз абалга келтире тургандыгын эске алып Кыргыз Республика-сынын Өкмөтү токтом кылат: 1. 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканылегалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын аткаруунун жүрүшү тууралууКыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигининмаалыматы эске алынсын. 2. Министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялыкведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жана жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республика-сында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча иш-чаралардын планын жү-зөгө ашырууга карата иштери жетишсиз деп табылсын. 3. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги бир айлык мөөнөттө 2007-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында кө-мүскө экономиканы легалдаштыруу боюнча программаны жана 2007-2010-жыл-дарга Кыргыз Республикасында көмүскө экономиканы легалдаштыруу боюнчаиш-чаралардын планын кайра карап жана толуктап иштеп чыксын жана КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин. 4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигине жана Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бө-лүмүнө жүктөлсүн. Премьер-министри И.Чудинов