Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 270 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 24-апрели № 186                КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ            Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын        17-апрелиндеги "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик      согуштун ардагерлерине социалдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча           чаралары жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу тууралуу      Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 17-апрелиндеги №135 "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин соци-алдык колдоо көрсөтүүнүн кошумча  чаралары  жөнүндө" Жарлыгына  ылайыкКыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:     1. Төмөнкүлөргө кошумча бир жолку акчалай пособие берилсин:     - Улуу  Ата  Мекендик  согуштун  майыптарына жана катышуучуларына;1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин  курчоого  алуумезгилинде Ленинград шаарынын ишканаларында,  мекемелеринде жана уюмда-рында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен сыйлан-ган  адамдарга,  жана  "Курчоодогу  Ленинграддын тургуну" белгиси мененсыйланган адамдарга; экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жанаалардын союздаштары түзгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка маж-бурлап кармаган жерлердин мурдагы жашы жетелек туткундарына - 2000  сомөлчөмдө;     - Улуу   Ата   Мекендик   согушта   курман   болгон   жоокерлердинүй-бүлөлөрүнө;  Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында ооруктагы каарманэмгеги жана кынтыксыз аскердик кызмат өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендерижана медалдары менен сыйлангандарга;  Улуу Ата Мекендик согуштун жылда-рында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз  зомбулук  мененмобилизациялоого дуушар болгон жана кийин акталган жарандарга - 500 сомөлчөмдө.     2. 1941-1945-жылдардагы  Улуу  Ата Мекендик согуштун ардагерлеринекошумча бир  жолку акчалай жөлөкпул төлөөнүн тиркелген тартиби бекитил-син.     3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык  өнүктүрүү  минист-рлиги:     - кошумча бир жолку акчалай жөлөкпул төлөөнү  пенсия  берүүчү  ве-домствого  карабастан ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардынжашаган жери боюнча райондук социалдык жактан коргоо органдары  аркылуужүргүзсүн;     - 2008-жылдын 1-августуна карата  Кыргыз  Республикасынын  Финансыминистрлигине облустар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча кошумча бир жол-ку акчалай жөлөкпул төлөө жөнүндө отчет берсин.     4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн төмөндөгү токтомдору күчүн жо-готту деп табылсын.     - 2000-жылдын  14-мартындагы  № 134 "Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2000-жылдын 9-февралындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата  Ме-кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чарала-ры жөнүндө" Указын жүзөгө ашыруу жөнүндө";     - 2000-жылдын   3-апрелиндеги № 179   "Кыргыз  РеспубликасынынӨкмөтүнүн 2000-жылдын 14-мартындагы № 134 "Кыргыз Республикасынын  Пре-зидентинин  2000-жылдын  9-февралындагы  "1941-1945-жылдардагы Улуу АтаМекендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоонун кошумча чара-лары  жөнүндө"  Указын жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" токтомуна өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү жөнүндө";     - 2004-жылдын 31-майындагы № 409 "Кыргыз Республикасынын Президен-тинин 2004-жылдын 5-майындагы № 156 "1941-1945-жылдардагы Улуу  Ата-Ме-кендик согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча ча-ралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу";     - 2005-жылдын  1-апрелиндеги  № 148 "Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2005-жылдын 2-мартындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекен-дик  согуштун ардагерлерин социалдык жактан колдоо боюнча кошумча чара-лар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу";     - 2007-жылдын  4-майындагы №149 "Кыргыз  Республикасынын Президентинин2007-жылдын 2-майындагы "1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик  согуш-тун   ардагерлерин  социалдык  жактан  колдоо  боюнча  кошумча  чараларжөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу".     5. Бул  токтомдун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.          Премьер-министр                              И.Чудинов